Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын айыл чарбасында аткарылган жумуштары жөнүндө 2022-жылдын жыйынтыгы
Агрардык сектор районубузда экономиканын маанилүү бөлүгү болуп эесптелинет. Ошондуктан, 2022-жылда райондо экономикабыздын өсүү багытын камсыз кылуу максатында бир топ иш аракеттер жүргүзүлдү.
2022-жылга район боюнча эгиндердин структурасы 44662 га. жерге себүү пландаштырылган. Анын ичинен кылкандуу дан эгиндеринин аянты жалпы 15567 га. болуп, буудай 8602 га., арпа 6965 га. түзгөн. Айдап, себилген кылкандуу дан эгиндеринин 3813 га. аянты күздүк, 11754 га. айдоо аянты жаздык болуп эсептелет. Андан сырткары, шалы 3298 га., жүгөрү 5773 га., май өсүмдүктөрү 434 га., картошка 1123 га., жашылча 1721 га., бакча өсүмдүктөрү 48 га., тамеки 5 га., көп жылдык чөп 16669 га., буулантма 24 га. айдоо аянттарын түздү.
Район боюнча жазгы айдап-себүү иштерине кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрү толугу менен камсыз болгон.
КРнын Министрлер Кабинетини 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 токтому, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтому жана КРнын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ “Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл-тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү тууралуу” буйругун аткарууга алуу максатында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү тескемелери чыгарылган. Тескемелердин негизинде райондук комиссия түзүлүп, комиссиянын отурумунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тиешелүү мекеме- ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилген. Бүгүнкү күндө райондогу 19 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин иштетип жаткан ижарачылардын, айыл чарба кооперативдеринин, үрөн чарбалардын тизмеси, иштетип жаткан жерлеринин аянтынын контуру жана мөөнөтү боюнча такталып алынды.
Өзгөн районунун аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянты 14426,35 га. түзөт. Анын 50%, же 7213,175 га. жер аянты КРнын Айыл чарба министрлигине өтсө, 50%, же 7213,175 га. жер аянты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында калган.
Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан райондо тоют оруп — жыйноонун жүрүшү, иштеп жаткан техникалар, жетишкендиктер жана кемчилдиктер, жалпы эле агрардык тармактагы аткарылып жаткан жумуштар тууралуу райондук гезитке жана социалдык тармактар аркылуу калкка маалымат берилип келүүдө.
2022-жыл ичинде 180173 тонна кесек тоют оруп — жыйналып, күтүлгөн план 100,5 % аткарылды.
Районубуздун дыйкандарын сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу максатында “Калы Чаргынов” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы дотациялык негизде жалпы 34 тонна үрөн, анын ичинен буудайдын “Караван” сорту 6 тонна, “Дарыя” сорту 9 тонна, ал эми арпанын “Таалай” сорту 10 тонна, “Вакула” сорту 6 тонна, “Маргерет” сорту 3 тонна жана “Тамеки” илимий өндүрүштүк айыл чарба кооперативи буудайдын Интенсивный сортунан 35 тонна үрөн дотациялык негизде дыйкандарга берилди
Өзгөн районунда 2022-жылдын 1-январына карата 26078 баш жылкы, 81400 баш кара мал, 238600 баш майда жандык, 245681 үй канаттуулары катталган. Жогорудагы мал жандыктарды ветеринардык жактан тейлөө максатында айыл аймактардын карамагында уюушулган 48 жеке ветеринар иштеп жатат. Район боюнча ветеринардык сервистерде 84 ветеринардык адис эмгектенет.
Райондун аймагында эпизоотиялык абал туруктуу. Район боюнча ири мүйүздүү малдарды жана жылкыларды идентификациядан өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. 2022-жыл ичинде 25682 жылкыга чип, 164776 баш ири мүйүздүү малдарга бирка басылган.
Өзгөн району боюнча 5 беккари чукуру бар. Алар Кызыл-Октябрь, Кароол, Зергер, Жазы, Мырзаке айыл өкмөтөрүндө жайгашкан.
2023-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдап себүү, иштерин өз убагында өткөрүүнү камсыз кылуу максатында тиешелүү тескеме чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана айыл чарба кооперативдерине аткарууга жеткирилген. Күздүк кылкандуу дан эгиндери жалпы 3977 га. айдоо аянтына себилип, тапшырма 100,1% аткарылды.