2-февраль “Бүткүл дүйнөлүк шайлоо” ачык эшиктер күнүнө карата КРнын БШКнын Өзгөн АШКсы тарабынан Куршаб айылынын А.Таңатаров атындагы №14 интернат-гимназиясынын китепканасында, ошондой эле Мырзаке айылынын айылдык китепканасында ачылган жарандык жана санариптик билим берүү борборунда “Жаштар жана шайлоо, келечек үчүн жоопкерчилик” темасында тегерек стол уюуштурулуп, ага студенттер, активдүү жаштар, мектеп окуучулары чакырылып, жаштардын шайлоого болгон түшүнүгү жана шайлоо мыйзамдары боюнча окутуу жүргүзүлдү. Шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ болот.
Шайлоого эмне үчүн катышыш керек?
- Жашоодо ар бир адамда тандоо жасоо зарыл болгон жагдайлар көп болот: кесип тандоо, жашоодогу максаттар, дос, өмүрлүк жар жана башка көптөгөн нерселер. Биз тандоону жеке кызыкчылыктарыбыздын негизинде, аң-сезимдүү жана жоопкерчилик менен жасайбыз.
- Бирок биздин өлкөбүздүн өнүгүүсү биздин тандообузга байланыштуу! Дал ушул тандоо келечектеги биздин жеке тандообузга таасир этет.
- Бийликке кандай адамдар келет, өлкө кандай өнүгүү жолун тандайт, өлкөдө тынчтык жана стабилдүүлүк болобу, алдыга койгон максаттарыбыз ишке ашырылабы – биздин тандообузга жараша болот.
- Шайлоо – бул өлкөнүн бардык жарандары катышкан процесс.
- Эң көп добуш алган жеңет. Татыктуу талапкерди тандагыла!
- Добуш бербесең келечегиңди башкаларга тапшырасың!
- Сен добушбербесең, сен үчүн башкалар чечет!
Жаштар шайлоонун жыйынтыгына чындап таасир эте ала турган күч!
Жаштардын өз талапкерин жеңишке алып келгенге мүмкүнчүлүгү бар!
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы “Тундук” (https://portal.tunduk.kg) порталы боюнча кеёири түшүндүрүлүп, ар бир жеке жаран же болбосо юридикалык жактар электрондук кол тамга (ОЭП) алуу менен “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына катталса боло тургандыгы айтылды. Азыркы учурда кагаз коротуудан электрондук форматка өтүп жаткандыгы, ошондой эле ар бир жаран кол телефону аркылуу Плей маркетке кирип “Түндүк” тиркемесин жүктөп алып, колдонсо болору жеткирилди.
Электрондук кол тамганы кайдан алабыз?
Даректери:
1.Өзгөн шаары, Ленин көчөсү – 115, Калкты тейлөө борбору –ЦОН.
2.Прогресс айылы, болжол “Дордой” базары, Калкты тейлөө борбору –ЦОН.
- Куршаб айылы, А.Качыбеков көчөсү – 248, №14 А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясы
- Мырзаке айылы, М.Нурбаев – 30, “Канат жана Зарина” атындагы айылдык китепканасы (маданият үйү).
Мамасали уулу Мырзамат, КРнын БШКнын Өзгөн АШКдагы системдик администратору.