2023-жылдын 1-февралында Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жийде айылында ветеринардык кеңсенин ачылыш аземи болуп өттү.
Ага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациянын башчысы- акимдин орун басары Рахымбек Мырзакулов, райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан Иманказы Абдраев, АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун Ош облусу боюнча координатору Маратбек Сагынбаев, социалдык мобилизатору Асанбек Турдуев, долбоордун Өзгөн району боюнча (ошол кездеги) эксперти Матмуса Мамадиев, АРИСтин «КАСА-1000» долбоорунун район боюнча эксперти Токтогул Чыбышевдер АРИС каржылап курулган ветеринардык кеңсенин ачылыш аземине катышышты.
Ветериинардык кеңсе учурдагы дары-дармек сакталуучу муздаткыч, урук сактоочу атайын сумка, темир беккер (өлгөн мал калдыгын өрттөй турган) жайы сыяктуу керектүү техникалык аппараттар менен жабдылган.