Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айыл өкмөтү «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» аталып, 1 млн сом менен сыйланды.
Садыр Жапаров «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды. Сынактын байге фонду 6 млн сомду түзгөн. Жыйынтык чыгаруу үчүн райондук жана облустук деңгээлде комиссия түзүлгөн.
Айыл өкмөттөр 2 тайпага бөлүнгөн. 2-тайпада 2-орунду Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтү ээледи.