Балаты майрамында
Массалык иш — чараны өткөрүүдө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, көзөмөмөлдөө жана жооптуу ошол мекеме–ишкананын жетекчиси болуп саналат. Иш-чараны өткөрүүдө буйрук негизинде бир кишиге дайындалат жана ага өрт коопсуздугу боюнча өрткө каршы кызматынан инструктаж өткөрүлөт. Иш-чара башталардан мурда өрт коопсуздугуна жооптуу менен мекеменин жетекчиси иш-чара өтүүчү жайды бир жолу карап чыгат, кошумча чыгуучу эшиктердин ачык, өрт өчүрүүчү шаймандардын толуктугун, жарактуулугун, электр жабдыктарынын абалы менен таанышат. Кемчилик болсо иш-чара башталганга чейин оңдоп-түзөп чыгышат. Массалык иш-чаралар имаратардын биринчи кабаттарында өткөрүлөт. Подвал жана жогорку кабаттарда өткөрүлбөйт. Маданият үйлөрүндө, клубтарда өтүүчү массалык иш-чаралар курулуш нормаларына ылайык. Ал эми балдар бакчаларында, окуу жайларда, дарылоо мекемелеринде 1 кишиге 0,75 м.кв. жай тиешелүү болуп саналат. Массалык иш-чара учурунда коридорлор, адамдар жүрүүчү чыгуучу жолдор дайыма бош абалда болсун, тоскоолдуктар болбосун. Эшиктер кулпуланбасын жана оңой ачылсын. Тамеки тартууга, ачык от колдонууга тыюу салынат. Мындан сырткары тез күйүүчү жана күйүүчү суюктуктарды сактоого тыюу салынат.
Жаңы жылдык балаты дубалдан, шыптан 1 метрден жакын орнотулбасын. Бөлмөдөн чыгуучу эшиктерге адамдардын кеңири басып жүрүүсүнө тоскоолдук болбосун, бөлмөдө жарык болбосо майрам күндүзү өткөрүлсүн. Балатынын же балаты майрамы өтүп жаткан бөлмөнүн электр жарыгында кыска туташуу (замыкания) байкалса тез арада электр энергиясын өчүрүп, электриктин жардамы менен түзөтүнүз. Түзөтмөйүнчө электр энергиясын колдонбоңуз. Балаты майрамына тез күйүп кетүүчү материалдар колдонулбасын. Баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандары менен камсыздалсын.
Өрт кокустугу чыкса, байкалса тез арада «101»же «102» телефондоруна байланышып, кабарлап коюңуздар. Жаңы жыл эч бир кырсыксыз өтсүн, ар дайым өрт коопсуздук эрежелерине көнул буруңуздар!
А.Арыков, башкармалыктын өрт көзөмөлү боюнча башкы инспектору.