Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
27-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-январындагы № 1 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн
иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Н.Темированын маалыматына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кеңештин 2024-жыл үчүн иш планы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен кабыл алынсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы №1 токтому менен бекитилген
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн
ИШ ПЛАНЫ
- Кеңештин сессияларында каралуучу негизги маселелер:
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Мөөнөтү | Ким даярдайт | Ким маалымат берет |
I | Биринчи квартал | |||
1.
|
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө | Январь | Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы | Төраганын орун басары маалымат берет. |
2 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин киреше жана чыгыш бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө | январь | Бюджет комиссиясы. | Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет
|
3 | Жайыт комитетинин 2023-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө жана 2024-жылга жайыт комитетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
|
январь |
Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия жана экономика, бюджет комиссия
|
Салам-Алик жайыт комитетинин төрагасы, айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет
|
4 | Ар түрдүү маселелер
|
январь | ||
5 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылган иштери жана 2024-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө | март | Айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы | Айыл өкмөтүнүн башчысы маалымат берет |
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө | март | Бюджет комиссиясы. | Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет
|
|
6 | Көмүр кен ишканалары менен түзүлгөн келишимдерди бекитүү жана алардын ишмердүүлүктөрүн кароо жөнүндө | март | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;
|
Айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, комуналдык жана Айыл башчылар |
7 | Ар түрдүү маселелер | март | ||
II | Экинчи квартал | |||
1 | Салам-Алик айылдык аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар жумуштарынын жүрүшү | Апрель | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;
|
Айыл башчылар |
2 | Ар түрдүү маселелер | Апрель | ||
III | Үчүнчү квартал | |||
1 | Бюджеттин 2024-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө | июль | Бюджет комиссиясы… | ФЭБ башчысы маалымат берет |
2 | Көмүр кендеринин, соода сатык мекемелеринин ишмердиги жана алардын салыктарды төлөөсүнүн абалы, жерлерден, транспорттон ж.б. түшкөн салыктарынын бюджетке түшүшү жөнүндө | июль | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;
Бюджет комиссиясы… |
Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү,
Салык кызматкери маалымат берет |
3 | Ар түрдүү маселелер | июль | ||
IV | Төртүнчү квартал | |||
1 | Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүктөрү жөнүндө | Октябрь | Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар |
2 | Салам-Алик Жайыт комитетинин 2024 -жылдын 9 айынын пландарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө | Октябрь | Айыл-суу чарба, мал, токой, экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт жана энергетика тармактары жана экономика, бюджет комиссиясы
|
Жайыт комитетинин төрагасы жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы |
3 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 9 айлык пландарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө | Октябрь | Бюджет комиссиясы. | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет
|
4 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча кызматкердин социалдык абал боюнча иштери жөнүндө | декабрь | Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Соц.адис, айыл башчылар |
- Уюштуруу-массалык иштер:
1 | Депутаттык окууларды уюштуруу | Кварталда бир жолу (сураныч боюнча) | Кеңештин төрагасы жана орун басары | |
2 | Атуулдардын кайрылууларынын негизинде тейлөөлөр: жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу, малдарды багуу шарттары, ж.б. боюнча ар бир айылдарда депутаттык угууларды уюштуруу | 4 айда бир жолу | Тиешелүү туруктуу комиссиялар | |
3 | Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушууларды уюштуруу | 6 айда бир жолу | Кеңештин төрагасы жана орун басары,
Тиешелүү туруктуу комиссиялар |
|
4 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Жылына 1 жолу | Кеңештин төрагасы жана орун басары,
Тиешелүү туруктуу комиссиялар |
Төрайымдын орун басары Н.А.Темирова
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
27-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-январындагы № 2 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана
чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине ылайык жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү боюнча сунуштарын талкуулап, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 19537,4 миң сомго жана 2024-жылдын чыгаша бөлүгүнүн долбоору 19537,4 миң сомго бекитилсин.
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга бюджетинин негизги параметирлеринин болжолу жактырылсын.
- 2024-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин;
а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;
б).ыктыярдуу патент негизиндеги салык,милдеттүү патенттөө негизиндеги салык,бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз
өлчөмүндө;
в).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти),стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын,мунай зат,газ) кошпогондо-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча
айыл аймагынын жергилитүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө;
г).жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюжетине пайыз өлчөмүндө
д).жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү- кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине
пайыз өлчөмүндө
- Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
- Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2024- 2025-2026-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрү айыл өкмөтүнүн чарбалык
иштерине жараша өзгөртүүлө тургандыгы белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин
чыгашаларынын 1 пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнө 2024-2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы,социалдык фондго
чегерүү,тамак-аш,дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр),комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) жумшалсын.
- Салам-Алик айыл аймагы тоолуу,шарты катаал,табигий кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу
катмарына,майыптарга,аз камсызболгон үй-бүлөлөргө,социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө,Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине,энелер
күнүнө,согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр энелерге, Ооганчыларга,Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча
каражаттары каралсын.
- Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты
каралсын.
- Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга
керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары
белгиленсин.
- Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин
эсебинен жүргүзүлсүн.
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт боюнча чогултулган акча каражатынын киреше бөлүгү 400,0 (төрт жүз миң) сом эсебинде бекитилип 3/1 бөлүгү айыл өкмөтүнүн
эсептик счетуна калтырылсын.
13.Бала-бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден чогулутулуучу ата- энелик төлөмдүн тарифи 800-00 сомго бекитилсин;
- Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери
боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
27-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-январындагы № 3 Салам-Алик айылы
Салам-Алик Жайыт комитетинин 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жана 2024-жылга Жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-жана117-беренелерине ылайык жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Салам-Алик айыл Жайыт комитетинин 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жана 2024-жылга Жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү боюнча сунуштарын талкуулап, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Салам-Алик Жайыт комитетинин 2023-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 400,0 миң сомго жана 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 400,0 миң сомго бекитилсин.
- Салам-Алик Жайыт комитетинин 2024-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 400,0 миң сомго жана 2024-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн долбоору 400,0 миң сомго бекитлсин.
- Бул токтомдон келип чыккан иш-чараларды аткаруу жагы Салам-Алик Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Кунаевке тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Финасы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Тиркеме № 1
Салам-Алик айылдык кеңешинин
7-чакырылыш кезектеги 27-сессиясынын
2024-жылдын 24-январындагы № 3
токтому менен бекитилген.
Салам-Алик жайыт комитетинин 2023-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы
Кат ар №
|
Малдын түрү | Саны | Которуу коефициенти | Шартуу малдын башы | Жайыт акысы | Суммасы
( сом). |
1 | Кой-эчки | 3800 | 0,2 | 760 | 25-00 | 19000-00 |
2 | Жылкы | 1050 | 1,0 | 1050 | 120-00 | 126000-00 |
3 | Кара мал | 2025 | 1,0 | 2025 | 120-00 | 243000-00 |
Жалпы шарттуу малдын башы жана кирешенин жыйындысы |
388000-00 |
Жайыт ресурстарын башка максатта пайдалануу: мунун ичинде:
1 | Ашыкча кашаа | 12000-00 | ||||
2 | Бал челек үчүн | |||||
3 | Сугат | |||||
4 | Ит мурун, жаңгак, маданий бак. | |||||
5 | Туристтик эс алуучу жайларды уюштургандыгы үчүн | |||||
Жыйынтыгы | 12000-00 | |||||
Кирешелердин жыйындысы | 400000-00 |
Салам-Алик жайыт комитетинин 2023-жылга карата чыгаша бөлүгүнүн планынын аткарылышы.
Катар № | Чыгымдардын аталышы | Саны | Наркы | Суммасы |
1 | Төраганын эмгек акысы | 8 | 6250 | 50000-00 |
2 | Бухгалтер | — | — | — |
3 | Жайыт комитетинин ассосациясына | 5000-00 | ||
4 | Соц.фондко төлөм, эмгек акыдан. | 8625-00 | ||
5 | Иш жабдыктарына канц.товар. | — | ||
6 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга | 154250-00 | ||
7 | 1-3 айыл өкмөт эсебине | 166000-00 | ||
8 | Иш сапар чыгым | 12 | 16125-00 | |
10 | Ар түрдүү чыгым | — | ||
Бардыгы | 400000-00 |
Салам-Алик жайыт комитетинин
төрагасы Ш.Кунаев
Тиркеме № 1
Салам-Алик айылдык кеңешинин
7-чакырылыш кезектеги 27-сессиясынын
2024-жылдын 24-январындагы № 3
токтому менен бекитилген.
Салам-Алик жайыт комитетинин 2024-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору
Кат ар №
|
Малдын түрү | Саны | Которуу коефициенти | Шартуу малдын башы | Жайыт акысы | Суммасы
( сом). |
1 | Кой-эчки | 3800 | 0,2 | 760 | 25-00 | 19000-00 |
2 | Жылкы | 1050 | 1,0 | 1050 | 120-00 | 126000-00 |
3 | Кара мал | 2025 | 1,0 | 2025 | 120-00 | 243000-00 |
Жалпы шарттуу малдын башы жана кирешенин жыйындысы |
388000-00 |
Жайыт ресурстарын башка максатта пайдалануу: мунун ичинде:
1 | Ашыкча кашаа | 12000-00 | ||||
2 | Бал челек үчүн | |||||
3 | Сугат | |||||
4 | Ит мурун, жаңгак, маданий бак. | |||||
5 | Туристтик эс алуучу жайларды уюштургандыгы үчүн | |||||
Жыйынтыгы | 12000-00 | |||||
Кирешелердин жыйындысы | 400000-00 |
Салам-Алик жайыт комитетинин 2024-жылга карата чыгаша бөлүгүнүн долбоору.
Катар № | Чыгымдардын аталышы | Саны | Наркы | Суммасы |
1 | Төраганын эмгек акысы | 8 | 6250 | 50000-00 |
2 | Бухгалтер | — | — | — |
3 | Жайыт комитетинин ассосациясына | 5000-00 | ||
4 | Соц.фондко төлөм, эмгек акыдан. | 8625-00 | ||
5 | Иш жабдыктарына канц.товар. | 8000-00 | ||
6 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга | 154250-00 | ||
7 | 1-3 айыл өкмөт эсебине | 166000-00 | ||
8 | Иш сапар чыгым | 12 | 16125-00 | |
10 | Ар түрдүү чыгым | — | — | — |
Бардыгы | 400000-00 |
Салам-Алик жайыт комитетинии
төрагасы Ш.Кунаев
Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-январындагы № 4 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагын аралап өткөн Мырза-Аке-Кара-Шоро автожолун бузулуудан сактоо максатында көмүр ташыган оор жүк ташуучу автомашиналарды
убактылуу токтотуу жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл аймагын аралап өткөн Мырза-Аке-Кара-Шоро автожолун жазгы аба-ырайынын жолдордун эзилип, бузулуудан сактоо максатында көмүр ташыган оор жүк ташуучу автомашиналарды убактылуу токтотуу жөнүндө. боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2024-жылдын жаз айларынын башында күн жылып, жерде нымдуулук пайда болгондугуна байланыштуу Салам-Алик айыл аймагын аралап өткөн Мырза-Аке-Кара-Шоро автожолун бузулуудан сактоо максатында көмүр ташыган оор жүк ташуучу автомашиналар эки айлык мөөнөт менен 2024-жылдын 1-февралынан тартып 2024-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу токтотулсун.
2.Бул токтомдон келип чыккан иш-чараларды аткаруу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевке тапшырылсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча
туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-январындагы № 5 Салам-Алик айылы
Жайыт пайдалануучулардын 2024-жыл үчүн акы төлөөсү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Салам-Алик Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Кунаевтин сунушуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн ар бир шарттуу малдын башына 120-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда : Кой-эчкиге 25-00 сом;
Жылкыга 120-00 сом;
Кара малга 120-00 сом;
- Малчы чабанга мал баккандыгы үчүн эмгек акы:
Кара малга 400-00 сом;
Кой-эчкиге 120-00 сом;
- Элдин малын баккан малчы-чабандар жаз мезгилинде 15-апрелден кийин, жатакчылар 1-майдан кийин жайлоого көчүп чыгышсын.
- Элдин малын баккан малчы-чабандар күз мезгилинде 20-сентябрдан кийин, жатакчылар 10-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик Жайыт комитетинин төрагасы Кунаев Шухратка милдеттендирилсин.
6.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча
туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 28-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-февраль № 6 Салам-Алик айылы
“Пчелопитомник” акционердик коому пайдаланып жүргөн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жайыт жер тилкесин Салам-Алик айыл өкмөтүнүн карамагына (балансына) өткөрүп алуу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 64-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, 1998-жылы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынан “Пчелопитомник” акционердик коомуна өткөрүлүп берилген 6,1 га жайыт жер аянтын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарып алуу жөнүндөгү Өзгөн райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 11-254-24-сандуу талап катына ылайык жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
-
- “Пчелопитомник” акционердик коомуна берилген жер тилке ээсинин жерге болгон укуктары токтотулгандыгына байланыштуу, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 2,15 га жайыт жер аянтын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарып алуу жөнүндөгү Өзгөн райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 11-254-24-сандуу талап катында көрсөтүлгөн 6,1 га жайыт жер аянтынын ичинен 2,15 га Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, калган 3,95 га жайыт жери Ак-Жар айыл өкмөтү менен Өзгөн токой чарбасынын аймагында жайгашкандыгы эске алынсын.
- Бул токтомдун келип чыккан иш-аракеттерди аткаруу жана аткарылышын кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-февралы № 7 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылган иштери жана 2024-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери жана 2024-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө отчетун талкуулап, Салам-Алик айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери жана 2024-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө отчету канааттандырылсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
29-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-февралы № 8 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше
жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-жана 117-беренелерине ылайык жана айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү боюнча сунуштарын талкуулап, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 42822,7 (кырк эки миллион сегиз жүз жыйырма эки миң жети жүз) сомго жана 2023-жылдын бюджетинни чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 31854,4 (отуз бир миллион сегиз жүз элүү төрт миң төрт жүз) сомго бекитилсин.
- Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылып, аткарууга жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
29-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-февралы № 9 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына калган жергиликтүү бюджетинен калган калдык акча каражатын 2024-жылы айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-жана 117-беренелерине ылайык жана айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган 2024-жылдын 1-январына калган жергиликтүү бюджетинен калган калдык акча каражатын 2024-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшоо боюнча сунуштарын талкуулап жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына калган 10 031 564-00 (он миллион отуз бир миң беш жүз алтымыш төрт) сом акча каражаты калдык болуп өткөндүгү белгиленсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына калдык болуп өткөн 10 031 564-00 (он миллион отуз бир миң беш жүз алтымыш төрт) сом акча каражаты 2024-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү иштерине жумшоого макулдук берилсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына калган окуучулардын тамак-ашынан үнөмдөлгөн атайын каражат эсебинен 55 899-00 (элүү беш миң сегиз жүз токсон тогуз) сом акча каражаты бекитилсин.
- Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылып, аткарууга жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
29-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-февралы № 10 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардын кайрылуулары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана жарандардын арыз-кайрылууларын карап, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кош-Этер айылынын жамаатынын 2024-жылдын 25-январындагы кайрылууда жазылган Таш-Кыя участкасындагы элдин үлүш жерлерине суу чыгаруу үчүн 100 дүк өлчөмдөгү 1500 метр пластик труба алып берүү боюнча Кош-Этер айылынын көйгөлүү маселелерин чечүүдө 2024-жылга Кош-Этер айылына бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн башчысы К.Жумабаевдин 2024-жылдын 29-январындагы кайрылуусунда жазылган маданият үйүн толук кандуу иштеши үчүн театралдык отургучтарды оңдоого жана аккордеон, комуз, шынгырчак аспаптарын алуу үчүн 110000-00 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Өзгөн РИИБнүн Мырза-Аке АМБнүн башчысы М.Алтынбековдун 2024-жылдын 30-январындагы кайрылуусунда жазылган Салам-Алик айыл аймагынын калкынын коопсуздугун тейлеген милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүнө кызматтык автоунаа үчүн күйүүчү майына акчалай көмөк көрсөтүп бюджеттен каржылоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Атуул Бакышев Алишердин 2024-жылдын 5-февралындагы арызында көрсөтүлгөн Кош-Этер айылындагы Үркүнбай уулу Бакыш атындагы көчөсүндөгү калктын жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 7 даана электр столба алууга каражат бөлүп берүү боюнча Кош-Этер айылынын көйгөлүү маселелерин чечүүгө 2024-жыл үчүн бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-февралы № 11 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын кээ бир жарандарына Салам-Алик айыл аймагынын
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл айылынын 2024-жылдын 10-январындагы № 1-сандуу жалпы элдик жыйынын чечиминин негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кирешелери боюнча жетектөөчө адиси Термечиков Байыш Рысбаевичке, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Сабирова Самара Калыбековнага жана 15 жаш айылынын 2024-жылдын 12-январындагы № 2-сандуу элдик жыйынынын чечимине ылайык Ж.Примкулов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Кулмурзаев Сеитбек Калмурзаевичке Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кирешелери боюнча жетектөөчү адиси Термечиков Байыш Рысбаевичке жана Салам-Алик айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Сабирова Самара Калыбековнага жана 15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Кулмурзаев Сеитбек Калмурзаевичке Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана көп жылдык эмгегин эске алуу менен Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-февралы № 12 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук маданият үйүнө Кызыл-Байрак айылынын тургуну, маркум Абдыразаков Шамшидиндин ысымын ыйгаруу жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, жана Кызыл-Байрак айылынын жалпы элдик жыйынынын 2024-жылдын 11-февралындагы № 1-сандуу токтомуна ылайык жана Кызыл-Байрак айылынын айыл башчысы М.Караевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук маданият үйүнө Кызыл-Байрак айылынын атуулу, маркум Абдыразаков Шамшидиндин ысымы ыйгарылып, “Абдыразаков Шамшидин атындагы Салам-Алик борбордук маданият үйү”-деп атоого макулдук берилсин.
- Токтомду аткарууга алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-февралы № 13 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жумуштарына
өзгөртүү (коректировка) киргизүү боюнча материалдары жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Салам-Алик айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жумулштарына өзгөртүү (коректировка) киргизүү боюнча материалдары бекитилсин.
- Бул токтомдун келип чыккан иш-аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-февралы № 14 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын Кызыл-Байрак айылы менен Ара-Көл айылынын ортосундагы Сөөктүү-Булак участкасындагы жолду калыбына келтирүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Салам-Алик айылдыка кеңешинин төрайымы Б.Калмурзаеванын маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 1. Салам-Алик айыл аймагынын Кызыл-Байрак айылы менен Ара-Көл айылынын ортосундагы Сөөктүү-Булак участксындагы суу ташкыны жеп кеткен жолду ремонттоп, калыбына келтирүү үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдарга бөлүнгөн акча каражатынын суммасынан бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун келип чыккан иш-аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-февралы № 15 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагын аралап өткөн Мырза-Аке-Кара-Шоро мамлекеттик
автожолуна асфальт бастыруу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлиги тарабынан 2024-жылга пландалган Мырза-Аке-Кара-Шоро мамлекеттик автожолунун Салам-Алик айыл аймагын аралап өтүүчү 3 чакырым жолго асфальт басуу иштери 15 жаш айылынын Шыргыма участкасынан башталып, Кызыл-Байрак жана Кош-Этер айылдарынын ичиндеги талкаланып калган калктуу конуштардын ичинен баштап асфальт бастыруу боюнча иштерин жүргүзүү жагы тиешелүү жол тейлөө мекемесинен суралсын.
- Бул токтомдун келип чыккан иш-аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Бириккен айылдар боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 30-уюштуруу сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-марты № 16 Салам-Алик айылы
“Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин
мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде админстративдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-феврлындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан админстративдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө” убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдыке кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Тоо айыл аймагынын Эркин-Тоо жана Карчабек айылдарын Салам-Алик айыл аймагына бириктирилгендигине байланыштуу “Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин жаңы редакциядагы Убактылуу Жобосу бекитилсин.
- Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: «Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси.
расмий тилде: Учреждение «Айылный кенеш Салам-Аликского айылного аймака».
Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: «Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши» м-си.
расмий тилде: У-е «Айылный кенеш Салам-Аликского айылного аймака».
- “Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Салам-Алик айылы, Ж.Раимбеков көчөсү, №1 аныкталсын.
- “Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин Жобосу бекитилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
- Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталат.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
1-тиркеме
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жылдын
1-мартындагы № 16 токтому менен бекитилди
Салам-Алик айылдык кеңешинин убактылуу жобосу
- Жалпы жоболор
- Айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
- Айылдык кеңеш өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде Кызыл-Тоо айыл аймагынын Эркин-Тоо жана Карчабек айылдарын Салам-Алик айыл аймагына бириктирилген Салам-Алик айылдык кеңештин депутаттарынан турган (бириктирген), Салам-Алик айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
- Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси.
- расмий тилде: Учреждение «Айылный кеңеш Салам-Аликского айылного аймака».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Салам-Алик айылы, Ж.Раимбеков көчөсү, № 1.
- Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
- Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат
- Айылдык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
6.Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укутук формасы-сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
7.Айылдык кеңештин компетенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24-Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.
- Айылдык кеңештин чечимдери
- Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
- Айылдык кеңештердин ченемдик укутук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары-буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчүнө кирет.
Айылдык кеңештердин ченемдик укутук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Айылдык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
- Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
- Айылдык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13.Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
- Корутунду жоболор
- Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
- Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Айылдык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 30-уюштуруу сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-марты № 17 Салам-Алик айылы
“Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин
мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде админстративдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан админстративдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө” убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кызыл-Тоо айыл аймагынын Эркин-Тоо жана Карчабек айылдарын Салам-Алик айыл аймагына бириктирилгендигине “Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин жаңы редакциядагы Убактылуу Жобосу бекитилсин.
- Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: «Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
расмий тилде: Учреждение «Айыл окмот Салам-Аликского айылного аймака».
Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: «Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү» м-си.
расмий тилде: У-е «Айыл окмот Салам-Аликского айылного аймака».
- “Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Салам-Алик айыл өкмөтү, Салам-Алик айылы, Ж.Раимбеков көчөсү, №1 аныкталсын.
- Кызыл-Тоо айыл аймагынын Эркин-Тоо жана Карчабек айылдарын Салам-Алик айыл аймагына өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысы бекитилсин.
- Өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысына кол коюу жагы “Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин башчысына жүктөлсүн.
- “Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн
- Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталат.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
1-тиркеме
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жылдын
1-мартындагы № 17 токтому менен бекитилди
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн убактылуу жобосу
-
-
- Жалпы жоболор
-
- Айыл өкмөтүнүн ушул Убактылуу типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн ишин регламенттейт.
- Айыл өкмөтү тиешелүү айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
- Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери болот.
Айыл өкмөтүнүн толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси.
- расмий тилде: Учреждение «Айыл өкмөт Салам-Аликского айылного аймака».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Салам-Алик айылы, Ж.Раимбеков көчөсү, № 1.
- Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, айыл өкмөтү өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Айыл өкмөтүнүн мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
- Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
-
-
- Айыл өкмөтүнүн ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
-
- Айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, айыл өкмөтүнүн ишинин финансылык-экономикалык негиздери жана башка уюштуруу, укуктук, финансылык жана мүлктүк маселелер “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
- Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
- Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
- Айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча — тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
- Документтер менен иштөөнү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.
-
- Айыл өкмөтүнүн актыларынын милдеттүүлүгү
- Айыл өкмөтүнүн атынан актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.
- Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
- Айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбөөгө тийиш.
- Айыл өкмөтүнүн чечимдери тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
-
- Айыл өкмөтүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
- Айыл өкмөтүнүн мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
- Айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
Корутунду жоболор
- Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен киргизилет.
Башчы С.О.Абдыкадыров
Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 30-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-марты № 18 Салам-Алик айылы
Ара-Көл айылынын тургуну Майсалбек уулу Исхактын жеке менчик турак жайынын багытын өзгөртүп, диний окуу жай багытына каттоо жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Ара-Көл айылынын 2024-жылдын 1-мартындагы элдик жыйынынын протоколуна ылайык, Ара-Көл айылынын тургуну Майсалбек уулу Исхактын 2024-жылдын 28-февралындагы жазган арызынын негизинде, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-декабрындагы № 44-сандуу токтому менен берилген Ара-Көл айылынын тургуну Майсалбек уулу Исхактын №130а контурундагы жеке менчик турак-жай багытындагы идент. коду № 5-06-16-1004-0201 сандуу номериндеги турак-жай үйүнүн 400 м.кв. жер аянты менен жеке менчик турак-жай багыты өзгөртүлүп, Ара-Көл айылындагы диний окуу жай багытына ыңгайлаштырып каттоого макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Бул токтомдун келип чыккан иш-аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, турак-жай курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева