2023-жылдын 24-январь күнү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык отуруму болуп, коллегиялык отурумда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсу боюнча 2022-жылдагы аткарылган жумуштардын жыйынтыгы жана 2023-жылга милдеттери жөнүндө маселе каралды.
Коллегиялык отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Манапов Уристем Ибраимович жана райондогу мекеме — ишканалардын жетекчилери, шаар, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, айыл башчылар катышышты.
Жыйындын алдында 2022-жыл ичинде аткарган жумуштары үчүн жылдын мыктыларына тиешелүү грамоталар жана башка сыйлыктар тапшырылды.
2022-жылдын жыйынтыктары жана 2023-жылга милдеттери боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясыны башчысы-акимдин биринчи орун басары Ж. Алиев маалымат берди.
Коллегия мүчөлөрүнүн ар кандай сын-сунуштарынын негизинде аким Ш. Абыкаев райондун активине тапшырма, милдеттерди коюп, аткарылышы боюнча жеке өзү көзөмөл жүргүзөрүн белгилеп кетти.