“Өзгөн—Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифтик баалары 2022-жылдын 28-декабрында Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясында № 17/5 сандуу токтомунун негизинде 2023-жылдын 1-январь айынан баштап Өзгөн шаарында катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифи жан башына 30 сом, ал эми мамлекеттик, мунуципалдык мекемелер, банктар, аптекалардын ар бир кызматкерине 94 сом өлчөмүндө бекитилди. Мындай өзгөртүүлөр бүгүнкү күндөгү өсүп бара жаткан инфляциянын таасири натыйжасында күйүүчү майлардын, жабдуулардын, тетиктердин, шаймандардын жана башка каражаттардын кескин түрдө жогорулаганына байланыштуу кабыл алынды.