Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Жолоев Абатбек Идирисович аталган айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүшүнүн ушул жылдын өткөн 10 айынын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берди.
Салык
Жазы айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын 10 айында жергиликтүү бюджетке 13055,0 миң сом план жеткирилген болсо, аткарылганы 19432,0 миң сом болуп, тапшырма 148,8%ды түздү. Анын ичинен: салыктык кирешелерге бардыгы 7184,8 миң сом план жеткирилип, иш жүзүндө 11042,0 миң сомго аткарылып, 153,7% болду. Же болбосо, киреше салыгы 166,7%, бирдиктүү салык 496,1%, милдеттүү патент 351%, патент түрүндө аткарылганы 124,4%, кыймылсыз мүлк салыгы 105,2%, транспорт салыгы 110,1%, там арка салыгы 101,8%, айыл чарба багытындагы жер салыгы 2704%ды түздү.
Салыктык эмес кирешелер план 5870,1 миң сом болсо, аткарылганы 8389,6 миң сом болуп, 142,9% болду.
Айыл чарбасы
2022-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндери өз мөөнөтүндө оруп-жыйналды. Көп жылдык чөптүн 1-2-3-орумунан 2448 тонна, кайрак чөптөн 3945 тонна — баары 6393 тонна топтолду. Ал эми дан эгиндерден буудай 1513 тонна, арпа 1218 тонна баары 2731 тонна, жүгөрү 1999 тонна, шалы 1139 тонна, огород жүгөрү 161 тонна, картошка 608 тонна, жашылча 100 тонна, мөмө 60 тонна жыйналды.
Жергиликтүү бюджеттен аткарылган иштер
Жергиликтүү бюджеттен 3 00 000 сом бөлүнүп, А.Абдыкеримов атындагы орто мектебинин жылытуу системасына жаңы меш курулду. Жергиликтүү бюджеттен 132 000 сом, республикалык бюджеттен 1 647 741 сом, жалпы 2 967 741 сомдук Жазы айылында спорттук аянтча (мини футбол) курулуп, ачылышы болуу алдында турат. Ички демөөрчүлөрдүн эсебинен 35 0000 сомго Жазы айылынын кире беришине арка курулду. Кара-Дыйкан айылынын ҮДТ-№15тин имаратын капиталдык оңдоого жергиликтүү бюджеттен 129 900 сом, республикалык бюджеттен 2576400 сом, жалпысы 2706300 сомго оңдотулуп ишке берилди. №7 Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинин ажатканасы курулуп, ага жергиликтүү бюджеттен 116 982 сом, республикалык бюджеттен 912 788 сом, жалпысы 1 029 770 сом жумшалды. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 418 000 сом жана кызмат акысына 75 000 сом бөлүнүп, Кара-Дыйкан айылынын №7 Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинин жылытуу системасына жаңы меш курулду. Ушул эле мектепке заманбап компьютердик борборду 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 1 200 000 сомго жасап, мугалимдер менен окуучуларга жагымдуу шарт түзүп беришти. Ал эми ашканасын оңдоп-түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 203 850 сом бөлүнүп, 42 000 сомдук муздаткыч алынып берилди.
Кара-Дыйкан айылындагы жаңы медресенин курулушуна 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 250 000 сомдук жардам беришти. Кара-Дыйкан айылына скважинадан баруучу 400 метр суу түтүгүн алмаштырууга жергиликтүү бюджеттен 600 000 сом каржыланды. Ушул эле айылдын А.Айтбаев көчөсүнө асфальт төшөөгө жергиликтүү бюджеттен 1 968 600 сом жумшалды.
Жээренчи айылына скважина курулуп, 650 метр жерге 750 000 “Ас-Сафа” кайрымдуулук коомунан суу түтүгү тартылып, краниктер коюлду. Жээренчи айылына жергиликтүү бюджеттен 150 000 сомдук көпүрө курулду. Ж.Мойдунов атындагы орто мектебине 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 102 000 сомго плита бастырышты. Ал эми 40 жылдык бүтүрүүчүлөр 80 000 сомго парта, стол алып беришти. Ж.Мойдунов атындагы орто мектебине скважина казууга жергиликтүү бюджеттен 126 600 сом, “Ас-Сафа” кайрымдуулук коомунан 430 000 сом, жалпысы 556 600 чыгымдалды. Ушул эле айылдын маданият үйүн капиталдык оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен 320 2000 сом бөлүнүп, азыркы убакта иш жүрүп жатат. Ошондой эле Ж.Мойдунов атындагы орто мектебине Акматовдун үй-бүлөсү 100 000 сомго спорт залды ремонттошсо, Акжоловдун үй-бүлөсү 150 000 сомго компьютердик классты капиталдык ремонттоп, оформления жасап беришти.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы 4 айылдын 300 метр аралыгына жергиликтүү бюджеттен 312 000 сомдук шагыл төшөлүп оңдолду. Кызыл-Дыйкан айылынын Ороз Исаков көчөсүнө 882 км. жергиликтүү бюджеттен 7 млн. 342 миң каралып, 3 млн. берилип, азыркы мезгилде жарандарга жагымдуу шарт түзүлдү.
Жардам
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 26.09.2022-жылдагы №01-14/345 “Өзгөн районундагы улгайган курактагы жарандарга көңүл буруу жана аларга камкордук көрүү үчүн бир айлык жарыялоо жөнүндө” тескемесин аткарып, айыл өкмөтүндө 04.10.2022-жылдагы №331 буйругу чыгып 40 000 сом акча бөлүнүп, аз камсыз болгон жана 80-90 жаштан өткөн карыяларды тактап даректүү барып жардам көрсөтүлдү.
Социалдык маселелер боюнча адистер 392 көмөкпул алуучу үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдары — 1335 балага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, даректүү берүү жагын каралган. Жалпы айыл өкмөт боюнча ДМЧ, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жакыр жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жалпы-614 үй-бүлөлөр СПМС программасына киргизилди. Санарип Аймак аркылуу электрондук маалым каттар берилүүдө. 2022-жылдын 9 ай ичинде арыз кайрылуулардын негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө-26 000 сом, 2 жалгыз бой жаранга-4 000 сом, ден соолугунан мүмкүнчүлүгу чектелген 41 адамга-112 000 сом, 7 кургак учук оорусу менен жабыркап жүргөн адамдарга-14 000 сом, ЧАЭСтин катышуучусунун жесирине -5 000 сом акчалай жардам берилип колдоо көрсөтүлдү, 15 авган согушунун ардагерлерине-15 000 сом, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2 балага мамлекеттик төлөмдөрүн төлөөгө 2000 сом акчалай жардам берилип, күбөлүк алынып берилди, жалпысы — 178 000 сомду түздү.
Өзгөн райондор аралык социалдык өнүгүү жана миграция башкармалыгы тарабынан Кара-Дыйкан айылынын тургуну 1-топтогу майып Тойчубаев Мирланга майыптык араба алынып берилди.
Кышка карата ДМЧ адамдарга жана жакыр 110 үй-бүлөгө ар бирине 500 кг. көмүр таркатылды.
Энелер күнүнө карата иш-чарага катышкан 65 көп балалуу, аз камсыз болгон энелерге 50 000 сомдук белектер тапшырылды.
КРнын социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө иш менен камсыз кылуу максатында 100 000 сомдук каржылоо долбооруна үч үй-бүлө катышты. Алар бирөө тигүүчүлүк, экөө соода — сатык багыты боюнча бизнесин өркүндөтүүгө долбоор жазып, утуп алып үй-бүлөсүнө киреше булагын таап, иш менен камсыз болду.
Тилди өнүктүрүү боюнча
“Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасын бекитүү жөнүндө” буйругунун аткарылышын көзөмөлгө алып, жыл сайын бир айлык жарыяланып, мектептер арасында конкурстар дил баяндар, тил жөнүндө көргөзмөлөр өткөрүлүп келет. Ал эми айыл өкмөттүн деңгээлинде Кара-Дыйкандагы китепкананын, балдар китепканасынын, маданият үйүнүн кызматкерлери менен бирдикте маданият үйүндө тил жөнүндө көргөзмөлөрдү жана конкурс уюштурушуп, дил баяндарды, китептерди окуп берип, кызыктуу өткөрүштү. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектерди беришти.
Тазалык күнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүбоюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 20-сентябрындагы №01-29/271 катын аткарууга алуу максатында Жазы айыл өкмөтүнүн аймагында 30-сентябрында ишембилик уюштуруп, ага 281 жаран катышып, 9,5 тонна таштанды чыгарылып полигонго төгүлүп, ал жерди сүрдүрүлүп тазаланды. Ошондой эле 9,7 га. жер жол жээктери, арыктын ичтери таштандыдан арылып, айыл өкмөтүнүн айланасы борбордук жолдор тазаланды.
Ишке так мамиле
Идентификациядан өткөн 425 бодо малдардын базага киргизилиши жана малдын кыймылын көзөмөлдөөнү эрежеге ылайык так жүргүзүп, мал-жандыгы бар деген маалым кат чыгарып берилүүдө.
Айыл аймакта жылкыларды иденфикациядан өткөрүү үчүн расколдорду куруп,812жылкыны иденфикациядан өткөрүп, 2022-жылдын 1-октябрына карата80% га аткарылды. Жылкылардын, ийри мүйүздүү малдардын жана кой-эчкилердин, үй-канаттуулардын маалымат базаларына киргизилиши көзөмөлгө коюлган. Бирка, чип үчүн 35 000 сом акча каражаты которулуп берилди.
6 сибирь жарасынын чордондору бар, ошол аймактарды текшерип, алар хлор аки таш менен залалсыздандырылды.
Аймак тууралуу
1950-жылдын 2-январында алгач Ильичевка айылдык кеңеши болуп түзүлгөн. Ал эми 1996-жылдын май айынан Жазы айыл өкмөтү аталган. Айыл аймагы: Кара-Дыйкан, Кызыл-Дыйкан, Жээренчи, Жазы айылдарынан турат. Деңиз деңгээлинен – 2570 метр бийиктикте, облустун борборунан 85 км., район борборунан 7 км. аралыкта жайгашкан. Жалпы аянты – 9520 га. 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 3 ФАП, 1 оорукана, 2 аптека, 1 маданият үйү, 1 балдар музыкалык мектеби, 4 орто мектеп, 2 китепкана, 5 балдар бакчасы, 3 спорт зал, 3 мечит жана бир нече мончолор эл үчүн кызмат кылат.
«Жашоо-музыкалык аспап. Аны жакшы чертүү өз колубузда» деп айткан экен улуу ойчулдардын бири. Ошонун сыңары алдына жакшы максаттарды коюп, эл уулу аталган Абатбек Жолоев 1963-жылы 28-декабрда Жалал-Абад шаарында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Өзгөн районуна караштуу «Заргер» совхозунда жумушчу болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. Андан ары Советтик Армиянын катарында жоокердик милдетин аткарды. Билимге умтулган жаш улан адегенде борбор калаабыздагы С.Чокморов атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын, кийин Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
Ошентип, ал 1989-1991-жылдары Энгельс атындагы орто мектепте мугалим болуп жаш муундарга сабак берди. Эмгек жолунда 15 жыл «Кум-Бел» көмүр разрезинде директор болуп иштеди.
2002-2003-жылдары Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, 2012-жылдан бери карай Жазы айылдык кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты болду. Ал эми 2021-жылдын 7-июнунан бери Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы жооптуу кызматында үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Ал айыл жеринин өйдө-ылдыйын жакшы билет. Эл менен жуурулуп, алар менен иштөө тажрыйбасын арттырган. Ошондон улам жетекчилик тизгинди колго алгандан тартып, келечек үчүн үзүрлүү эмгектенип, аймакты өнүктүрүүгө бүт мүмкүнчүлүктөрдү жумшайм деген аруу тилектерди койгон. Андыктан, элет жериндеги ар кыл маселелерди ишке ашырууга салымын кошуп келүүдө. Айыл жеринде чечүүнү талап эткен көйгөй көп. Мындай маселелерди чечүү үчүн изденип иштеп жатат. Эмгектенсең эл баалайт тура. Кыска убакыттын ичинде калк кадырлоосуна арзыды.
Жамаатындагы жаш адистердин көбүнө акыл-насаат айтып, тарбиялап таптаган, иши түшүп келгендердин көбүнө жардамы тийген, сылык-сыпаа, жөндүү сөзү менен көпчүлүктү ынандырып, артынан ээрчите билген, ыгы келсе катаал да боло алган жетекчи. Өзү менен бирге иштеген кызматкерлерине тактыкты, жоопкерчилик талап этет.
Абатбек Жолоев аша турган бийиктиктер, аткара турган көп иштер али алдыда…