Жаңы жылды жакшы тосолу
Эгерде сиз шаан-шөкөт пиротехникасын жаңы жыл майрамында колдонууну мерчемдеп жатсаңыз, анда төмөнкү маалыматты эстеп калыңыз:
Колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз!
Пиротехникалык буюмдарды сатып алып жатып сертификатынын, мамлекеттик тилдеги нускаманын бардыгын, жарактуулук мөөнөтүн, алардын нускамалары менен таанышыңыз жана көрсөтүлгөн коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл буруңуз.
Фейерверк колдонуу үчүн орунду туура тандаңыз. Эң мыкты жер болуп бул ачык кенен аянт-короо, курулуштар жана бак-дарагы болбогон ачык жер эсептелинет.
Тандалган жерди тыкандык менен карап чыгыңыз. Жакын жерде өрт коркунучу бар обьектилер, автоунаалар, жыгач сарайлар ж.б.у.с. болбошу керек.
Эгерде сиздин корооңуз чакан болсо анда сиз чектелген ассортимент менен негизинен жерге жакын аракет кылган буюмдарды пайдалансаңыз болот, бирок эч качан жогору учкан буюмдар-ракеталар пайдаланылбашы керек.
Жогоруда көрсөтүлгөн петардаларды жана тарс этмелерди турак үйлөрдүн, курулуштардын жанында пайдаланууга таптакыр тыйуу салынат. Алар терезеге же форточкага кирип кетиши мүмкүн. тамбашыга же жыйылган чөптүн үстүнө учуп түшүп, өрттүн себепкери болушу мүмкүн.
Салюттарды пайдалануу учурунда анын үстүнө эңкейип карабаңыз.
Пиротехниканы жабык жайларда, офистерде колдонбоңуз.
Жаш балдарга өз алдынча пиротехникалык буюмдарды аракетке келтирүүгө таштабаңыз.
Суу болгон пиротехникалык буюмдарды жылыткыч приборлордо, жылуулук батареяларында кургатууга болбойт.
Эгерде күйгүзүлгөн петардалар, тарс этмелер жана салюттар атылбаса аны ачпаңыз, тыңшабаңыз жана карабаңыз!
Н.Мудинов,
Өзгөн району боюнча ӨКБнүн
ӨӨжААБнүн башчысы, майор.