Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында көрктөндүрүү жумуштары жүрүүдө. Тагыраагы жети миңге жакын көчөттүн түрлөрү бүгүн отургузулду. Ага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, долбоордун негиздөөчүсү А.Аккулов баштаган ОшМУнун эмгек жамааты, айыл эли, активистер катышты.
Аймак кооптуу аймактардын катарында болгондуктан, жер көчкүнүн алдын алуу үчүн ири долбоорлор ишке ашырылып келет. Буга чейин 2017-жылы Курбу-Таш айылында көчкү жүргөн. Жер кыртышын калыбына келтирүү, көчкүнүн алдын алуу жаатында 2018-жылдан бери аракеттер көрүлүп келет. Ал үчүн 92 га жер ажыратылып, 35 миңден ашуун көчөттүн түрлөрү отургузулган.
Белгилей кетсек, «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында райондун жер-жерлеринде жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери аткарылууда.