Саламаттык сактоо тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана кесипкөй ишмердүүлүгү үчүн Өзгөн районунун Куршаб жалпы дарыгерлер практикалык борборунун терапевт дарыгери, саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери Төрөканов Туратали Мадаминович жана дерматовенеролог дарыгери Акматов Шакир Жолдошевич Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Шериева Нурийла Жапаровна өзү келип, дарыгерлерди «Ардактуу кызматкери» деген төш белгиси менен сыйлады. Алган сыйлыгыныздар кут болсун! Мындан аркы иштериниздерге ийгилик каалайбыз. Сиздер мындан да жогорку сыйлыкка татыктуусуздар. Ар бириңиздер ак эмгек, адал мээнетиңиздер менен өлкө тынчтыгына, туруктуулугуна жана Кыргызстан элинин ынтымагын, ден соолугун сактоого бараандуу салым кошуп жатасыздар.
Ардактуу кызматкерлер
Share This Article