2022-жылдын 26-декабрь куну Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын Красный-Маяк айылында көңүл жубатарлык иш чара болуп өттү. Тагыраак айтканда айыл тургундары өздөрүнүн ынтымакчылыгын көргөзүшүп, калктын аярлуу катмарындагы инсанга 3 бөлмөлүү, 1 млн. 200 мин сомдук турак үй куруп беришип, ачкычын тапшырышты. Бул жөрөлгөгө Өзгөн райондук мамлекттик администрациясынын башчысы-аким Ш.Абыкаевдин атынан үй ээсине белектерди райондук мамлекттик администрациясынын аппарат жетекчиси Р.Алайчиев тапшырды. Р.Алайчиев өз сөзүндө кайрымдуулук жасаган бардык жарандарга ыраазычылык билдирип, ушундай жөрөлгөлөрдү райондун бардык айыл аймактарында жайылтуу керектигин айтып өттү.
Кайрымдуулук

Share This Article