Ad imageAd image

“Өзгөн Нуру” газетасынын тарыхы жөнүндө маалымат:

     Эң алгач “Сталинчи“ деген наам алып, гезит 1934-жылдын 15-июлунда өз тушоосун кескен.

     1936-жылдан 1957-жылдын 7-ноябрына чейин “Ленин жолу” деген ат менен жарык көргөн.

     1957-жылдын 7-ноябрынан 1962-жылдын 22-апрелине чейин “Ленин Туусу” болгон.

     1962-жылдын 1-майынан 1963-жылдын 2-мартына чейин “Эмгек Туусу” аталган.

     1965-жылдын 1-июлунан кайрадан “ Октябрь Туусу” деген ат менен уюшулган.

     1992-жылдын 7-ноябрынан баштап, ушул күнгө чейин “ Өзгөн нуру” аталышында чыгып келет.

     Газета 2010- жылдын июнунан Бишкек шаарындагы  “ММК колдоо борборунун”  басмаканасынан түстүү, 8 беттен  2100 нускада айына эки жолу чыгат.

Басылмага негизинен райондогу мекеме-ишканалар жазылышат. Газета мамлекеттин органы болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзгөн саясатын окурмандарга жеткирет. 

Сыядай өмүрүн короткондор,
изденип иштешкен редакторлор:

1.Султанбеков

2.Байсубанов Турдубай

3.Мамашев Камчыбек

4.Бакирова Разия

5.Тыныбеков Жаныбек

6.Сатыбалдиев Жамшит

7.Мадраимов Тажибай

8.Алдыраков Толтой

9.Орозбаев Мамыт

10.Ажибаев Жолдош

11.Кедеев Бектемир

12.Маметов Расулберди

13.Анашов Жолдошбай

14.Темирбаева Жаркын

15.Анашов Жолдошбай