Ушул жылдын 31-январында Өзгөн шаарынын аймагындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектебинде шаар мэри Дамир Моңолдоров, шаардык кеңештин төрагасы Арсланбек Хасанов жана шаар элинин өкүлдөрү катышкан бюджеттик угуу жыйыны болуп өттү.
Мамлекеттин жооптуу кызматтарында көп жылдар иштеп, районубуз менен шаарыбыздын социалдык -экономикасына салымдарын кошкон, аймактын көп улуттуу элинин ынтымакта өмүр сүрүп, биримдикте жашашына чоң эмгектерди жасаган жана жаштарды тарбиялоо, маданиятты көтөрүү сыяктуу коомубуздун алга жүрүүчү дөңгөлөгү өңдүү негизги багыттарга мээнет кылган аймактын белгилүү мамлекеттик кызматкерлери, атуулдары: Абдырахман Жолдошалиевге, «Өзгөн нуру» гезитибиздин редактору, 4 китептин автору, чыгармачыл инсан Жолдошбай Анашовго, чыгаан педагог, билим берүүнүн мыктысы, 2 китептин автору Илхамжан Абдулкасимовго, бири кем 50 жылдык өмүрүн билим берүүгө арнаган педагог, баатыр эне Таджикан Ураимджановага «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.