«Шуулдаба терегим теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери».
(«Элегия» С.Жигитов).
Кыргыздын сыймыгы
Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк кыштагында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1965-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын бүтүргөн.
Өзүнүн эмгек жолун С.Жигитов 1959-жылы Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1961-1962-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан сектор башчысы болуп эмгектенген. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакторунун биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (1991-1993), Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси (1993-1995), «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги бюросунун жетекчиси (1995-1996), Кыргыз улуттук университетинин прфессору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору кызматтарында иштеген.
Ал 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору, 100дөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган тамашалардын, татынакай ырлардын ээси.
Адабий сын үстүндө иштеп, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын ырларын кыргызчага которгон.
Бул күндөрдө Көлдүк кыштагында
14-март күнү С.Жигитов туулуп өскөн, окуган , кийин өзү иштеген Көлдүк кыштагындагы Р.Коңкошев (мурунку Кызыл-Октябрь) мектебинде генийди эскерүү аземи болуп өттү.
Мектептин мугалимдери С.Жигитовду эскеришти.
«Көлдүк бул республикабыздын эңчетинде жайгашкан, Салижан аке жазгандай «тоо койнунда кысылган кыштак».
Ар бир адам өзү туулуп өскөн жери менен сыймыктангандай эле биз да, өз айылыбыз менен сыймыктанабыз.
Сыймыктанаар жөнүбүз да бар. Калкынын саны аз болгону менен бүтүндөй кыргызга, башка элдерге да таанымал болгон нечендеген инсандар өсүп чыкты, дагы да өсө берет деген үмүтүбүз бар. Ошондой инсандарыбыздын сап башында Салижан Жигитов турат.
Биз, Р.Коңкошев атындагы орто мектебинин эмгек жамааты Салижан агайыбыздын атын унутта калтырбайлы деп жыл сайын туулган күнүнө карата иш чараларды өткөрүп турабыз. Быйылкы өткөргөн эскерүү кечебиз өзгөчө болду. Жигитовдун бир тууган карындашы Жигитова Жыргал эжеке С.Жигитовдун ырларын мыкты аткарган окуучуларга, ага арнап ыр, эскерүү, дил баяндарды жазган балдар-кыздарга демөөрчү болду».
Сабыржан Чокубаев,
Р.Коңкошев орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Ош облустук Балдардын чыгармачылык борборунун алдында уюштурулган «/мүт» адабий ийриминин жетекчиси.
Чындыкты сүйгөн адам эле
«Салижан Жигитов абам эгер тирүү болсо 17-март күнү 88 жашка чыкмак. Абам өзү жөнөкөй, мээримдүү, боорукер, чындыкты сүйгөн адам эле. Мени 7-классымда орусча үйрөнөсүңдеп Фрунзеге алып кеткен. Абамдын колунда 3 жыл окудум. Кызыктуу жери үйүндө үй эмеректери аз, жөнөкөй жасалгаланган. Бирок, 3 бөлмөлүү үйүнүн баары китепке толо болчу. Ал китептер чачылган, ашканада, балкондо, дааратканада ж.б. отурган жерлеринде кала берчү. Ал китептерди көрүп үй жыйнай баштадым. Баягы китептерди китеп шкафка ирети менен жыйнап чыктым. Өзүмдүн оюмда үйдү көңүлдөгүдөй жыйнадым деп сүйүнүп отургамын. Абам жумуштан келди. Бир аздан кийин жеңемди «бул жердеги китеп кана, ким алды»- деп уруша баштады. Жеңем мени айткан го чамасы. Абам бешенемен өөп «мындай кылып китептерди жыйнаба»- деп эскертти.
Дагы кызыктуу жери мени шаарды көрсөтүп келем деп паркка алып барды. Мен сүйүнүп ал жакты, бул жакты айланып жүрө бердим. Бир убакта абам көрүнбөй калды. Көрсө мени унутуп, гезит окуган боюнча үйгө келе бериптир. Абам өтө боорукер эле. Көлдүктөн окууга барган студенттердин баары абамдын үйүндө жашашчу. Ошондо менин эсимде 8 студент жашаганын билем. Абам күндө 5-6 китеп, же көп газета сатып келчү. Чыгарма жазууда күн-түн уктабай иштейт эле. Ошондой убакта «аба тамак ичип алың» -деген сөзгө жооп да берчү эмес. Дагы кызыгы базарга кийим алганы барганда биз кийим алсак, абам китеп сатып алаар эле. Көбүнчө көчөгө бирге чыкканда сөзсүз жанында гезит же китеп болчу. Ошону окуган боюнча кетип калып биз бири-бирибизди табышпай калаар элек. Абам тамашакөй болгондуктан дайыма шаңдуу жүрөт эле».
Жыргалбү Жигитова,
С.Жигитовдун карындашы.
Бейне (эссе)
Бала кезде үйүбүздө «Бешбейне» деген китеп болоор эле. Бул китепте акын-жазуучулар тууралуу «чымчып» өтмө ыр саптар менен тамашалуу сүрөттөрү бар эле. Чынында көп белгилүүлөрдү ошол китеп аркылуу тааныгам. Андагы тамашалуу саптарды жаттап да алаар элем. Дал ошол китепте Салижан Жигитов тууралуу да бар болчу. Анын тамашалуу сүрөтүнө карата төмөнкүдөй эки сап жазылган эле:
«Икаясы иттики,
Сөзү Салижан Жигиттики».
Бул саптар айтууга жеңилби, же уйкаштыгынанбы, айтор кечке кайталаганды адат кылып алган элем.
Бул сөздөрдү нечен кайталап, апамдан уруш уккан жайым бар:
— Сен кыз, ушул китептин саптарын кайталаганды адат кылып алдың, жинди немече!
Апамдын сөзүнө жооп таппай, суроо бере салдым:
-Салижан Жигит деген ким өзү?
Апам башкача көз караш менен карап калды. Бул көз караштан мен ошону да билбейсиңби, өзүңтаап окуп ал деген жазууну окудум. Анда кайдагы интернет. Китепканадан изденип Салижан агайдын баскан жолу тууралуу билип, анын менин айылдашым экенин билдим. Бала болсом да туугандары кимдер, кайсы жерде жашаган деп сүрүштүрүп чыкканыма күлкүм келет. Ошондон баштап С.Жигитов тууралуу маалыматтарды окууну, анын эмгектерин издөөнү адатка айландыра баштаганмын.
Көп өтпөй баягы икаясы жазылган ит тууралуу «Күн тууду» чыгармасы колума тийди. Чынында бала кезде бул повестти башкача сезимдер менен окуп чыккамын. Суроо үстүнө суроо берип, апамды жадаткан элем. «Ошол адамдар азыр барбы, туугандары кимдер. Ит атаар дегендин баласы барбы, неберелери кимдер, Анар жинди дегенди сиз көргөнсүзбү?»- деген сыяктуу. Баласыңда өзүңүн айылдашыңжазып жатса, болгондо да китептин каармандары менин айылымдын адамдары болсо анан. Кыскасы, укмуштуудай таасир калтырганы эсимде.
Андан бери көп жылдар өттү. Баягы бала кездеги аккан Көлдүктүн дарыясы агып жатат. Баягы бак-шак, баягы көрктүү айыл, баягы жер-жемиштер, баягы табияттын тартуу кылган кооздугу. Бирок сен башкасын, өзгөргөнсүң, турмуштун аркы-беркисин көрүп калгансың. Бала чактагы окуган китептер азыр башкача сезим,, башкача таасир калтырып калган. Бала кездегидей кыялдана албай да калгансың. «Күн туудуну» дагы бир ирет окуп чыгайын деп ал китептин өзүн таппай келем. Бир жыл мурун интернет аркылуу электрондук вариантын таап окуп чыктым. «Ушул «Ит атаарымды» ийине жеткире иштеп өлсөм арманым жок эле, түп-тамырынан бери кайра жазмакмын, роман кылмакмын»-деп айткан интервьюсун да окуганым бар. Бул анын ошол мезгилдин саясатына туура келбей, бир аз «редакцияланып» кеткендигине кейигени го. Мен адабий сынчы да, адабият мугалими да эмесмин. Жөнөкөй окурман катары төмөндөгүдөй жыйынтык айта алам: «Иттин икаясы» ийине жетмек түгүл жеткен, эгер аны кайрадан иштеп чыкса, таасири баштагыдай болбой калмак. Ит атаардын образы мынчалык таасирдүү болмок беле, жок беле.
Бул жолу бала кезде күлүп окуган чыгарма күлкүлүү туюлган жок. Тескерисинче «Керегем сага айтам, келиним сен ук» дегендей, адамдарга айтчу оюн ит аркылуу билдиргенин аңдап жеттим. Ит атаар мурун апенди чалыш мүнөз болуп сезилсе, азыр сезимтал, чыныгы фантазер, булут арасынан жылдызды көрө билген көрөгөч, өзүнүн дүйнөсү бар өзгөчө адам болуп өзгөргөн сыяктуу.
«Бешбейне» аркылуу тааныган айылдашым артынан өчпөс из калтырып кеткендигин чолок оюмда сезип жеттим. Мындай адам менен замандаш болбосом да, айылдаш болгонум мен үчүн чоң сыймык.
Алия Маметова,
Р.Коңкошев орто
мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы.
P.S. Кайсы бир көп жылдар илгери Бишкектин бир тынч ашканасында кең Чүй менен бийик Нарындын ЖОЖдорунда иштеген, бири көк чач, бири ак чач эки окумуштуунун С.Жигитовду гений деп мактап сүйлөшүп отурганын угуп таңкалган жайым бар…
Генийдин изи калган мектепти жетектеп, өзүнүн заманбап кесибинин ыңгайына карап мектепти алга сууруп чыгып, Р. Коңкошев жетектеген мезгилдей окуу-тарбияны жогорку деңгээлге алып чыгат деген ишеним берилген мектеп директору Мамасали Маматалиевге, эссени катыра жазган Алияга, чыгырмачылыктын чыйырын чапкан, окуучуларынын дээрин тапкан С.Чокубаевге эл адамын эскерүүгө арналган азем үчүн биз да ыраазы болдук.
Канчоро Айдаров.