Урматтуу Өзгөн районунун тургундары!
Сиздерди эзелтен ата-бабаларыбыз чоң үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен чыгыш элдеринин жаңы жылы болгон Нооруз майрамы менен ак дилимден куттуктаймын!
Азия чөлкөмүндөгү бир катар мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстан да Нооруз же “жаңы күн” майрамын жыл сайын белгилеп келет. Байыртан ата-бабаларыбыз жазында күн менен түн теңелип, күн узарып, түн кыскарганын байкаган. Нооруз адамдар үчүн эртеби-кечпи жарык-караңгыны, жылуулук-суукту, чындык-жалганды, жакшылык -жамандыкты жеңет деген ишеничке айланган. Бул майрам чындыгында бийик максаттардын, жакшы тилектердин майрамы. Нооруз -амандыктын, жаңылануунун майрамы. Жазда бажырайып ачылган байчечекейлер менен бирге жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, дыйкандарыбыз быйылкы жылыбыз жакшылыктын, молчулуктун, түшүмдүүлүктүн жылы болсун деп тилегендей, биз да босогону аттап кирип келген Нооруз майрамында элибизде аманчылык, ынтымак-ырашкерлик, биримдик болсун деп аруу каалоо-тилектерди тилейбиз. Жергебизде тынчтык болуп, улуу Нооруз күнү жаралган таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн. Мамлекетибиз жана ар бирибиз үчүн ынтымакчылыктын , тынчылыктын, бекем достуктун, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин жылы болсун. Ушул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин. Дайыма маанайыңыздар шат болуп, тилеген ой-максатыңыздар орундалсын. Бакыт-таалайга, ынтымак-биримдикке, ырашкерликке, тазалыкка жана кечиримдүүлүккө үндөгөн майрамыңыздар кут болсун!
Каныбек Апбасов,
Өзгөн райондук мамлекеттик
администрациясынын
башчысы-аким