Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагынын Шоро-Башат айылында 45 орундуу жана Салам-Алик айыл аймагынын Эркин-Тоо айылына 60 орундуу үй шартында бала бакчалардын ачылыш аземи болуп өттү.
Аземге Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Р.Мырзакулов катышып, жеке үйлөрүн бала бакча катары колдонууга берген демөөрчүлөр Нарымбаев Таалайбек Абдыкадырович жана Жунусмаматов Уларбек Серкебаевичтерге районубуздун башчысы К.Апбасовдун атынан ыраазычылыгын билдирип, белектерди тапшырды.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачуу иштери пландалган. Райондун аймагындагы бала бакчага ылайыктуу имараттарды таап, курулуш, ремонт иштери жүрүп, каржы булактарын аныктап, ушул жылдын аягына чейин дагы 15 бала бакча ачууга иш аракеттер жүргүзүлүүдө.