“Манас” эпосу кыргыз элинин улуттук байлыгы, оозеки элдик чыгармачылыктын баалуулугу, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври. “Манас” эпосу -кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын казынасы, элибиздин руханий табылгаларынын алгылууктууларын басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан -тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы . “Манас” эпосу дүйнөдө зор көлөмдүү көркөм чыгарма.
2024-жылдын 25-апрелинде райондун борбору Өзгөн шаарындагы Өзгөн тарыхый маданий музей коругунда “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы –“Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык маарекесине карата Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен 1000 окуучунун Манас айтуусунда “Урааным Манас”аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Ага акимдин орун басары Р.Мырзакулов, белгилүү жаш манасчы Нурбек Талантбеков, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп жамааты катышты.
Салттанатты акимдин орун басары Р Мырзакулов ачып,”Манас” эпосунун баалуулугу боюнча мазмунду сөз сүйлөп, манасты ар дайым даңазалоого үндөдү.
Иш-чарада 1000 окуучунун катышуусунда “Урааным Манас” деген аталышта “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды.