Мамлекеттик туу күнүнө карата иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын, күч органдарынын, мекеме-уюмдардын, жергиликтүү бийликтин жетекчилери, кызматкерлери катышты.
Өзгөн шаарынын Борбордук аянтында мамлекеттик туу күнү белгиленип, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов өз сөзүндө Өзгөн районунун калкын бүгүнкү майрам менен куттуктап, мамлекеттик туу дайыма желбиреп, өлкөбүздүн өсүп өнүгүүсүн каалап өттү.