Салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү юридикалык жактар үчүн 1-апрелде, жеке жактар үчүн 1-майда аяктарын эскертет.
1-апрелге чейин бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен КРнын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
Ал эми жеке жактар үчүн тапшыруу мөөнөтү 1-майга чейин. Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
-Жеке ишкерлер, анын ичинен патент менен иштегендер: менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
-юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар;
-аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган, илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден-соолукту чыңдоочу жана калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекемеде, ишканада же уюмда иштеген жеке жактар;
-мамлекеттик органда, мамлекеттик же муниципалдык ишканада же мекемеде, ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар уюмда иштеген, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган жеке жактар;
-эл аралык уюмдарда иштегени үчүн киреше алган, КРнын жараны болуп саналган, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар жеке жактар;
-календардык жылдын ичинде менчик укугун же мүлккө башка укукту сатып алууга эсептик көрсөткүч 3000 ээленген өлчөмүнөн ашык суммага бир жолку чыгым тарткан жеке жактар;
-мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн.
Субьекттер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөр келип жеткенге чейин бирдиктүү салык декларациясын ыктыярдуу негизде тапшырууга укуктуу. Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга айып салынат.
Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti/gov.kg сайты аркылуу алууга болот.
Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгы.