Сүйлөм бүтсө…
Бизге өмүрдү берген кезде жараткан,
Баарыбызга бирдей эмес тараткан.
Бири узун, бири кыска, бири орто,
Бирок, бир да эмес экен адашкан.
Жылдар өтөр жүздөн да миңдеген,
Өлүм ак –дейт сүйлөшсөк да ким менен.
Оо адамдар, кандай гана ырахат,
Өлөр күнүм, өлөр сайын билбеген.
Эгер бизге өмүр берсе барабар,
Өлүмүнөн болуп калып кабардар.
Келечекти ойрон кылып таштамак,
Кээ бир, кээ бир ичи бузук адамдар.
Кудай бизге берген кезде өмүрдү,
Ажырат деп чындык менен төгүндү.
Сүйлөм бүтсө, аягына чекит деп,
Кошкон окшойт адилеттүү өлүмдү.
Баары болот
Эч кимге айтылбаган чырлар болот,
Жазылбай калган жакшы ырлар болот.
Жашадым деп тайраңдап жүргөн менен,
Жашабай өтүп кеткен жылдар болот.
Адилетсиз айтылган сырлар болот,
Абийрини жоготкон кыздар болот.
“ашты таттуу кылган туз”-деп келсек да,
Аштын даамын бузган да туздар болот.
Айдын дагы бетинде тагы болот,
Күндүн да түнү болот, таңы болот.
Жаратканым жалгыздыкты сүйгөн эмес,
Ар нерсенин өзүнчө пары болот.
Жемиштин да пышканы камы болот,
Гүлдүн дагы карасы агы болот.
Жаман деген нерселер кээ бир кезде,
Жаның ооруп турганда даары болот.
Турмушта эски болот, жаңы болот,
Чүкөнүн да оң, сол деген жагы болот.
Аралаш, жакшы, жаман, чындык, жалган,
Деги койчу жашоодо баары болот.
Таарынычтар жоголсун
Кечээ күнүсаламдаштың колуң сунуп,
Кайгыргансып негедир улутунуп.
Көөдөнүмдү өрт каптап кеткенсиди,
Коймолжуган көзүңдү карап туруп.
Бүгүн да учураштың колуң сунуп,
Баягыдай бажырайып күлүп туруп.
Көз алдыма заматта келе түштү,
Качанкы калган сүйүүм унутулуп.
Эртең да жолугасың колуң берип,
Эркелей так маңдайдан чыга келип.
Маанайыңдан от жанган көздөрүңдөн,
Мага болгон сүйүүңдү турам сезип.
Жолугушпай калганда кусаланып,
Жок жерден бирөөлөргө ичим тарып,
Калуучумун ичиме каарым батпай,
Карышкырдай ок жеген жараланып.
Капыстан мына турдук кабылышып,
Калганыбыз билинди сагынышып.
Кызганычтын айынан сен экөөбүз,
Кеткен элек жок жерден таарынышып.
Жаратканым кайрадан жолуктуруп,
Жолумда өзүң турсаң колуң сунуп.
Жаратканга миң ирет шүгүр кылып,
Жоошуп турам өзүңө моюн сунуп.
Жоошуп турам өзүңө моюн сунуп,
Жолугуп турган сайын колун сунуп.
Таңкы чолпон жылдыздай жымың этчи,
Таарынчтар жоголсун унутулуп…
Студенттик күндөрүм
Студенттик күндөр келип оюма,
Отурамын Ак-Бууранын боюнда.
Ошко келсем Ак-Буурага ашыгам,
Акым жоктой бир жолукпай коюга.
Жаштык кезде студенттик доорумда,
Жашаганмын Ак-Бууранын боюнда,
Суу алам деп чай кайнаткан чайнекке,
Чайнек агып, сабы калган колумда.
Ак-Бууранын шар акканын билбестен,
Ажырагам чай кайнатчуу чайнектен.
“Агып кетти”- деп айтыштан уялып,
Эч нерсени болуп койдум билмксен.
Буусу чыгып, шарактаган чайнектен,
Рахаттана чай иччүүбүз таң эртең.
“Бул чайнектин чайы даары” –деп коюп,
Ичүүчүбүз башкаларга бербестен.
Жайындасы жамгыр турса төгүлүп,
Жыргачуубуз Ак-Буурага чөмүлүп.
Жамгыр жаап турган кезде Ак-Буура,
Кетүүчү эле жылуу суудай көрүнүп.
Азыр деле Ошко барып турамын,
Барган сайын кайра күчөйт кумарым.
Эргийм дагы, кайра эзилет жүрөгүм,
Эске түшүп студенттик убагым.
Ах чиркин ай студенттик кездерим,
Алтын доорум болуптурсуң сен менин.
Ойлоп көрсөм сезбептирмин таптакыр,
Ошол кезде оомат мага келгенин.
Максатыбыз жалаң окуу болуучу,
Баарыбызга бирдей талап коюлчу.
Каткан нан да калбай калган кездерде,
Курсагыбыз жалаң чайга тоюучу.
Кечелере ыр ырдадык бийледик,
Жарытылуу кийим деле кийбедик.
Салтанаттуу параддардан өтчүбүз,
“Пикет”, “Митинг”-дегендерди билбедик.
Айыл чарба жумушуна барчуубуз,
Пахта терип, сыйлыктарды алчуубуз.
Он күн өтүп бир дем алыш бергенде,
“Банный день” –деп жыргап эле калчуубуз.
Оюн-зоок куручубуз топтолуп,
Оюбузда түк картаю жок болуп.
Азыр мына чалга айландык бүкчүйгөн,
Аттиң мезгил турбайт тура токтолуп.
Көрүп туруп Ак-Бууранын акканын,
Мен мезгилдин тездигин байкадым.
Кайдан келди, качан келди карылык,
Кана менин кырчылдаган жаш чагым.
Жаш кездеги шоктук мына токтоду,
Күлгүн жаштык артка кайтпайт окшоду.
Ушунчалык мезгил өтүп кетсе да ,
Унутулбайт өткөн күндөр Оштогу.
Кээ бир күнү атайылап камынып,
Күндөн тосчу күз айнегим тагынып,
Сапар тартам Ошко карай буулугуп,
Студенттик күндөрүмдү сагынып.