Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын 2022-жылдын 21- ноябрындагы № 331 буйругун ишке ашыруу максатында райондун мектеп окуучулары ортосунда, окуучулардын эс алуу учурунда 2023-жылдын 3-январынан 8-январына чейин спорттун командалык түрлөрү боюнча (баскетбол, волейбол, шахмат) мелдештердин аймактык этабы Жазы аймагындагы А.Төрөгелдиев жана Т.Ташмаматов мектептеринин спорт залдарында жана Мырзаке аймагында М.Нурбаев атындагы орто мектебинин спорт залында өткөрүлдү. Ар бир аймактан жеңүүчү 4 балдар, 4 кыздар командалары 2023-жылдын 21- январынан баштап райондук мелдештерге катышышат.
2023-жылдын 7-январында Ош шаарында спорттун волейбол түрү боюнча Түштүк аймактык (Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаары) мелдештерине Өзгөн районунун балдар жана кыздар командалары катышып, балдар командасы 1-орунга татыктуу болуп, 3-этапка жолдомо алышты, ал эми кыздар командасы 3-орунга жетишишти.
Ж.Сатыгулов, рБББ алдындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга даярдоо клубунун директору.