2022-2023- окуу жылдын 16-январынан тартып мектептер ачылды. Мектептерде жылуулуктар берилип, уюштуруу иштери жүргүзүлүп, окуучулар үчүн кулачын жайды. Окуучулар билим алган уясын сагынуу менен мектепке келишти. Бүгүнкү окуучулардын катышуусу 91%ды көрсөттү.
2023-жылдын 12-13-январь күндөрү Ош обулусунун аймгындагы окуучулардын республикалык тестирлөөгө даярдыктардын жүрүшү үчүн Ош обулустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институнун базасында эки күндүк семинар өткөрүлдү. Президенттин Ош обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдиновдун окуучулардын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктарды көрүү жана көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча берген тапшырмасын аткаруу багыттары аныкталып, тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Асанбаев жана усулчулар А.Жусуева, Н.Жусупбекова, Т.Акматовдор 2 күндүк семинарга катышып келишти.
Аймактык олимпиада өткөрүлүп, орунга ээ болгон окуучулар райондук олимпиадага даярдыктарды көрүшүүдө.