Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын XXVIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
21.12. 2023- жыл. № 183 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин(VII чакырылышынын) депуттарынын XXVIII кезексиз сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренелерине жана “финансы , экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндөгү төмөнкү беренелерине көрсөтүлгөн суммаларына ылайык кошумча план киргизилсин:
- Роялти салыгынан – 200,0 миң сом ;
- Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр -588,7 миң сом ;
- Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин иштетүү үчүн ижара акысы -100,0 миң сом;
- Кошумча алынган пландын эсебинен калпак участкага ВЛ 10-04 кВт и КТП 160 КВА курулуш иштерин жасоого -22,0 миң сом , Адыр айлынын ички жолдорун капиталдык ремонттоо үчүн сметалык долбоорун жасоого – 150,0 миң сом , спорттук инвентарь сатып алууга – 300,0 миң сом , айыл өкмөттүн административдик имаратына эмекректерди сатып алууга 105,0 миң сом жана түрдүү чыгымдар үчүн -311,7 миң сом сарпталсын.
- Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү , КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финансы , экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым : Г. Жороева