2024-жылдын февраль айында өткөрүлгөн облустагы мектептер арасындагы предметтик олимпиадада Өзгөн районунан жалпы 14 окуучу байгелүү орундарга жетишип, Ош облусу боюнча Өзгөн району 1-орунга ээ болду. Жыйынтыгында 9 окуучу республикалык олимпиадага жолдомо алышкан.
Мугалимдердин берген билимин, мээнетин актап, ийгилик жаратып, облуста районубузду алдыга алып чыккан окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге район башчысы Каныбек Апбасов ыраазычылык билдирди.
Мындай ийгиликтерге жетүүдө мугалимдин эмгеги зор экенин белгилеп, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчиликти сезе билүү – эң зарыл сапаттар экенине токтолду.
Ошондой эле аларга дем берүү максатында 50,000 сом акчалай сыйлык тапшырып, республикалык олимпиададан жакшы жетишкендиктер менен келүүсүнө ийгилик каалап, ишеним көрсөттү.