Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыздоо маселеси бир нече жылдан бери көйгөй жаратып келген. Жыл башынан эле аймакта жакшы жышаан орун алып, Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылына таза суу чыгаруу иштери башталды. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык баасы 180 млн. сомду түзөт. Учурда булак көзүнөн тартып 12 км. аралыкка траншеялар казылып, суу түтүктөр алынып келинип, жаткыруу иштери жүрүп жатат.
Таза суу тартылат
Share This Article