Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20- декабрындагы ПЖ № 392 Жарлыгы менен Өзгөн район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы Кадыш Олжобаевке «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкери» деген ардактуу наам берилди.
К.Олжобаев 1945-жылы Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган. 1963-жылы Кыргыз мамдекеттик медицина институтунун санитардык гигиеналык факультетине өтүп, 1969-жылы ийгиликтүү аяктап, Кара-Суу райондук санэпидстанциясында санитардык врач, кийинчерээк эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ошол мезгилде Кара-Суу шаардык Кеңешинде депутат болуу менен 1976-жылы партиянын катарына кабыл алынган. 1978-жылы Лейлек районунун санэпидстанциясына башкы врач болуп которулган. Ал жетекчи болуп иштеген жылдары ийгиликтер жаралып, 1982-жылы райондук санэпидстанция жамааты СССР саламаттык сактоо министринин Ардак грамотасына татыктуу болгон. “Москвич” автоунаасы ыйгарылып, 7 кызматкери баалуу сыйлыктарга татыктуу болушкан.
1987-1988-жылдары Баткен райондук санэпидстанциясында башкы врач болуп иштеп, 1989-2000-жылдары Өзгөн райондук санэпидстанциясында санитардык бөлүмдүн башчысы кызматына которулуп иштеген. 2000-2003-жылдары Ош облустук санэпидстанциясында башкы врачтын орун басары болуп жооптуу милдетти аркалаган.
Бул жерде иштеген жылдарда да жеңиштүү иштер жүз берип, облустук санэпидстанциялар арасында үч жолу бул медициналык мекеме биринчи орунду ээлеген.
2003-жылдан бери Өзгөн райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүмүн жетектеп иштеп келүүдө.
Ал бир канча жолу жогорку врачтык категорияга ээ болуп иштеп келген. Өзүнүн адистик врач деңгээлин союз мезгилинде Киев, Ленинградда ( 2 жолу), Алма-Ата жана Минск шаарларында өркүндөткөн.
К.Олжобаев 53 жыл саламаттык сактоо тармагында тынымсыз талыкпай изденип, калктын ден соолугунун сактыгы үчүн бүт мүмкүнчүлүгүн жана билимин жумшап келет. Көп жылдык үзрлүү эмгеги үчүн 1998-жылы “КРнын Саламаттык сактоонун мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. 2018-жылы КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин 22-майындагы № 49 буйругунун негизинде, “Өзгөчө сиңирген эмгеги жана артыкчылыгы үчүн” күбөлүк жана төш белгиси менен сыйланган. Өзгөн раймамадминистрациясынын 2010-2014-жылдары Ардак грамоталары менен сыйланып, 2015-жылы КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан «Эң мыкты санитардык дарыгер» номинациясына ээ болуп, 2019-жылда «Өзгөн нуру» гезитинин «Жыл адамы» номинация дипломуна татыктуу болгон.
К.Олжобаевдин өмүрлүк жары Олжобаева Айша Кочкорбаевна. Кесиби медик. Ал да өмүр бою Кара-Суу, Лейлек, Баткен, Өзгөн райондорундагы медициналык мекемелерде эмгек кылган. Учурда ардактуу эс алууда.
Эки медиктин 3 уулу, 4 кызы, 19 небере, 6 чебереси бар. Бир уулунан башкасынын баары жогорку билимдүү.
Бир уулу менен бир кызы ата-эне жолун жолдоп медиктер. Бир уулу инженер-химик.Бозумчак алтын кенинде инженер кызматында. Бир кызы Ош шаардык мэриясында вице-мэр. Бир кызы «Аталык групп» ишканасында лаборант. Бир кызы бизнес менен алектенип, бир уулу жеке чарбакер.
P.S. Макала каарманынын жеке кызматтык узак жылдары үй-бүлөлүк болуп жана эл керегине жараган уул-кыздарды окутуп, тарбиялап өстүргөнүн көрүп турабыз. Ток этери, катардагы кызматкерлерден эмес, ак эмгеги менен эл назарына жакшы пикир жараткан, учурда такшалган, мээнет менен жашап, таза тагдыр жол жаратып келаткан адистер экендигинде…
Сыйлык берилген соң алгач 30-декабрда Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов баштаган мэрия жамааты сый ээсиинин Ош шаары менен облусундагы эмгегинин үзүрүн көрсөтүп, азем менен тосуп алышып, ата салты менен ак калпак кийгизишип, ай далыга ак тон жабышып, элик сап камчы колго карматышып куттукташкан.
Ушул эле күнү өзү иштеген Советбек Молдалиев башкарган Өзгөн район аралык ОАА жана МСЭКБнүн жамааты да саламаттык сактоонун эмгек сиңирген өз кызматкерин кубаныч менен тосуп алышкан.
К.Олжобаев ага татыктуу болду. Медицинанын санитардык дарыгерлер арасында Өзгөн районунда аталган наамды биринчи жолу алып отурат. Ал эми республикада санитардык дарыгерлер арасында 4-болуп бул наамга жетишкен кызматкер болду.
Бул эми медицинанын санитария бөлүмүнүн кенен масштабдуу кызмат көрсөтүүсүнө байланыштуу окшойт…
Райондун тарыхындагы мындай сыйга жетишкен биринчи санитардык дарыгер. Кут болсун дейбиз!
53 жылдык кызмат
Бир эрдин өмүр жолуна тете мезгил. Ушунча жыл бир системада иштеп жашоо ар бир эле инсандын колунан келе бербеген узак убакыт.
Болгондо да окууда, кызматта ар дайым өжөрлүк менен иштин майын чыгарып тер төгүү.
Ушул жерден айта кетчү сөз, ушундай эле даражалуу наам алган кызматкердин борбор калаадагы сый тамак учурундагы (аты-жөнүн жазууну ылайык көрбөдүк) сөзү: «Негедир быйыл жашы улгайгандар чоң даражалуу наамды көп алышты. Алардын көбү илгери эле бу баага татыктуу болушчу. Акыры чындык жеңди. Ак эмгек жерде калбайт экен. Эт менен челдин ортосунда кызмат кылып, даражаны сатып алгандар кийинки учурда көп болуп бизге жол тийбей жаткан да. Ийгиликтин эрте-кечи жок дейт. Кеч болсо да биз ыраазыбыз…»
К.Олжобаев: «Мамлекеттин эмгек сиңирген ишмери» чоң наам экен.Азыр толкунданган абалдамын.Төш белгини, күбөлүктү алып жатып өткөн өмүр жолум көз алдыман чубуруп өттү. Кайсыл жерде иштесем да баары тизмектелди. Фотоаппараттын жаркылдагы сымал ар бир жылым жаркылдап өтүп турду. Мен да жасаган ишиме ыраазы элем. Анын өлкө тарабынан бааланганына ыраазымын. «Эр эмгегин жер жебейт» деген ак сөз экен. Адал иштин акыбети кайтаарына ишендим.»
Ар бир адамдын жеке гигиенасынан, жамааттын гигиенасынан тарта, 18 миң ааламдын алкагы космоско учуп чыккан космонавт, астронавттардын кызматтык илимий гигиенасына чейинки өтө эле көп тармактуу медицинанын санитариясы чын эле кызыктуу да, мээнеттүү да адистик жумуш туюлду.
…Мактоого алган бир ишкананын мөөрлүү алакандай кагазынан тарта мамлекеттик даражадагы ар бир наамдын артында бир адамдын өмүр жолу, тагдыры жатканына көп эле сарасеп сала бербейбиз.
Жеке жашоосун ар бир адам каалагандай саарптаса да, элдин жашоосу үчүн өмүрүн сарптагандар сыйга татыктуу болот экен.
Биздин каарман ошондой сыйга жетишип отурат.
Тарыхый Өзгөндүн тарых жараткан дагы бир чыгаан инсаны.
Гезитибиздин чыгармачыл эмгек жамааты К.Олжобаевди алган мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктайт!
Сый ээсине узак өмүр менен чың ден соолук, үй бүлөлүк бакыт менен дагы да узак кызматтык орошон жылдарды каалайбыз!
Канчоро Айдаров.