Өзгөндө Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди. Алгач Улуу Ата-Мекендик согуштан кайтпай калган баатырлар эскерилип, гүл чамбарлар коюлду. Майрамды утурлай, Өзгөн райондук мамлекетиик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов райондогу 6 оруктун ардагерлерин күжүрмөн эмгектерин даңазалап, ар тараптуу колдоого даяр экенин билдирип куттуктады.
Өзгөн районунан Улуу Ата Мекендик согушка 7147 азаматтар каргашалуу согуш майданына аттанган. Алардын ичинен 4403ү мекенине кайтып, 2744ү кырчындай кезинде тынчтык үчүн өз жандарын аяшпай душмандар менен салгылашууда, кандуу талаада баатырларча курман болгон.
Аталган апаат согушта эр жүрөктүүлүгүн көрсөткөн 73 Кыргызстандык жоокерлерге Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наам ыйгарылган. Алардын ичинен 6 Советтер Союзунун Баатыры биздин Өзгөн районунан болгондугун тарых барактары тастыктап, муундан-муунга сыймыктануу менен айтып келебиз.