Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» ПЖ №24 жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муницпалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун 20-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» №347токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат жөнүндөгү» жобого, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын жетекчисинин 2022-жылдын 19-декабрындагы №224-кл буйругуна ылайык, Муратбаев Салибай Кубатович Өзгөн райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Ал 1960-жылы 5-январда Жалпак-Таш айылдык кеёешинде төрөлгөн. Айылдагы мектептен жетилүү аттестатын алып, 1980-жылы Жалал-Абаддагы зооветтехникумунун ветеринардык факультетине тапшырып, 1984-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1985-1990-жылдары Бишкектеги К.И.Скрябин атындагы айыл чарба академиясынын ветеринардык факультетинен билим алган.
Алгачыкы эмгек жолун 1977-1978-жылдары «Жалпак-Таш» совхозунда катардагы жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Ал эми 1978-1980-жылдары Советтик Армиянын катарында аскердик милдетин өтөп, 1984-1986-жылдары «Кызыл-Октябрь» совхозунда ветеринардык врач болуп эмгектенген. 1986-2018-жылдар аралыгында райондук мамлекеттик ветеринардык лабораториясында улуу ветврач, «Жалпак-Таш» совхозунда улуу ветврач, «Бостон» совхозунда башкы ветврач, соцадис, салык кызматкери, айыл башчы, Куршаб айыл өкмөтүндө башкы ветинспектор, аталган айыл өкмөттө өкмөт башчынын 1-орун басары, Куршаб экспертизанын башчысы кызматтарын аркалаган. 2018-жылдан жаёы кызматка дайындалганга чейин Өзгөн райондук жеке ветеринарлар бирикмесинин төрагасы милдетин аткарган.
Айылдык кеёештин 2-жолку чакырылышына депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасынын мыктысы, муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеёешчиси. Облустук, райондук мамлекеттик администрацияларынын Ардак грамоталарынын ээси.
Үй-бүлөлүү. 4 баланын атасы.