Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылган I кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/1
27-ноябрь 2024-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I-сессиясы эсептөөкомиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябырындагы №1 протоколунун негизинде “Кыргыз Республикасынын мыйзамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 29-беренесинде ылайык Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча маселени угуп, Баш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Баш-Дөбө айылдык кеңешин (VII чакырылыштагы) депутаттарынын жашыруун
Добуштарынын негизинде 21(жыйырма бир) добуш алган Баш-Дөбө айылдык кеңешин төрагасы болуп 1961-жылы туулган, улуту кыргыз, билими атайын орто Тагайкулов Мамасабир шайлансын.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылган I кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/2
27-ноябрь 2024-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын орунбасары шайлоо жөнүндө
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I-сессиясы эсептөөкомиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябырындагы №1 протоколунун негизинде “Кыргыз Республикасынын мыйзамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 29-беренесинде ылайык Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын орун басары шайлоо боюнча маселени угуп, Баш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Баш-Дөбө айылдык кеңешин (VIII чакырылыштагы) депутаттарынын жашыруун добуштарынын негизинде 13 (он уч) добуш алган Баш-Дөбө айылдык кеңешин төрагасы орун басары болуп М.Ганиева шайлансын.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылган I кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/3
27-ноябрь 2024-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын шайлоо жөнүндө
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин Боюджет, экономика, инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссия, Агрардык жер суу, курулуш, өнөр жай , айыл чарба жайыт маселери боюнча туруктуу комиссиясы, Администрациялык укук маселелери, мыйзамдуулук, депутаттык этика, гендердик саясат боюнча туруктуу комиссиясы, Социалдык коргоо, билим берүү, маданият,медмцина, балдар жана үй бүлө маселелери жана жаштар спортту өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларын бекитүү боюнча талкуулап,Баш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төмөнкүдөй курамда туруктууу комиссиялары бекитилсин.
- Бюджет, экономика, инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы;
А.Мырзаев, А ураимова, К Темирбаева, М Темиржанова, М Сүйунбай кызы.
— Агрардык жер, суу, курулуш,өнөр жай, айыл чарба жайыт маселери боюнча туруктуу комиссиясы;
С Абдырыхманов, Д Шекеев, Т Алимканов, Б Мамажанов, А Кулботоев.
- Админитрациялык укук, мыйзамдуулук,депутаттык этика, гендердик саясат маселери боюнча туруктуу комиссиясы;
К Султанова, А Турдумаматов, А Бегматова, Д Токтомаматов.
- Социалдык коргоо, билим берүү, маданият,медицина,балдар жана үй-бүлөө,жаштар спортту өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы;
Н Көчкөнбаева,Т Жээнбекова, Ж Абдыкадыров, М Аблазов, Д Абдукадырова.
- Токтомдун аткарылышын көмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы; М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылган I кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/4
27-ноябрь 2024-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагасы, төрайымын шайлоо жөнүндө.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин Боюджет, экономика, инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссия, Агрардык жер суу, курулуш, өнөр жай , айыл чарба жайыт маселери боюнча туруктуу комиссиясы, Администрациялык укук маселелери, мыйзамдуулук, депутаттык этика, гендердик саясат боюнча туруктуу комиссиясы, Социалдык коргоо, билим берүү, маданият,медмцина, балдар жана үй бүлө маселелери жана жаштар спортту өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларын “Кыргыз Республикасынын мыйзамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 29- беренесине ылайык Баш-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагасын шайлоо боюнча маселени угуп, Баш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төмөнкүдөй курамда туруктууу комиссиялары бекитилсин.
- Бюджет, экономика, инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы;
төрагасы А.Мырзаев, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү А ураимова, К Темирбаева, М Темиржанова, М Сүйунбай кызы.
— Агрардык жер, суу, курулуш,өнөр жай, айыл чарба жайыт маселери боюнча туруктуу комиссиясы төрагасы С Абдырыхманов, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Д Шекеев, Т Алимканов, Б Мамажанов, А Кулботоев.
- Админитрациялык укук, мыйзамдуулук,депутаттык этика, гендердик саясат маселери боюнча туруктуу комиссиясы төрайымы К Султанова, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү А Турдумаматов, А Бегматова, Д Токтомаматов.
- Социалдык коргоо, билим берүү, маданият,медицина,балдар жана үй-бүлөө,жаштар спортту өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы төрайымы
Н Көчкөнбаева,Т туруктуу мүчөлөрү Жээнбекова, Ж Абдыкадыров, М Аблазов, Д Абдукадырова.
- Токтомдун аткарылышын көмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы; М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кенешинин VIII-чакырылылыштын I-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 1/9
27.11.2024ж. Өзгөн шаары
2025-2027-жылдар мезгилинде Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын жана иш чара планын бекитүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдар мезгилинде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын жана иш чара планын бекитүү жөнүндө Баш-Дөбө айылдык кеңеши талкуулап, токтом кылат
1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдар мезгилинде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасы жана иш чара планы бекитилсин.
2.2025-2027-жылдар мезгилинде Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын жана иш чара планы боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Саипбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Баш-Дөбө айылдык кенешин төрагасы: М. Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылган I кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/6
27-ноябрь 2024-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кырман жана Кош-коргон айылдарына жарык орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кырман жана Кош-Коргон айылдарын инфраструктурасын көтөрүү багытында аталган айылдарга түнкү жарык орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кызыл-кырман жана Кош-Коргон айылдарын инфраструктурасын көтөрүү багытында аталган айылдарга 2025-жылга түнкү жарык орнотуу үчүн 2035166(эки миллион отуз беш мин жүз алтымыш алты) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнүп берилген акча каражатын мыйзам чегинде пайдалануу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башсычысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы; М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылган I кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/7
27-ноябрь 2024-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш жана Кашка-Терек айылдарына жарык орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш жана Кашка-Терек айылдарын инфраструктурасын көтөрүү багытында аталган айылдарга түнкү жарык орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш жана Кашка-Терек айылдарын инфраструктурасын көтөрүү багытында аталган айылдарга 2025-жылга түнкү жарык орнотуу үчүн 1133716(бир миллион бир отуз үч миң жети жүз он алты) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнүп берилген акча каражатын мыйзам чегинде пайдалануу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башсычысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы; М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылган I кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/8
27-ноябрь 2024-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги бала бакчасыны капиталдуу ремонт өткөрүү жана бала бакчалардан өнөмдөлгөн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мунципалдык менчигиндеги бала бакчасыны капиталдуу ремонт өткөрүү жана бала бакчалардан өнөмдөлгөн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мунципалдык менчигиндеги бала бакчасыны капиталдуу ремонт өткөрүү жана бала бакчалардан өнөмдөлгөн акча каражатын ЖКХ тармагынын өнөмдөлгөн 2221-статьясынан 881.6 (бир миллион беш жүз сексен бирмин алты жүз) сом,2222-статьясынан 1500.0 (бир миллион беш жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
-Билим берүү бөлүмүнүн 2215-статьясына 478.1 (төрт жүз жетимиш сегизмин бир жүз) сом, Ушул эле тармагынын 3111-статьясына 2381.6 (эки миллион үч жүз сексен бирмин алты жүз) сом акча каражаты жумсасын.
2.Бөлүнүп берилген акча каражатын мыйзам чегинде пайдалануу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөдөөнү бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы; М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылган I кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/5
27-ноябрь 2024-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин регламентинин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33- беренесине ылайык Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Баш-Дөбө айылдык кеңешинин Регламенти №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын регламент,депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга малымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы: М.Тагайкулов