Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
06-май 2024-жыл № 32 Жылалды айылы
“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 СЕ (кен казуу иштерине) алган лицензиясына макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 09-январындагы № 01-9/6, № 01-9/7 корутундуларынын негизинде Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алыскы жайыттагы “Чаарташ” участкасындагы 89,1 га жайыт жер тилкесине чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жана 10,8 га жайыт жер тилкесине казуу иштерин жүргүзүү үчүн “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 СЕ (кен казуу иштерине) алган лицензиясына макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 09-январындагы № 01-9/6, № 01-9/7 корутундуларынын негизинде Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алыскы жайыттагы “Чаарташ” участкасындагы 89,1 га жайыт жер тилкесине чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жана 10,8 га жайыт жер тилкесине казуу иштерин жүргүзүү үчүн “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 СЕ (кен казуу иштерине) алган лицензиясына макулдук берилсин.
2. Суралсын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Өзгөн районундагы филиалынан жана Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине мыйзам ченеминдеги тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага Б.Мураталиев
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
06-май 2024-жыл № 33 Жылалды айылы
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитип берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитип берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
төрага Б.Мураталиев