КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 82 “19” апрель2024-жыл
Жалпак-Таш айыл аймагынын административдик чек арасынын
схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жалпак-Таш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жалпак-Таш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
- Өзгөн районунун админстративдик аймагында жайгашкан Торгой участкасынын 812 га айыл чарба багытындагы жерлер Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагынын ичинде, чек аралардын түшүндүрмөсүндө так көрсөтүп жазууга өзгөчө көңүл бурулсун.
- Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрайымына жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрайым Г.Матиева
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы №83 “19” апрель 2024-жыл
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым
укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынынайыл аймактарынын жана шаарларыныны деңгээлинде пиллоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.20214-ж “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” №715 токтомуна токтомуна ылайык, регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо Департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө өткөрүп жөнүндө келишими бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо Департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Калдыбаева Майрамкан Токтоматовнага бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыковго милдеттендирилсин.
Төрайым Г.Матиева
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин
2024-жылдын 19-апрелиндеги
№83 токтому менен бекитилген
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым
мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
КЕЛИШИМ
- Келишимдин тараптары
1.1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине
караштуу Калкты каттоо департаменти, мындан ары “Департамент” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ишеним катынын негизинде аракеттенген директор А.К.Минбаевдин атынан, бир тараптан, жана Жалпак-Таш айыл өкмөтү мындан ары “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы” деп аталуучу, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын негизинде аракеттенген Сыдыков Замирбек Зулумбекович экинчи тараптан, мындан ары “Тараптар” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө” нускаманы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 жана 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтомдору менен бекитилген жоболорду жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
- Келишимдин негизи
2.1. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 19-декабрындагы № 715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтү төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
— Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспортту берүү;
— Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү;
— жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо;
— баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү;
— никелешүүнү мамлекеттик каттоо, ошондой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү;
— өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо, ошондой эле өлгөндүгү тууралуу
күбөлүк берүү;
— “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмгө арыздарды кабыл алуу.
2.2. Жалпак-Таш айыл өкмөтү жогоруда аталган берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.
- Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын
укуктары жана милдеттери
3.1. Департамент жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өзүнүн ыйгарым укуктарын берүүдө төмөнкүдөй укуктарга ээ:
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максаттарга берилген материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарылууга милдеттүү актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндө сунуштарды берүүгө;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суроого;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун формасын белгилөөгө;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, максаттуу багытта колдонулбаган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;
— ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда
жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.
3.2. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө
милдеттүү:
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам көрсөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыздоого;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында бир жылда эки жолкудан кем эмес окуу өткөрүүгө;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана өткөрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого;
— Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.
- Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары жана милдеттери
4.1. Жалпак-Таш айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө
укуктуу:
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттардын өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берилишин талап кылууга;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн
Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген
бузууларды жоюу боюнча Департаменттин кат жүзүндөгү сунуштарына
соттук тартипте даттанууга;
— ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда
жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.
4.2.Жалпак-Таш айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
— Келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана
берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуу бөлүгүндө мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүлүшү үчүн шарттарды камсыздоого;
— квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан
өткөрүлүүчү окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга;
— ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин
Департаментке учурдагы айга каржылоого Келишимдин 2-тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгө;
— ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнө (мындан ары – Департаменттин АБсы) Келишимдин 3-тиркемесине ылайык отчет берүүгө;
— ай сайын, квартал сайын, жарым жылда, жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө Департаменттин АБсына
Келишимдин 4 тиркемесине ылайык материалдык отчет берүүгө;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;
— Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым
укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.
- Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси
5.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган муниципалдык кызматкер болуп саналат.
5.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси даярдалган паспортторду жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланктарын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат. Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан арыз ээсине келтирилген зыян документтерди кайра калыбына келтирүү чыгымдарынын наркынын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт. Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине, Департаментке келтирилген зыянга төлөө өз ыктыяры менен же Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгиленген тартипте соттун чечими менен жүргүзүлөт.
5.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат:
— жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилген документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн;
— туулгандыгын, никелешүүнү, өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;
— туулгандыгы, никелешүү, өлгөндүгү жөнүндө актылык жазууларды
толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;
— Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле даярдалган паспортту берүү үчүн;
— Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун
алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү үчүн;
— жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;
— “балага сүйүнчү” арыздарын каттоо үчүн;
— арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун түп нускасы үчүн;
— арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн;
— арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;
— “ЖААК” АМСте документтерди өз убагында жана туура тариздөө, актылык жазууларга ылайык күбөлүк берүү үчүн;
— арыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен
документтерди кабыл алгандыгы үчүн;
— жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн;
— актылык жазуулар жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында берүү үчүн.
5.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү
өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө укуктуу:
— кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
— арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес, кош ИЖН болгон учурда бардык иш-аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ТБсына
кайрылуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө;
— жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга);
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
— эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого.
5.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү
өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
— жеке маалыматтардын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ага жетүү режимин камсыздоого;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;
— “Инфоком” МИ КБнын Регламентинин Кошулуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого;
— берилген документтерден оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү. Мындай учурда жасалмалоо белгилерин сыпаттоо менен үч нускада эркин формада акт түзүлөт, анын бири бир иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бөлүмдөрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси – Департаменттин аймактык бөлүмүндө
алат, үчүнчүсү – арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан
акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.
5.7. Ушул Келишимде каралбаган жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.
- Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
6.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн
тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасынын негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасына ылайык ушул Келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө белгиленген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
6.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуутрансферттердин
(субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.
6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү
төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин эмгек акысын;
— берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды: иш
сапардын чыгымдарын, Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн, кеңсе буюмдарын.
6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн
зарыл материалдык каражаттар Департамент тарабынан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
аткаруучу органына убактылуу колдонууга өткөрүп берилет.
6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп
берилүүчү материалдык каражаттар, чарба ишин жүргүзүү бөлүгүндө (жабдуулар, объекттер, техника ж.б.), алар макулдашуу комиссияларында каралып, колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүп берилүүгө тийиш. Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнөн паритеттик башталышта түзүлөт.
6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги Тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
6.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдонуу тартиби Департамент тарабынан аныкталат.
6.9. Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 шаттык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан ишке ашырылат.
- Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын
отчеттуулук формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Департаменттин аймактык ТБсына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:
— ай сайын 3-күндөн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табыштаманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык;
— ай сайын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту
Келишимдин 3 тиркемесине ылайык;
— ай сайын, квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында 4-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды колдонуу жөнүндө финансылык отчетту мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен макулдашылган форма боюнча Келишимдин 4-тиркемесине ылайык.
8.Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо тартиби
8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын
контролдоо (мындан ары – контролдоо) Келишимдин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлөт.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Департаменттин аймактык ТБсы жүргүзөт.
8.3. Департаменттин аймактык ТБсы:
— аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө сунуштарды жиберүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан
мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;
— Келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул Келишимди бузуу жөнүндөгү сунуштарды даярдайт жана жогоруда турган органга киргизет.
8.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүчө жүргүзөт:
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын
ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы бөлүгүндө координациялоо;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан мыйзамда же берүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетторду кабыл алуу;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын
ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттардын колдонулушу бөлүгүндө текшерүү жүргүзүү;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди мыйзамдуулугу жана максаттуулугу жагынан баалоо.
- Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү
9.1. Ушул Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү кеңеш тарабынан Келишим бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9.2. Ушул Келишим _______________ тартып ________________
чейин колдонулат. Эгер ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин эки Тарап тең Келишимди бузуу жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда автоматтык түрдө узартылат.
9.3. Ушул Келишим үч нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалык күчкө ээ: ар бир Тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.
- Келишимдин шарттарын өзгөртүү
10.1. Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилет.
10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш.
- Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздер жана токтотуу тартиби
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
— Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
— Келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджетте кезектеги финансылык жылга трансферттердин (субвенциялардын) жоктугу;
— ушул Келишим боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;
— мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз
алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алышы (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу);
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ушул Келишимде жана/же “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартуусу (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу).
11.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу Департаменттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
11.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
— мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместиги;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке
ашыруу мүмкүн эместиги;
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же)
ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.4. Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
— Департамент тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруусун, анын ичинен алардын аткарбагандыгынан же тийиштүү ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышы;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу, эгер ушул бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун
— берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.5. Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамлекеттик
ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, токтотууну демилгелеген Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.
11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган Тарап аны 15 иш күндүн ичинде кароого милдеттүү жана билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө экинчи Тарапка маалымдоого тийиш. Экинчи Тарап билдирүүгө макул болгон учурда, Тараптардын макулдашуусунун негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.
11.7. 30 иш күндүн ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп болбогон учурда же экинчи Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.
11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.
11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо ушул Келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул жөнүндө 15 иш күндүн ичинде Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жазуу жүзүндө билдирет.
11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган аны аткарууга тийиш.
11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтото туруу жана аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
- Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12.2. Айыл өкмөттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү аткарууну уюштуруу, өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу колдонуу жана ушул Келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
- Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
13.1. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу же соттук тартипте чечилет.
- Тараптардын дареги жана колу
Кыргыз Республикасынын Ош облусу, Өзгөн району
Санариптик өнүктүрүү Жалпак-Таш айыл өкмөтү
министлигине караштуу Калкты Курбу-Таш айылы,
каттоо департаменти Абдыкаар көчөсү-34г
Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 381, тел.0707 487967
(312) 380058 ИНН 00902200710030
БИК 440001,ОКПО24358798
Э/ч4407021001000680
Департаменттин директору Айыл өкмөттүн башчысы
_______________________ ___________________
А.К.Минбаев З.З.Сыдыков
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы №84 “26” апрель 2024-жыл
Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ош шаары, Ош,
Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 13-март 2024-жылдагы № 01-8/22 сандуу катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн Ош областынын Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн, 2022-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчётун карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн Ош областынын Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн, 2022-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчётту жана жазма буйругу, айылдык кеңештин сессиясында каралгандыгы белгиленсин.
2.Текшерүү учурунда кетирилген кемчилдиктердин үстүндө иш алып баруу, мындан ары кемчилдиктерге жол бербөө жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрайым Г.Матиева
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы №85 “26” апрель 2024-жыл
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө штаттан тышкары контрактын негизде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин эмгек акыларын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралынагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомуна ылайык штаттан тышкары контрактын негизде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин эмгек акыларын өлчөмүн бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жеригиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 27-февралындагы №01-25/63 буйругу менен бекитилген усулдук колдонмону жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө штаттан тышкары контрактын негизде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин эмгек акылары 25,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2.Контрактык негизде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин эмгек акылары жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин жана мыйзам чегинде эмгек акыларын эсептеп, төлөп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым Г.Матиева
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 86 “26” апрель 2024-жыл
Ош мамлекеттик университетине Курбу-Таш айылындагы
жер көчкү баскан жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-27-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Курбу-Таш айылындагы жер көчкүнүн кесепетинен деградацияланган кыртышты калыбына келтирүү үчүн токой-мелиоративдик иш-аракеттер жана биорекультивациялоо аркылуу өздөштүрүү боюнча Ош мамлекеттик университетине убактылуу ижарага берүү жөнүндө маселени талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылындагы жер көчкүнүн кесепетинен деградацияланган жалпысы 58,50 га , анын ичинен 46,50 га жер аянты токой-мелиоративдик иш-аракеттер жана биорекультивациялоо жолу аркылуу жер кыртышын калыбына келтирүү жана өздөштүрүү үчүн Ош мамлекеттик университетине мөөнөттүү келишимдик негизде ижарага берилсин .
2.Курбу-Таш айылындагы жер көчкүнүн кесепетинен тосулган жалпысы 58,50 га жер аянтынын 12,0 га жер аянты жайыт категориясына калтырылсын.
4.Жер аянтынын Кыргыз Республкасынын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык, контурларын тактоо менен мөөнөттүү ижара келишим түзүү, жер аянттарына укуктук документтерди тариздөө жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрайым Г.Матиева
Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү Курбу-Таш айылынын жер көчкү басып калган аймагынан 46,5 га жер аянтын Ош мамлекеттик университетине кыртышты калыбына келтирүү максатында токой-мелиоративдик иш-аракеттер жана биорекультивациялоо аркылуу өздөштүрүүгө ижарага берүү жөнүндө
К Е Л И Ш И М
Өзгөн району, Курбу-Таш айылы. 31. 05. 2024-ж.
Биз, биринчи тарап Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтү (мындан ары «Ижарага берүүчү» деп аталат) 1-тарап жана экинчи тарап Ош мамлекеттик университети 2-тарап (мындан ары “Ижарачы” деп аталат) болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы №735-т тескемесин ишке ашыруу жөнүндө” 29.12.2023-ж.№52-182-буйругуна ылайык ушул Ижара келишимин (мындан ары “Келишим” деп аталат) төмөнкүдөй мазмунда түздүк:
- Келишимдин предмети.
1.1. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан сунушталып БУУ тарабынан колдоо таап, 2022-жыл Эл аралык тоолор жылы, ал эми Кыргызстанда Тоо экосистемасын сактоо жана климаттык туруктуулук жылы, 2023-2027-жылдардын тоо экосистемаларын өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жана «Жашыл мурас» улуттук программасынын жарыяланышы мезгилдин талабына шайкеш келип, ага ылайык алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылдын жаз айларында Курбу-Таш айылындагы 80 ден ашуун турак-жайды, социалдык обьектилерди ж.б. курулуштарды басып калган ири аянттагы жер көчкү жүргөн аймактан 46,5 га жер аянты Ош мамлекеттик университетине анын кызматкерлери тарабынан «Курбу-Таш токой» долбоорунун алкагында 2018-жылдан баштап аткарылып жаткан илимий-өндүрүштүк иштерди улантуу жана ишке ашыруу макстатында жер көчкүнүн кесепетинен деградацияланган кыртышты калыбына келтирүү үчүн токой-мелиоративдик иш-аракеттер жана биорекультивациялоо аркылуу өздөштүрүүгө ижарага берилет.
- Ижара мөөнөтү жана акысы.
2.1. “Ижарага берүүчү” 2017-ж. жер көчкүсү жүргөн Курбу-Таш айылынын аймагынан ушул Келишимдин негизинде 46,5 га жер участкасын “Ижарачыга” 2024-жылдын 31-майынан баштап, 2031-жылдын 31-майына чейин 7 (жети) жылдык мөөнөткө өздөштүрүүгө берет.
2.2. “Ижарага берүүчү” бул жер аянтын ОшМУнун кызматкерлери тарабынан азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан илимий-өндүрүштүк иштерди улантуу жана ишке ашыруу макстатында мындагы жер көчкүнүн кесепетинен деградацияланган кыртышты калыбына келтирүү үчүн токой-мелиоративдик иш-аракеттер жана биорекультивациялоо аркылуу өздөштүрүүгө ижарага акысыз берет.
- «Ижарага берүүчүнүн» укуктары жана милдеттери.
- «Ижарага берүүчү» төмөнкүлөргө укуктуу:
- «Ижарачынын» алган жер аянтында ушул келишимде көрсөтүлгөн максаттардагы пайдалануусуна жана коргоосуна туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырууга;
- Жер участкасында мелиоративдик, жердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүүчү, жерди жакшыртуучу, токой, бак көчөттөрүн коргоочу, эрозияга каршы ж.б. курулган объектилерди пайдаланууга “ижарачынын” макулдугу менен катышууга;
- «Ижарачынын» чарбалык ишмердигинин натыйжасында экологиялык абалдын жана жердин сапатынын начарлоосуна келтирилген зыяндын ордун толтуруусун талап кылууга;
- «Ижарага берүүчү» төмөнкүлөргө милдеттүү:
- «Ижарачыга» жер участкасын келишим катталган күндөн 10 күндүк мөөнөттө жана келишимдин шарттарында көрсөтүлгөн жана анын дайындоосуна ылайык чечим кабыл алып жер аянтын өткөрүп берүү-өткөрүп алуу тууралуу түзүлгөн Актысы аркылуу өткөрүп берүүгө;
- «Ижарачынын» өз алдынча чарба жүргүзүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, чарбалык ишмердигине кийлигишпөөгө жана жер участкасын натыйжалуу пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;
- Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 31-беренесинин 3,4- пункттарынын талаптарына ылайык, «Ижарачыга» жер аянтын пайдаланууга укук берүүгө негиз болуучу талап кылынган тиешелүү документтерди каттоо үчүн кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо мамлекеттик органдарына («Кадастр» мамлекеттик мекемесине) жөнөтүүгө жана катталган документтерди кайра «Ижарачыга» берүүгө;
- Жер аянтын ижарага пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурда аны кайрадан ижарага берүүнү Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7-бересинин 2,4,5-пункттарына ылайык жүргүзүүгө.
- «Ижарага берүүчү» төмөнкүлөргө укуктуу:
- «Ижарачынын» укуктары жана милдеттери.
4.1. «Ижарачы» төмөндөгүлөргө укуктуу:
4.1.1.«Ижарачы» ижарага алган жер участкасында өз алдынча илимий-изилдөө, жергиликтүү коомчулукту колдоо максатындагы экологиялык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чарба жүргүзүүгө;
4.1.2..«Ижарачы» ижарага жер аянтын жана анын айланасын өз каражатынын эсебинен, же инвестиция тартуу жолу менен комплекстүү түрдө толук тосууга жана буга чейинки тосмолорду, ошондой эле отургузулган бак-дарактарды реконструкциялоого, интродукциялык иш-аракеттерди жүргүзүүгө;
4.1.3. “Ижарачы” ижара алган жер аянтында мамлекеттик компетентүү мекеме-ишканаларда эмгектенген кызматкерлер, алдыңкы жеке чарбалык сектордогу багбандар, дыйкандар жана агрардык тармактагы кесипкөй адистерди чакырып, алар менен биргеликте тажрыйба алмашуу максатында илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, жолугушууларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
4.1.4. «Ижарачы» ушул келишимдин 3.1.1, 3.1.2 жана 3.1.3 — пункттарында көрсөтүлгөн жана ушул сыяктуу аткарылган башка иштер тууралуу биринчи, экинчи жана башка тараптардын (айыл өкмөттүн, адистердин, көз карандысыз эксперттердин, көргөн күбөлөрдүн ж.б.) өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргеликте зарыл болгон кызматтык жана жөнөкөй актыларды түзүүгө.
4.2. «Ижарачы» төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1.«Ижарачы» ижарага алган жер аянтын ушул келишимде көрсөтүлгөн максаттарга ылайык пайдаланууга;
4.2.2. Өзүнүн чарбалык ишмердигинин натыйжасында ижарага алган жер участкасында илимий-изилдөө, жергиликтүү коомчулукту колдоо максатындагы экологиялык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чарба жүргүзүүдө ага чектеш аймактарда экологиялык кырдаалдын начарлашына жол бербөөгө;
4.2.3. Чарбалык иштерди жүргүзүүдө жаратылышты сактоо жана коргоо технологияларын колдонуу менен жерди эрозиядан, шордонуудан, сазга айлануудан, булгануудан ж.б. сактоо, жерди рационалдуу пайлалануу жана коргоо боюнча зарыл иш-аракеттерди комплекстүү жүргүзүүгө;
4.2.4. Башка жер пайдалануучулардын жана жаратылыш пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой ж.б. жаратылыш обьектилерин пайдалануунун тартибин бузбоого;
4.2.5. Өзүнүн чарбалык ишкердигинин натыйжасында экологиялык абалдын жана жердин сапатынын начарлатууга байланыштуу келтирилген зыянды толук көлөмдө «Ижарага берүүчүгө» ордун толтуруп берүүгө;
4.2.6. «Ижарага берүүчүгө», ошондой эле жерди пайдалануу жана сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөл органдарына ижарага алынган жер аянтынын аймагына эркин күрүүсүн камсыз кылууга.
- Форс-мажор.
5.1. Форс-мажордук, башкача атйканда, тараптар өздөрү алдын ала албаган жана болтурбай кое албаган, алардын эркинен жана каалоолорунан сырткары пайда болгон кырдаалдын натыйжасында ушул келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбаган учурда жоопкерчиликти тартышпайт. Жер титирөө, суу ташкыны, жер көчкү, сел жүрүү, өрт чыгуу ж.б.у.с. күтүлбөгөн табийгый кырсыктар, технологиялык кыйроолор, эпидемиялар, согуш аракеттери ж.б. өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик, жана анын органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге байланыштуу жер аянтын пайдалануудагы өзгөргөн шарттар форс-мажордук болуп саналат.
5.2. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга тоскоолук болуучу форс-мажордук кырдаалга кабылган тараптар бул боюнча экинчи тарапка кат жүзүндө алдын-ала кабаралоого милдеттүү.
5.3. Форс-мажордук кырдаалдар болуп калган учурда ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келишимдеги милдеттерди аткарууга кедергисин тийгизген жана тоскоолдук кылган кырдаалга байланышкан убакытка узартылат.
5.4. Эгерде Форс-мажордук кырдаалдар тараптардын кайсы бири үчүн келишимдеги милдеттерди аткарууга мындан ары мүмкүн болбосо, экинчи тарапты милдеттүү түрдө кабарлоо менен бул келишимди бир тараптуу токтото алат.
- Келишимди бузуунун, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн
тартиби.
- Бул ижара келишими өзүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин бир тараптуу бузулбайт.
6.2. Ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда эки тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана, же сот тартибинде бузууга, же өзгөртүүгө болот.
6.3. Эгерде тараптардын өзара макулдугунун негизинде кабыл алынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Келишимге анын мөөнөтү бүткөнгө чейин жазуу жүзүндө түзүлүп жана кол коюлган болсо, алар жарактуу деп эсептелинет.
- Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби.
7.1. Түзүлгөн ушул келишим боюнча пайда болгон талаш-тартыштардын бардыгын тараптар өзара сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө аркеттенишет.
7.2. Тараптар өзара макулдашууга жетише албаган учурда, талаш-тартыштар сот тартибинде каралып чечилет.
- 8. Корутунду жоболор.
8.1. Келишим юридикалык бирдей күчтөгү 3 (үч) окшош нускада түзүлөт. Бир нускасы «Ижарага берүүчүгө», экинчиси «Ижарачыга», үчүнчүсү «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалына тапшырылат.
8.2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн райондук филиалы тарабынан “ижарачыга” жердин чек аралары так аныктап, жер күбөлүгү, “ижарага берүүчү” тарабынан “ижарачыга”жасалып берилет.
8.3. Келишим тараптар кол коюшкан күндөн баштап юридикалык күчүнө кирет.
8.4. Ушул ижара келишимине төмөнкү документтер тиркелет:
а). Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер аянтын ижарага берүү жөнүндө токтому;
б). Ижарага берилген жер участкасынын экспликациясы;
в). Ижарага берилген жер участкасынын план схемасы (документи);
г). Ижарага берилген жер участкасын өткөрүп берүү-өткөрүп алуу тууралуу түзүлгөн Актысы.
д) Ижарага берилген жер тилкесинин жер күбөлүгү.
Тараптардын реквизиттери, даректери жана кол коюулары
«Ижарага берүүчү» «Ижарачы»
Жалпак-Таш айыл өкмөтү Ош мамлекеттик университети
Дареги: Ош облусу. Өзгөн району. Дареги: 723500, Ош шаары, Курбу-Таш айылы, Абдыкаар көчөсү 34 Ленин көч. 331.
Э/э 4407021001000680 Э/э: № 1290393230420323
БИК 440001 РСК Банк ААК
ИСН: 00207199610017 БИК 129039
Борбордук казыналык
ИСН: 00902200710030
Айыл өкмөтүнүн башчысы ОшМУнун ректору, профессор
__________________ З.З.Сыдыков ________________ К.Г Кожобеков
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 87 “26” апрель 2024-жыл
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттигинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү жоболорун бекитүү жөнүндөгү” 2024-жылдын 6-мартындагы №01-25/77 буйругуна ылайык, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрайым Г.Матиева
БЕКИТИЛДИ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин
2024-жылдын 26-апрелиндеги №87
токтому менен 1-тиркеме
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жобосу
- Жалпы жоболор
- Айыл өкмөтүнүн ушул Убактылуу типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн ишин регламенттейт.
- Айыл өкмөтү тиешелүү айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
- Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери болот.
Айыл өкмөтүнүн расмий аталышы:
— мамлекеттик тилде: “Жалпак-Таш айыл өкмөтү”.
— расмий тилде: «Жалпак-Таш айыл окмоту».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Курбу-Таш айылы, Абдыкаар көчөсү, №34г
- Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, айыл өкмөтү өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Айыл өкмөтүнүн мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
- Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
- Айыл өкмөтүнүн ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
- Айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, айыл өкмөтүнүн ишинин финансылык-экономикалык негиздери жана башка уюштуруу, укуктук, финансылык жана мүлктүк маселелер “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
- Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
- Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
- Айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча — тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
- Документтер менен иштөөнү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.
- Айыл өкмөтүнүн актыларынын милдеттүүлүгү
- Айыл өкмөтүнүн атынан актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.
- Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
- Айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбөөгө тийиш.
- Айыл өкмөтүнүн чечимдери тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
- Айыл өкмөтүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
- Айыл өкмөтүнүн мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
- Айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
- Корутунду жоболор
- Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен киргизилет.
_____________________________________________________________
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 88 “26” апрель 2024-жыл
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттигинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү жоболорун бекитүү жөнүндөгү” 2024-жылдын 6-мартындагы №01-25/77 буйругуна ылайык, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрайым Г.Матиева
БЕКИТИЛДИ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин
2024-жылдын 26-апрелиндеги №88
токтому менен 1-тиркеме
Жалпак-Таш айылдык кеңештин жобосу
- Жалпы жоболор
- Айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
- Айылдык кеңеш– өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде Жалпак-Таш айылдык кеңештин депутаттарынан турган (бириктирилген жок), Жалпак-Таш айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
- Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин расмий аталышы:
— мамлекеттик тилде – “Жалпак-Таш айылдык кеңеши”;
— расмий тилде «Жалпак-Ташский айылный кенеш».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Курбу-Таш айылы, Абдыкаар көчөсү, №34г
- Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
- Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
- Айылдык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
- Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы — сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
- Айылдык кеңештин компетенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.
- Айылдык кеңештин чечимдери
- Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
- Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары — буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Айылдык кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
- Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
- Айылдык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
- Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
- Корутунду жоболор
- Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
- Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Айылдык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
______________________________________________________________
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 88а “26” апрель 2024-жыл
Жалпак-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын
Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын” негизинде жергиликтүү жамааттын типтүү уставын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча 2022-жылдын 12-декабрындагы №279 буйругун аткаруу максатында айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыковдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын уставы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын уставын айылдарга жеткирүү билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Исламидин уулу Русланга милдеттендирилсин.
Төрайым Г.Матиева
БЕКИТИЛДИ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин
2024-жылдын 26-апрелиндеги №88а
токтому менен 1-тиркеме
Жалпак-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттын
Типтүү Уставы
Биз, Жалпак-Таш айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен; ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “ Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп; өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
I.Жалпы жоболор
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
III. Жергиликтүү маанидеги маселелер
- Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
- Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
- Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн тартиби
VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери
VIII. Корутунду жоболор
I.Жалпы жоболор
- Жалпы жоболор
1.1. Жалпак-Таш айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав шаарда же айыл аймагында колдонулат жана өзүнүн уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, шаар же айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын 2 бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
- Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
администрациялык-аймактык бирдик — бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;
жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар; демилгечи топ – ушул Уставга ылайык айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү, айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн айыл аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме; (Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);
жергиликтүү курултай (жергиликтүү жамааттын курултайы) – айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берүү максатында өткөрүлүүчү айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмилдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги; жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу (жыйыны) – жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн колдонулуучу бир көчөнүн, айыл аймагынын же шаардын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы.
коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, 3 оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;
жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу;
каада-салт – кандайдыр бир элдин турмуш тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахла, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт.
салт — жалпы элдик мүнөздөгү менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат.
эреже – бул ишмердүүлүктүн кандайдыр-бир түрүн жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу процедуралык эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук актынын формасы.
- Айылдык аймактын территориясы
3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт: — Курбу-Таш айылы; Ак-Терек айылы; Карл-Маркс айылы; Киров айылы; Кысык-Алма айылы; Түз-Бел айылы; Үч-Каптал айылы; Кара-Тарык айылы; Алча-Башат айылы; Боз-Ала айылы.
- Айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын статусу, укуктары жана милдеттери
4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, шаарда же айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары шаардын же айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
4.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат.
4.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүнүн бардык негизги маселелерин жергиликтүү жамаат менен макулдашып чечишет, өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды чечет.
4.4. Жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнүн деңгээлине төмөндөгү белгилердин (прецеденттик мүнөздөмөлөрдүн) негизинде баа берсе болот: — коомдук өз ара аракеттенүү, коңшулук мамилелер, жүрүм-турумдун жалпы эрежелери жана нормалары; 4 — чарбалык муктаждык (көпүрө куруу, эс алуу, билим берүү жайларын ремонттоо жана башка) келип чыккандагы жашоочулардын биримдиги; — жан-дүйнө жана маданий керектөөлөрүн чечүүдө жашоочулардын биримдиги; — жашаган жерин көрктөндүрүүдө жашоочулардын биримдиги; — коллективдүү жана жеке укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодогу биримдик; — аймактык коомдук башкаруунун (TOC) болушу жана активдүүлүгү; — жарандардын өз ара салык киргизүүсүнүн болушу; — маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдөгү жашоочулардын активдүүлүгү (жылына өткөрүлгөн иш чаранын саны жана катышкандардын саны); — өндүрүштүк, чарбалык ишмердиктеги өз ара байланыш; — жарандардын ченем чыгаруудагы активдүүлүгү (чогулуштарда, жыйындарда чечим кабыл алууга катышуусу); — жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу (ЖӨБО отчетторун угууга катышкан жамааттын мүчөлөрүнүн саны); — жашоочулардын бири-бирине өз ара социалдык жардам көрсөтүүсү (той, маркумду узатуу жана башка иш чараларына катышуусу, ардагерлерге жана багуусуз калгандарга жардам берүүсү).
4.5. Жергиликтүү жамааттын зарылчылыгына жараша башка жергиликтүү жамааттар менен түздөн-түз алакага кирүүгө укугу бар.
4.6. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленет.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби
5.1. Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаарда же айылдык аймакта өзү жашаган дареги боюнча каттоодон өтүү фактысы аны шаардын же айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.
5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок шаарда же айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
5.3. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.
5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат: — ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо; — ал каза болгондо; — аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; — ал шаардан же айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу: — жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга; — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого; — жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого — мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгечи топторду түзүүгө; — жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгеүү топторду түзүүгө; — айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө, жамаатка тийешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө; — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга; — муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга; — айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга; — жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамааташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга: — жергиликтүү курултайларга, айылдык жыйындарга, чогулуштарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө; — уставда каралган ушул укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында тиешелүү органдарга кайрылууга; — жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну 6 талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга; — жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга; — жаңы турак-жай конуштарынын кеңештери аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды, жамаатты, коммерциялык эмес уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбегендей түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө; — жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет); — мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга; — адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаат, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушун талап кылууга; — ушул Уставда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга; — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери
7.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү: — Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого; — жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого; — жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө; — этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө; — этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга; — жамаатын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө; — жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча (бекитилген шарттарды, чекиттерди) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, жарандык коргонуунун талаптарын сактоого жана башка коомдук кызматтарды милдетүү түрдө аткарууга; — жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Уставдын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга; — жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого; — жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга. — өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү алууну камсыз кылууга; — калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого; — курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жана жан жаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аёосуз күрөшүүгө, тарихый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого; — калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого; — мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга; — турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө; — мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүлөргө жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле жасабай ага каршы күрөшүүгө милдеттүү. Жергиликтүү жамааттын ар-бир мүчөсү, өз аймагынын калыптанып калган шарттарына жараша, кошумча төмөндөгү өзгөчө милдеттерди жана парздарды аткарууга милдеттүү: — ар бир ата-эненин милдети катары баланын өсүп-өнүгүүсүнө жана билим алуусуна кам көрүүгө, туура тарбия берүүгө жооп берүүгө; — эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир бала ата-энелерине камкордук көрүүгө; — жалпы калктын ыйык парзы катары жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоого, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок карыкартаңдарды, майыптарды, эмгекке жарамсыздарды камкордукка алууга жана багууга; — улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүүгө, араккечтике, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоого, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоого, коомдук тартипти сактоого катышууга; — ар бир үй-бүлө башчысы өз үй-бүлөөсүндө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылууга, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоого, үй-бүлөө 8 мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды эмгектенүүгө, Ата-Мекенин, өз айылын шаарын сүйүүгө, патриотуукка, интернационализмге, достукка тарбиялоого; — ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүгө; — айыл аймагынын, коомдук жайларында жамааттын беделин түшүрүүчү жосунсуз жоруктарды жасабоого, намысты бекем кармоо ыйык парз экендигин унутпоого; — маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз жоруктарды жасоого, атап айтканда көңүл айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичүүлөргө, уруксат берилгенден ашык мал союуга, жыртыш таратууга, кийит кийгизүүго, доорон акы берүүгө катуу тыюу салынат; — кызды күйөөгө берүү, келин алуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлөт жана ашыкча чыгымга жол берилбейт; — ичкиликке, наркоманияга өтө берилген атуулдарга коомдук жаза чаралары менен таасир кылууга катышууга; — айылдагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн алдында фонд ачылат, түшкөн каражат комиссия аркылуу бөлүштүрүлүп турулат; — уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөөгө; — айыл аймагындагы жол жээктериндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды айыл өкмөтүнүн уруксатысыз кыюуга тыюу салынат; — ар бир айылда бада же кезүү уюштурулуп бош жүргөн мал болбоого тийиш. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат. — Орозо, Курбан айт, Ноорузду спирт ичимдиксиз белгилөө ар адамдын ыйык милдети деп эсептелинет.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары
8.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жарандардын жергиликтүү жамааттары түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруу (айыл өкмөттөр) органдары аркылуу жүзөгө ашырышат.
8.3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелелерди жыйындарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда талкуулоо, ченем чыгаруу демилгесин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну тикелей ишке ашырышат.
8.4. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
9.1. Куршаб айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү, өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.
9.2. Жарандар мыйзамдарга жана ушул уставга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылышат, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алышат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланышат.
9.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат.
9.4. Айыл өкмөтү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү учурунда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.
9.5. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү.
III. Жергиликтүү маанидеги маселелер
- Жергиликтүү маанидеги маселелер
10.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер – бул айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер. Алар тиешелүү мыйзам жана жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртүлөт жана/же токтотулат. 10.2. Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси Мыйзамда белгиленген тизме менен биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.
10.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.
10.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
- Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоонун тартиби
11.1. Маселени жергиликтүү маанидеги деп табуу үчүн ал жергиликтүү муктаждыктын жана кызыкчылыктын болушу, мамлекеттик же башка тараптардын эч кимиси аны чечпей жатышы, аны чечүү үчүн ресурстарды табуунун мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы, аны аткаруучу субъектилердин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жамаат) отчеттуулугу сыяктуу критерийлерге туура келүүгө тийиш.
11.2. Төмөнкү тизмедеги маселелер жергиликтүү маанидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттын уставына киргизилиши мүмкүн: көчөлөрдү, суу курулмаларын оңдоп-түзөөнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; коомдук пайдалануудагы жерлердеги бак-дарактарды өстүрүүнү жана коргоону жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоону жана багууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнү жана пайдаланууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы сугат суусун колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы ичүүчү сууну колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда жазгы айдап-себүү жана күзгү оруп-жыюу жумуштарынын мезгилинде калк менен кызмат көрсөтүүчү механизаторлордун ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү; жергиликтүү жамааттын ичиндеги ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай түзүү, жергиликтүү жүрүм-турумду, адеп-ахлакты бекемдөөгө, элдик каада-салты сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү; үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү.
11.3. Жергиликтүү жамаат өзү ушул уставга ылайык аныктаган Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча эрежелерди иштеп чыгат, колдонууга киргизет жана сакталышын, аткарылышын көзөмөлдөйт.
- Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу, бул учурдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби. Демилгечи топтор
12.1. Жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 16 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (мындан ары — СЭӨП) натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.
12.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу жамааттын мүчөлөрүнүн жамааттын муктаждыктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип же өз алдынча иликтөөсү аркылуу жүзөгө ашырылат.
12.3. Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде айыл өкмөтү жана /же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ар кайсы тармактар боюнча демилгечи топторду түзөт, аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аткарууга жооптууларды белгилейт. Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу, аларды чечүү боюнча иш-чараларды аныктоо, бул тууралуу шаардын же айылдык аймактын жашоочуларынын ой-пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу ишке ашырылат. 12.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат: — жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү; — жергиликтүү кеңештин депутаттары; — шаардын мэриясынын же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери; — мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү.
12.5. Айыл өкмөтү жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча жыйынга (чогулушка), коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат: — жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары; — өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.); — тандалып алынган багыттар боюнча демилгечи топтордун санын; — жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
12.6. Демилгечи топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашылат, андан кийин айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен бекитилет.
12.7. Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтүү жамаат менен жыйында (чогулушта), коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына же болбосо маалыматтык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.
12.8. Социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республкасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
12.9. Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдыкэкономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
- Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
13.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.
13.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат: — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү; — шаардын же айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин /долбоорлордун/ программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү; — жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу; — этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
13.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.
13.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгечи топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар кирүүгө укуктуу. Топтун курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
13.5. Айыл өкмөтү ушул Уставдын 15.1.-15.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.
13.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн жыйындарга (чогулуштарга), коомдук угууларга, курултайларга зарылчылыгына жараша киргизилет.
- Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
14.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, ченемдик укуктук актыларга ылайык, жашаган жери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгелери жана өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү үчүн айыл аймагынын бөлүгүндө ишке ашыруу үчүн аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын уюштурууга укуктуу.
14.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары шаарларда аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңеши, айылдарда кварталдык, көчө жана үй комитеттери түрүндө түзүлөт.
14.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет. 14.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар жергиликтүү кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.
14.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына келишимдик негизде жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди өткөрүп бериши мүмкүн. Ошондой эле аларга ыкчам башкарууга чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жай эмес фондду, ошондой эле өзүнүн материалдык жана башка ресурстарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.
14.6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берет.
- Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну
жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
- Жергиликтүү жамааттын курултайы
15.1. Айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан өтө маанилүү маселелерди, анын ичинде жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна тиешелүү жергиликтүү маанидеги маселелерди жамааттын мүчөлөрү менен талкуулап, сунуштама түрүндө коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны — жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары — курултай) чакырылат. Курултайдын делегаттары (жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү) жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.
15.2.Курултайдын ишин уюштуруу конституциялык мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Жободо жана ушул уставда каралган тартипте жүргүзүлөт.
15.3. Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу: — жергиликтүү жамааттардын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү; — өнүктүрүү программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аркеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары – СЭӨП, БАП ж.б.); — жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү; — жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу; — коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка ишчараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо; — өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө; — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.
15.4. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын катышуусу менен жергиликтүү кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери жергиликтүү кеңеш жактыргандан кийин шаар же айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.
15.5. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана шаар же айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча шаардык же айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат. Эгерде айыл аймагы бирден ашык калктуу пунктан, аймактык бирдиктен турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы пропорционалдуу түрдө алардын ар биринин калкынын өкүлчүлүгүн эске алуу зарыл.
15.6. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси жергиликтүү кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот. 15.7. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.
- Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши
16.1. Калыптанып калган практикага ылайык шаарлар кичи райондордон, жеке секторлордон, чөлкөмдөрдөн жана турак-жай конуштарынан, айыл аймактары айылдардан (калктуу конуштардан) турат. Алар территориясы боюнча аймактык коомдук башкарууларга, кварталдарга жана көчөлөргө бөлүнгөн.
16.2. Курултайлардын аралыгында (ортосунда) жергиликтүү жамааттын ишмердүүлүгүн уюштуруу максатында курултайдын чечими менен айыл аймагынын бүткүл территориясын камтыгандай түрдө бардык аймактык коомдук башкаруулардан, айылдардан, бир жылга шайланган бирден өкүл, шаардын же айыл аймагынан сыртта жашаган жердештик коомдордун башчылары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү түзгөн коомдук уюмдардын жетекчилери курамына кирген Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши (мындан ары-Кичи кеңеш) түзүлөт.
16.3. Кичи кеңешке жергиликтүү курултайдын төрагасы жетекчилик кылат.
16.4. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын аймагында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, карыялар кеңешин, аксакалдар сотун, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ), коммерциялык эмес уюмдарды жана башка коомдук уюмдарды түзүшүнө түрткү берет жана көмөк көрсөтөт.
16.5. Кичи кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте иш алып барат.
16.6. Кичи кеңеш туруктуу жана ыкчам байланышта болуу үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартуу менен уотсап-топторун түзөт.
16.7. Жергиликтүү жамаатта болуп жаткан жагдайды терең билүү, өздөрүнө ашыкча жүк албоо үчүн Кичи кеңештин мүчөлөрү багыттар боюнча иш бөлүштүрүп алышат.
16.8. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын пикири, сунушу, макулдугу зарыл болгон учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруп жаткан иш чараларына толук курамы менен катышат, кызыкчылыгына жараша аймактык коомдук башкаруулардын, айылдардын, элин катышууга чакырат. Иш-чараларына катышуу тууралуу кезектеги курултайда билдирүү берет.
16.9. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын уставынын жол-жоболорун түшүндүрөт жана жамааттын арасында таратат, уставдын сакталышына, аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзөт.
16.10. Кичи кеңеш Кыргызстандын шаарларындагы жана чет өлкөлөрдөгү жердештик коомдор менен байланыш түзөт жана алардын мүчөлөрүн, ыктыярдуу каражаттарын айыл аймагын өнүктүрүүгө тартат.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындары (чогулуштары)
17.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында айыл аймагынын бөлүгүндө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйыны (чогулушу) өткөрүлөт.
17.2. Жыйындарда (чогулуштарда) төмөндөгү маселелер каралат: — жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору; — айыл аймагын өнүктүрүүнүн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор; — айыл аймагынын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы; — айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтурбоо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү; — жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө; — ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо; — турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү; — аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери; 16 — жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору; — айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кароо; — жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу айыл аймагынын территорияларынын чектеринде шаардын же айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, административдик борборун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, шаарды же айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү; — жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
17.3. Жыйындар (чогулуштар) шаардын же айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгечи топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо менен чакырылат.
17.4. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жыйындар (чогулуштар) айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгилеген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
17.5. Жыйындарда (чогулушта) талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнөн түшкөн суроолорго, сунуштарга, сынпикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген жыйындын (чогулуштун) катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.
17.6. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.
- Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелөөнүн, уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
18.1. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүүнү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгечи топтор), жергиликтүү кеңеш же жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы демилгелей алышат.
18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жыйынды (чогулушту) өткөрүү боюнча саны 11-15 адамдан кем эмес демилгечи топту түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгечи топтун мүчөлөрүнүн мындан башка дагы саны белгилениши мүмкүн. Демилгечи топ айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин төрагасына чогулуш өткөрүү жөнүндө кайрылуу жөнөтөт.
18.3. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек: — кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди), жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени; — иш-чарага катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын, шаардын же айылдык аймактын); — иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду; — демилгечи топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды (алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган даректерин).
18.4. Кайрылуу айыл өкмөтүнүн башчысына же жергиликтүү кеңештин төрагасына келип түшкөн (катталган) күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.
18.5. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аны өткөрүүдөн баш тартат. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
18.6. Жыйынга (чогулушка) эгерде ага тийиштүү шаардын же аймактын (көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын ___ пайызы катышса, же жыйынга (чогулушка) чакырылгандардын ___ пайызы катышса, жыйын (чогулуш) укуктуу болуп эсептелет. (Жыйындын (чогулуштун) укуктуулугун аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).
18.7. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдардын, айыл аймагынын, шаардын) жашоочуларынын, же чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, жыйын (чогулуш) катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.
- 1 Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем жаратуу (элдик) демилгеси
19.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем жаратуу (элдик) демилгесин көтөрүү укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем жаратуу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана жергиликтүү кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
19.2. Ченем жаратуу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.
19.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында — шаарда же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
19.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеӊешке киргизилиши мүмкүн эмес.
19.5. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. Шаарда же айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
19.6. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет.
Эскертүү Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 адамды, калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды түзөт.
19.7. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгечи топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен жергиликтүү кеңештин төрагасына кайрылат.
19.8. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет: — токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу; — токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы; — маалымкат-негиздеме; — жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица; — төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.
19.9. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
19.10. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңеш тарабынан каралууга жатат.
19.11. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, жергиликтүү кеңеш токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
- Коомдук угуулар. Коомдук угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
20.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, иликтөөгө катышуучулардан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.
20.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттануусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
20.3. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (шаардын мэриясына же айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
20.4. Коомдук угуулар офлайн же/жана онлайн формаларында уюштурулушу жана өткөрүлүшү мүмкүн. Коомдук угууну уюштуруу жана өткөрүү формасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча коомдук угууларды онлайн формасында уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиниин ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгып колдонууга сунушталат.
20.5. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер: — жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу; — өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.); — муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу); — ичүүчү жана сугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричилик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү; — жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.
20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө өткөрүлөт: — жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелерди талкуулоодо; — өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоодо (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.); — муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө, мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учурунда.Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, сугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
20.7. Коомдук угуулар, эгерде ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын ____ кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).
- Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
- Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери
21.1. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыз кылуу, айылкыштактардын жана шаардын турмуш шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир жашоочунун жыргалчылыгы болуусу, өзүн-өзү башкаруу коомун түзүү максаттарын көздөйт.
21.2. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган элдин мыкты салт-адаттарын сактайт, азыркы жашоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өркүндөтөт жана жайылтат. 21.3. Жамааттын күндөлүк турмушуна жана ишмердигине, жалпы жашоонун эрежелерин кабыл алууга жана кынтыксыз аткарууга катышуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талап коюу менен катар аларга көмөк көрсөтүү, мыкты жашоонун үлгүсүн түзүүгө, аймакты жана шаарды өнүктүрүүгө салым кошуу жергиликтүү жамааттын ар бир мүчөсүнүн ыйык парзы? Жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты болуп саналат.
- Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери
22.1. Формалдуу эмес жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу бар жерде төмөнтөн (подъезд, үй, көчө, квартал) жогоруга (айыл, кичи район, конуш, айыл, айыл аймагы, шаар) чейин түзүлөт. Жамааттын ичиндеги мүчөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилени өнүктүрүүдө жамааттын турмушуна катышуунун төмөнкү деңгээлинен (таанышуу, маалымат алмашуу жана таратуу) ортоңку деңгээлине (талкуулоо) анан жогорку деңгээлине (ишке тартуу жана кызматташтык) өтүү акырындык менен, диалог процессин жакшы пландаштыруу, аны чечим кабыл алуу процессине билгичтик менен жеткирүү ишке ашырылат.
22.2. Биринчи кадамда булар жасалат. Жамаатты түзүү үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн өздөрү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдына, көчөгө, кварталга чогултулуп, ал жерде мэриянын же айыл өкмөтүнүн кызматкери (же жигердүү жаран) таанышуу кечесин өткөрөт. Жашоочулар бир сыйра таанышып бүткөндөн кийин көп кабаттуу үйдүн, көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын жана шаардын көйгөйлөрү талкууланат, чечүүнү талап кылган маселелер аныкталат, аларды чечүүгө макулдугу бар ыктыярдуулар, активдүүлөр жана ишмердүүлөр аныкталып жазылып алынат.
22.3. Жаран өзү жашаган жерде жергиликтүү жамааттын мүчөсү болот, кызматтардан толук кандуу жана сапаттуу пайдалануу, комфорттуу (булганбаган таза айлана, ак-пейилдүү мамиле, коопсуз чөйрө, ж.б.) шартта жашоо үчүн анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гана талап коюусу аздык кылат. Жаран бардык жамаатка керектүү шарттарды түзүүгө үзбөй катышуусу абзел.
22.4. Экинчи кадамда булар жасалат. Биринчи кадамда аныкталган демилгечилер, ыктыярдуулар, жигердүүлөр жана ишмердүүлөр экинчи жолугушууга чакырылат, алар менен жолугушууга иши жакшы жүрүп жаткан башка ушундай эле топтун өкүлдөрү чакырылат. Пикир алышуудан кийин алардын жашаган жерине барып иштери менен таанышуу жүргүзүлөт.
22.5. Үчүнчү кадамда булар жасалат. Флэш-моб өткөрүлүп биринчи эки жолугушууга катышкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн чогултулат, алардын катышуусу менен тазалоо-көрктөндүрүү же оңдоп-түздөө боюнча анча чоң эмес эмгек акциясы өткөрүлөт.
- Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери
23.1. Уставга Мыйзамда аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине кирбеген, кирсе дагы ишке ашыруу процедуралары татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү боюнча эрежелер киргизилет.
23.2. Ушул Уставда аныкталган Жергиликтүү жамааттын ички жашоотиричилигинин эрежелерин бузуу үчүн төмөндөгүдөй жаза чаралары колдонулат: — эскертүү; — коомдук уяткаруу; — айып пул төлөө.
23.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин бузуу фактыларын каттоону (тариздөөнү), айып пулдарды өндүрүүнү жергиликтүү жамааттын кичи кенеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте ишке ашырат.
- Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоонун жана багуунун эрежелери
24.1. Калктуу конуштарда жеке чарбада малды жана канаттуларды кармоо тартиби Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекси, “Жаныбарларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Бишкек шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун эрежелери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы № 36 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат.
24.2. Ар бир кожолук адамдар, мал арасында жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөө максатында өз менчигиндеги малды, ит, мышыкты, канаттууну өз убагында каттоодон өткөрүүгө, ветеринардык кароодон өткөрүп турууга, тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга, кой эчкилерди өз убагында күпкөөдөн өткөрүүгө милдеттүү. Айыл аймагындагы, шаардагы ар бир кожолук ээси жыл ичинде өзүнүн мал жандыгын жылына эки жолу дарылатып турууга милдеттенет.
24.3. Жамааттын мал кармаган ар бир мүчөсү өз менчигиндеги малды жайыт комитети жана айыл өкмөтү менен макулдашылган жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарга, болгондо да чектелген мөөнөттөргө чейин кармоого милдеттүү.
24.4. Жаныбарларды жана канаттууларды көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарда, газондордо жана жарандардын эс алуу жайларында багууга болбойт. Ит жана мышык кожоюну менен бирге жипке байланган, мурун кап тагылган абалда болууга тийиш. Бул эрежелер аткарылбаган учурда алар кароосуз калган деп эсептелет.
24.5. Кароосуз калтырылган ит, мышык, кой, эчки, бодо мал, канаттуу зыян келтирсе (адамдарды, балдарды чочутса, мүлкүнө зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 124-беренесине ылайык, калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу үчүн эскертүү берилет же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга (дыйкан чарбаларына) 170 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.
24.6. Мал жандыктарды жайыт комитети жана айыл өкмөтү тыюу салган ички жайыттарга кармоого, алыскы жайыттарга белгиленген убактан кеч көчүүгө, күзүндө эрте көчүп келүүгө болбойт. Ээси жок аңызга кирген мал кароосуз калтырылган мал деп эсептелет, убактылуу кармоочу жайга айдалып барып киргизилет.
24.7. Кароосуз бош жүргөн малды болтурбоо үчүн ар бир айылда бада же кезүү уюштурулат. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 238-беренесине ылайык, айдоо жерлерин атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.
- Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнүн жана пайдалануунун эрежелери
25.1. Туруктуу негизде же убакыттын кайсы бир учурунда чектелбеген сандагы адамдардын пайдалануусу үчүн арналган территория, мейкиндик, бөлмө коомдук жер деп аталат. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер – пайдалануу (ал жакта жүрүү, болуу) үчүн коомчулукка жеткиликтүү болгон, чек аралары жана атайын юридикалык статусу бар жерлер.
25.2. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге жолдор, көчөлөр, тротуар, сквер, бульвар, парк, аянт, таштанды чогултуучу жерлер, көп кабаттуу үйлөрдө подъезддер, үйдүн айланасындагы жерлер, лифттер, чердак жана подвал, көлмөлөр, пляждар, сугат арыктары кирет.
25.3. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүгө, сактоого жергиликтүү жамаат кол кабыш кылат.
25.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин чек аралары так аныкталып, чек белгилери коюлат.
25.5. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди менчикке сатууга тыюу салынат.
25.6. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге убактылуу соода, коомдук тамак-аш орундарын жайгаштырууга уруксат берилиши мүмкүн.
25.7. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер өзүнүн арналуу багытына жараша пайдаланылат.
- Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы сугат суусун колдонуу эрежелери
26.1. Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттүү.
26.2. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар суу пайдалануучулар болуп эсептелет.
26.3. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, суу ресурстарын пайдалануу сууну чарбалык участокторду (огород, там арка) сугаруу үчүн пайдалануу, сугатка жана малды сугарууга пайдалануу маселелерин да камтыйт.
26.4. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Айыл өкмөтү суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) менен бирдикте бул максатта сугат суусун бөлүп берет, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашып, сугат суусун пайдалануунун убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет, анын аткарылышын камсыз кылат.
26.5. Сугат суусун коромжусуз сапаттуу жана эсеби менен пайдалануу үчүн коомдук башталышта же суу пайдалануучулардын эсебинен ылайыктуу акы алып иштөөчү, айыл өкмөтү же (СПА) же жамаат тарабынан дайындалуучу жана көзөмөлдөнүүчү мирабдын кызматы киргизилет.
26.6. Сууну максатка ылайыксыз жана сарамжалсыз пайдалануу (көзөмөлсүз сугаруу, жолго, кошунасынын огородуна чыгара жайып сууга жедирип зыян келтирүү, сууну сугарып бүткөндөн кийин башын бекитип бурбай таштап коюу) суу пайдалануу эрежесин орой бузуу болуп эсептелет жана суу пайдалануучунун айып төлөөсүнө алып келет. Аны үч күндүн ичинде жоюу боюнча чараларды көрбөө, айып пулун төлөбөө Абоненттин суу пайдалануу укугун чектөөгө алып келет.
26.7. Турак үйлөрдүн территориясынын сугат суусунун арыгы өтүүчү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык коомдук сервитутта (ээсинин чектелген пайдалануусунда) турат. Ошондуктан өзүнүн территориясы менен агып өтүп жаткан сугат суусун чектөө (буруп алуу, бууп коюу) укук бузуу болуп эсептелет, тоскоолдук токтоосуз жөнгө салынышы керек жана ал үчүн айып пул салынат.
- Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы ичүүчү сууну колдонуу эрежелери
27.1. Ичүүчү сууну колдонуу маселеси “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
27.2. Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты ичүүчү суу менен стандарттарга жана санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык камсыз кылууга милдеттүү.
27.3. Калкты ичүүчү суу менен суу менен жабдуу ишканалары — шаарларда “Сууканал” ишканалары, айыл-кыштактарда Ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелери абоненттик келишимдин негизинде жүргүзүшөт.
27.4. Ичүүчү сууну керектөөчүлөр суу менен жабдуу ишканаларынан ичүүчү суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты жөнүндө так маалыматты талап кылууга укуктуу.
27.5. Ичүүчү сууну керектөөчү абоненттер төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
27.5.1. өзүнүн эсебинен сатып алып ичүүчү сууну эсепке алуучу приборду (водомерди) пломбасы менен орнотууга, аны оң абалда кармоого, суу келүүчү түтүктөрдү, водомерди кышкысын тоңуп калып жарылуудан сактоого, ал үчүн жылуулоого;
27.5.2. водомердин көрсөткүчү боюнча керектелген суу үчүн тиешелүү жерге акы төлөп турууга;
27.6. Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым көрсөткүчтөр боюнча ылайык келбөө аныкталган учурда, суу менен жабдуу ишканалары жана аларды көзөмөлдөөчү органдар бул тууралу сууну керектөөчүлөргө келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш.
27.7. Калкка жөнөтүлүүчү ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалыматты өз убагында бербегенде же бурмалап бергенде, өз убагында толук жана так маалымат берүүдөн баш тартканда, сууну керектөөчүлөр чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда жана ал калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде же ушул тутумдарды пайдаланган ишканаларга зыян келтиргенде Мыйзамдарда жоопкерчилик каралган.
27.8. Жогорудагыдай укук бузуулар үчүн айып пулдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат.
- Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына катышуунун эрежелери
28.1. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жашаган жеринде жарандардын руханий, физикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жүзөгө ашырылуучу, жарандардын көп бөлүгүнүн катышуусу менен ишке ашырылуучу аракеттердин же коомдук турмуштун кубулуштарынын жыйындысы, ошондой эле адамдардын ортосундагы социалдык байланыштын формасы жана инсандын, коллективдин жана жалпы коомдун биримдигинин мамилелерин өнүктүрүүнүн жолу болуп эсептелет.
28.2. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына ишембиликтер же башка эмгек акциялары, маданий-массалык иш чаралары (фестивалдар, майрамдар, анын ичинде диний майрамдар, концерттер, көргөзмөлөр, жарманкелер ж.б.), спорттук-массалык иш чаралары (спартакиадалар, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер ж. б.) кирет.
28.3. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жыйындарда, чогулуштарда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айтышкан сунуштарды, жергиликтүү жамаатты кеңири тааныштыруу, бириктирүү жана ынтымакташтыруу боюнча зарылчылыктарды, өлкөдө, облуста, шаарда, райондо болуучу иш чараларды эске алуу менен, айыл өкмөтү/шаардын мэриясы менен макулдашылып, алдын-ала 1 жылга түзүлөт. Шартка жараша планга өзгөртүүлөр киргизилет.
28.4. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында өткөрүлүүчү ишчаралары тууралуу (максаты, өткөрүү убактысы, өткөрүү орду, катышуучулардын контингенти ж.б.) кабар уюштуруучулар (жергиликтүү жамааттын демилгечи тобу, айыл өкмөтү/шаардын мэриясы, ж.б.) тарабынан кулактандырууларды илүү, уотсап-топторду түзүү ж.б. жолдор аркылуу жамаатка жеткирилет.
28.5. Ишембиликтер жана эмгек акциялары көпчүлүктүн кызыкчылыгында уюштурулган расмий иш-чара болуп саналат. Алардын максаты жеке эле адамдардын жашаган жериндеги аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү, сугат суу каналдарын жана арыктарды, социалдык объектилерди оңдоого кол кабыш кылуу эмес, жаранды жамааттын ичинде болууга, жалпы пайдаланылуучу нерселерди түзүүгө адилеттүүлүк менен теңчилик болгондой катышууга шарт түзүү болуп эсептелет.
28.6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тазалоо-көрктөндүрүү, оңдоптүздөө, ден соолуктуу жана ынтымакты чыңдоочу ар кандай иш-чараларына сөзсүз катышат, убактысы болбогондо, макулдашуу менен үй бүлө мүчөлөрүн иштеп жаткан топко кошушат, же акча-каражатын/тамак-ашын чыгаруу менен компенсациялашат.
- Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуунун эрежелери
29.1. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.
29.2. Ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери аз санда жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого кеңири катышат.
29.3. Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу башталышта ар биринин курамы 10-15 адамдан турган коомдук тартипти сактоо боюнча 5-6 элдик дружина түзүлөт. Дружина түзүүнү чечкен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунда бул тууралуу чечим кабыл алынат, дружинанын аты бекитилет, дружинанын командири, командиринин орун басары шайланат.
29.4. Айылдык кеңеш элдик дружинаны каттайт, ички иштер органдары менен бирдикте элдик дружинанын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана повязка менен камсыз болууга көмөк көрсөтөт.
29.5. Элдик дружинанын командири дружинанын маршруттарын жана рейдге чыгуусунун графигин иштеп чыгат, ал боюнча дружинанын мезгилдүү – жай кезде дем алышына 1 жолу, чукул кырдаал болгондо абал тынчыганча күнүгө патрулга чыгуусун уюштурат. 29.6. Элдик дружина ички иштер органдарынын кызматкерлери, аксакалдар соту менен бирдикте иш алып барат, криминалдык кырдаал тууралуу маалыматтарды аларга билдирип, алардан да маалымат алып турат.
- Жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай, тынчтыкты жана коомдук биримдикти түзүү үчүн жергиликтүү жүрүш-туруштун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, мыкты салтадатты сактоонун жана өнүктүрүүнүн мыйзамдарда аныкталбаган тартибин аныктоонун жана бекитүүнүн эрежелери
30.1.1. Мыкты каада-салттарды, үрп-адаттарды сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамилени (адамдардын бири-бирине, үй-бүлөгө жана коомго болгон мамилелериндеги мээримдүүлүк), жашоого жагымдуу маанайды түзүүнүн, жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты куруунун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, улуттук баалуулуктарды (мекенчилдик, боорукердик, кайрымдуулук, айкөлдүк, меймандостук) сактоонун жана даңазалоонун, жергиликтүү жүрүм-турумду калыпка салуунун каражаты катары колдонулат.
30.1.2. Этностун, улуттун тубаса өзгөчөлүгүн сактап калууга жөндөмдүү жаңы муунду тарбиялоо, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликтүү болууга, ата-эне, эл-журт алдында милдетти сезе билүүгө, улууларды сыйлоого ж.б. жакшы сапаттарга тарбиялоо жамааттын негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет.
30.1.3. Коомдук жайлардагы жүрүш-туруштун эрежелери (тартиби) коомдогу адамдардын ыңгайлуу жанаша жашоосун жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган. Адептүүлүктүн жана этикеттин стандарттары — ар кандай кырдаалдар үчүн бирдиктүү жүрүм-турум эрежелери. Бул ченемдерди ар кандай кырдаалдар үчүн түшүнүү, боюна сиңирүү жана аларды туура колдонуу адамдын жалпы маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
30.2. Жергиликтүү жамаатта өз аймагында калыптанып калган жүрүмтурум практикасын эске алуу менен саламдашуу адеби акырындык менен жөнгө салынат. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында «Салам бериш — карыз, алик алыш — парыз», «жашка, мансапка, бирөөгө көз карандылыкка карап салам берилбейт, салам баары үчүн бирдей болот», «бир күн туз таткан жериңе миң күн салам бер», «жашы кичүүлөр жашы улууларга озунуп салам айтат», «топко улуу кишилер салам айтып кирип келсе, кичүүлөр ордунан туруп алик алат», «кыргыз салтында өбүшүп учурашуу жок», «жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен өөп койсо болот», «атчан киши жөө кишиге, улоодо, же кыймылда бараткан адам токтоп турганга, жаштар улууларга, жамаатка кирип келген киши ал жердегилерге салам айтат» деген эрежелерди түшүндүрүү жана аткарылышына жетишүү ишке ашырылат.
30.3. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында коомдук жайда жүргөндөгү жүрүм-турумдун адеби — орду менен сүйлөө, айланадагылар менен сылык мамиледе болуу, какырынып-түкүрунүп айлананы булгоо, жаман, орой жана уят сөздөрдү айтуу адамдын тарбиясыздыгы экендиги, маданияттуулук жашоону алда канча жеңилдете тургандыгы түшүндүрүлот, аны ишке ашырууга жетишилет.
30.4. Айылда, башка калктуу пункттарда саат 23.00дөн 07.00гө чейинки аралыкта жеке жана юридикалык жактарга үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген эң жогорку чегин бузууга, анын ичинде үндү кайра чыгаруучу жана күчөтүүчү түзүлүштөрдү колдонуу менен төмөнкү жерлерде “жымжырттык режимин” бузууга тыюу салынат: — көп кабаттуу үйлөрдө, турак жайларда, турак жайларда жана жалпы пайдалануудагы жатаканаларда; — чектеш аймактарда, турак жай кичи райондорунун аймактарында жана турак жай имараттарынын топторунда; — билим берүү, медициналык уюмдардын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды, жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана болуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын имараттарында жана аймагында.
30.5. Адеп-ахлакты бекемдөө, мыкты каада-салтты, үрп-адатты сактоо жана өнүктүрүү жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруунун гана шарты болбостон, жамааттын ички биримдигин бузуп, конфликттерге – чыр-чатактарга алып келүүчү жат аракеттерге каршы туруунун куралы, жамаатта моралдыкэтикалык биримдикти жана тилектеш жашоону орнотуунун каражаты болуп эсептелет. Жалпы жамаат биримдик-ынтымакка келиш үчүн максат-тилек, карманган баалуулуктар негизинен бир багыттуу болушу керек.
30.6. Айыл аймагынын жамааты достук этикасын – бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычын: “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”, “бул менин өлкөм, менин Ата журтум”, “бала-бакырамдын келечеги, бак-таалайы ушул жер, ушул эл менен байланыштуу”, “ушул өлкөнүн туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм” эрежелерин жетекчиликке алышат.
30.7. Айылда жылына бир жолу «Айыл аймагынын күнү» өткөрүлөт. Иш чараны жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши, демилгечи жарандар демилгелеп, даярдап өткөрүшөт. Майрамда ушул жылы үйлөнгөн айыл аймагынын жигиттери жана турмушка чыккан айыл аймагынын кыздары, 60-, 70-, 80-, 90-, 100-жашка чыккан ардагерлер, чоң спорттук, маданий, илимий жеңишке жетишкендер жана башка белгилүү инсандар, айыл аймагынын жетишкендиктери, шаардын/айыл аймагынын келечектеги өнүгүүсү тууралуу айтылат, жергиликтүү калк ичинен чыккан таланттар концерт беришет.
30.8. Айылда жылына бир жолу мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн «акыркы коңгуроо» күнүндө 60-, 70-жашка чыккан ардагерлер, айыл аймагынын мыкты адамдары шаар/айыл бийиктен обзор болуп көрүнгөн бийик жерге чыгып, жаштарга айыл аймагынын мындан аркы тагдырын, келечегин курууну эстафета катары тапшырып беришет. Бул күнү ушул шаардын/айыл аймагынын ийгиликке жетишкен окумуштуу, илимпоз, кадырлуу ардагерлери сыяктуу инсандары кантип максатына жеткендиги, ал үчүн канча мээнет короткондугу тууралуу айтып берүү менен келечек жаш муундарга дем беришет.
30.9. Типтүү уставдын ушул бөлүмүндөгү эрежелерди аткарбоо үчүн жазалоо каралат.
- Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери
31.1. Айыл аймагынын жамааты баланын төрөлүшү, кыз берүү, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү, тартуу берүү сыяктуу үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү, күндөлүк жашоо-тиричилик, кийим-кечек, тамак-аш ж. б. байланыштуу эң маанилүү, эң негизги салт-адаттарды калыбына келтирүүнү, заманга жараша жаңылоону, акырындык менен жайылтат (жалпы колдонууга киргизет).
31.2. Үй бүлөлүк салтанаттардын кайсы түрлөрүн кандай тартипте өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.
31.3. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, катышуучу адамдардын жана колдонулуучу автоунаалардын, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.
- Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери
32.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.
32.2. Маркумга байланышкан иш чараларына сөөк коюу, кыркылык берүү, аш берүү кирет. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен жогоруда аталган иш чараларын өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүнүн эрежелери
33.1. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелер, анын ичинде жамааттын ички жашоо-тиричилигинин маселелери боюнча ар кандай коллективдүү пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды талаштарды чечет.
33.2. Пикир келишпестик, чыр-чатак деп жогорудагы көрсөтүлгөн маселелер боюнча дал келбеген максаттары бар же бар деп ойлошкон экиден ашык тараптардын ортосундагы мамиле түшүнүлөт.
33.3. Пикир келишпестик менен чыр-чатактардын себеби ресурстардын жетишсиздиги, кызыкчылыктардын айырмачылыгы, ар түрдүү баалуулуктарды тутунгандык, маалыматтын жетишсиздиги, адамдын керектөөлөрүн канааттандырбоо же тебелеп-тепселөө, жана башкалар болушу мүмкүн. Пикир келишпестиктер менен чыр-чатактар деструктивдүү (абалдын туруктуулугун бузуучу) гана болбостон конструктивдүү (көйгөйдү чечүүнүн жаңы жолун сунуштоочу, абалды турукташтыруучу) да болот.
33.4. Жамааттын эки-үч тобунун (эки көп кабаттуу үйдүн, эки көчөнүн, эки кварталдын, эки айыл аймагынын жашоочуларынын) ортосунда пикир келишпестик, чыр-чатак келип чыкканда аны чечүүчү топко (калыс топ) ушул топторго кирбеген аксакалдар сотунун, карыялар кеңешинин, жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн, мэриянын, аялдар кеңешинин, жаштар кеңешинин, жергиликтүү жамааттын кичи кеңешинин өкүлдөрү кирет.
33.5. Калыс топ талашып жаткан топтордун жүйөөлөрүн кезеги менен угат, аларга эл көзүнчө бири-бирине суроо бердирип-жооп алдырат. Андан соң калыс топтун ар бир мүчөсү кезеги менен жашы кичүүсү мурда, анан улуулата пикирин айтышат, аягында жашы улуусу бүтүм чыгарат. Эгерде талашкан топтор калыс топту талашты чече алган жок десе, анда калыс топ өздөрүнчө жашыруун кеңешип, бир бүтүм айтат. Талашкан тараптар макул болбосо жаңы калыс топ түзүлөт да ушундай эле тартипте иш алып барат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка эл тарабынан шайлануучу коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери
34.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн, алардын көзөмөлү жана жетекчилиги алдында иштөөчү көптөгөн комиссиялар, жамааттын мүчөлөрү тикелей шайлаган же өздөрү түптөгөн көптөгөн коомдук уюмдар бар. Алардын максаты, иштөө тартиби, эл алдында отчет берүүсүнүн мезгилдүүлүгү алар жөнүндөгү мыйзамдарда жана жоболордо каралган.
34.2. Жергиликтүү жамаат (кичи кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, элдин пикирин эске алуу менен, ушул Уставда каралган түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилери менен макулдашып, жарым жылдын (жылдын) аягына туштап, отчет угуу күндөрү өтө жыш же сейрек болбогондой кылып, отчетторду өткөрүүнүн убагын белгилейт, түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилерин, элди алдын-ала кабарлайт.
34.3. Отчетторго элди чакыруу учурунда эң башкысы келген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү бардык территориялардан өкүл болгондой, кийинки отчеттордо башка адамдар келгендей, отчет уккан адамдар үйүнө барганда тегерегиндегилерге маалымат бергендей кылып уюштуруу зарыл.
34.4. Отчетторду уккандан кийин алар боюнча суроолор берилип, талкуулоо жүргүзүлүп, «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деп баа берилет.
- Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери
- Жергиликтүү жамааттын башка жергиликтүү жамааттар менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери
35.1. Коңшулаш ынтымакта жашоон, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүргүзүү, айыл чарба жана жайыт жерлерин, чарбалар аралык каналдарды пайдалануу жана оңдоп-түзөө, жана башка маселелер боюнча, зарыл болгон учурда же өз демилгеси боюнча, жергиликтүү жамаат аймагы чектешкен же чектешпеген башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзө алат.
35.2. Башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзүүнүн тартиби ушул уставдын жана алакалашып жаткан жергиликтүү жамааттардын уставына, макулдашылган жазуу жүзүндөгү же оозеки келишимдик шарттарга ылайык жүргүзүлөт.
- Жергиликтүү жамааттын жарандык коомдун түзүмдөрү менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери
36.1. Жергиликтүү кызыкчылыкты коргоп, ал үчүн күрөшкөн жергиликтүү жамааттан айырмаланып жарандык коомдун түзүмдөрү жеке адам менен мамлекеттин, жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктардын ортосундагы бириктирүүчү байламта болуп, алардын иш жүргүзүү аймагы өздөрү түзүлгөн жергиликтүү жамааттын территориясы менен чектелбейт.
36.2. Жергиликтүү жамааттар өз аймагында түзүлгөн же башка жакта түзүлүп, бирок өз аймагында иш жүргүзүп жаткан жарандык коомдун түзүмдөрүнүн — айрым топтордун укуктарын коргоо боюнча бирикмелердин, кызыкчылыктар боюнча бирикмелердин, кайрымдуулук уюмдарынын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо ассоциацияларынын жана өнүгүү уюмдарынын ичинен өз максаттары дал келгендери менен байланыш түзүшөт жана тыгыз иш жүргүзүшөт.
36.3. Консультацияларды өткөрүү, маалымат алмашуу, социалдык маселелерди чечүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иликтөөизилдөө иштери боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуунун негизги формалары болуп саналат.
36.4. Жарандык коомдун түзүмдөрүнүн бардык пайдалуу демилгелерин колдоо, алардын жергиликтүү жамааттагы ыктыярдуулукту, маанилүү иштерди аткаруудагы уюмдашуучулукту жана ишкердүүлүктү арттыруусуна басым жасалат.
- Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн жана сакталышын көзөмөлдөөнүн тартиби
37.1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн алдында эрежелер жамааттын бардык мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүлөт. 37.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин жамааттын мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүү, аларды колдонууга киргизүүнү уюштуруу, колдонуунун жүрүшүндө пайда болгон суроолорго жооп берүү жана көйгөйлөрдү чечүү, эрежелердин аткарылышына жана сакталышына көзөмөл жүогүзүү үчүн шаардын/айыл аймагынын бөлүктөрү боюнча курамында ардагерлер, жамааттын компетентүү жана ыктыярдуу мүчөлөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, диний жамааттын расмий өкүлдөрү ж.б. болгон атайын топтор түзүлөт.
37.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери боюнча атайын топтордун иштөө тартиби топтордун мүчөлөрү тарабынан аныкталат, зарылчылык пайда болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.
VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери
- Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондусу
38.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштардагы сунуштарынын негизинде жергиликтүү бюджетке көз карандысыз каражатка ээ болуу, жамааттын Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондун түзүү үчүн жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу өздөрүнө өздөрү салык салуу жолу менен жылына бир жолу 500-5000 сом өлчөмүндө акчалай салым кошушат. Жамааттын мүчөлөрүнүн өздөрүнө өздөрү салык салуу маселеси айыл аймагынын/ шаардын бүтүндөй жамаатынын, айыл аймагынын же шаардын кварталдарынын, көчөлөрүнүн, көп кабаттуу үйлөрүнүн, үйлөрдүн подъездеринин жашоочуларынын чогулуштарында, жыйындарында талкууланып чечилет.
38.2. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондуна андан сырткары жамааттын мүчөлөрү, жамаатка кирбеген жеке жарандар, юридикалык жактар салым кошо алышат.
38.3. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм катары мамлекеттик каттоодон өтөт жана мыйзамга ылайык аракеттенет.
38.4. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондунун каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлорго жана кайрымдуулук иштерине жумшалат. 38.5.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлор жамааттын мүчөлөрү тарабынан ар түрдүү багыттар боюнча, анын ичинде ишкерчиликке (Бизнес-Инкубатор), пайдалуу өнөргө жана кесипке үйрөтүү, жамааттын мүчөлөрүн атуулдукка, адеп-ахлакка тарбиялоо боюнча иштерге арналат.
38.6. Долбоорлор «Коомдук фонд» түзгөн, курамына абройлуу адистер, жергиликтүү кеңештин депутаттары кирген конкурстук комиссия тарабынан каралат. Конкурстук комиссия жактырган долбоорлор «Коомдук фонд» тарабынан каржыланат.
VIII. Корутунду жоболор
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары
39.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн: — алкыш жарыялоо; — баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо; — грамоталар менен сыйлоо; — “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу; — жамааттын Ардак тактасына илүү; — жамааттын Ардак китепчесине киргизүү; “Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу; — “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу; — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.
39.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт: — жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси жашоочулардын жыйынына (чогулушуна), аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү кеңештин төрагасына таандык; — алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл”, “Үлгүлүү шаар” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим шаар мэрине же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат; — Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, , “Айыл аймагынын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат.
39.3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал шаардын же айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн жергиликтүү кеңештин чечими менен берилет. Жергиликтүү кеңеш, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.
- Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
- Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби
41.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору шаар мэринин же айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
41.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет: — жергиликтүү кеңештин төрагасы; — айыл өкмөтүнүн башчысы; — жергиликтүү кеңештин депутаттары; — айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери; — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү шаарда же айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен); — коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ, КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаарда же айылдык аймакта иш алып барган уюмдар). (Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).
41.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же жергиликтүү кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана жыйындарга (чогулуштарга) же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.
41.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун) катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
41.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин жергиликтүү кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.
41.6. Жергиликтүү кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.
41.7. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.
41.8. Жергиликтүү жамааттын Уставы аны (Уставды) бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому тийиштүү расмий булактарда жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн
башчысынын орун басары-жооптуу катчы М.Калдыбаева
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 89 “26” апрель 2024-жыл
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө муниципалдык
ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 07-февралындагы “Пилоттук негизде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтому менен бекитилген “Пилоттук негизде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө убактылуу жобонун” 2-главасынын 8-пунктунун 4-пунктчасынын негизинде, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
- Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө муниципалдык ишкана “Жайыт, таза суу жана тазалык” деп аталсын.
- “Жайыт, таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча иш кагаздарын аткаруу жана муниципалдык ишкананын ишин ующтуруунун укуктук, экономикалык маселелерин чечүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрайым Г.Матиева
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 23-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 90 “28” июнь 2024-жыл
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгыша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын III -квартал ичиндеги акча каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана чыгыша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү, айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп, талкулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталындагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, төмөндөгү бюджеттик каражаттар кайра бөлүштүрүлсүн;
-турак-жай коммуналдык чарбанын 3111-беренесинен -450,0 миң сом;
-аппараттын 2211-беренесине +50,0 мин сом;
-турак-жай коммуналдык чарбанын 2211-бенесине +200,0 миң сом;
-аппарттын 2214-беренесине + 70,0 миң сом;
-бала бакчанын 3112-беренесине +90,0 миң сом;
-айыл чарбанын 3113-беренесине+40,0 миң сом;
-орто мектептин 22154900-бернесинен -43,8 миң сом;
-орто мектептин 22154300-бернесине +43,8 миң сом.
2.Жергиликтүү бюджеттин чыгыша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым Г.Матиева
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 23-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 91 “28” июнь 2024-жыл
Жалпак-Таш айыл аймагынын жер фондусунун
инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка)
киргизүү материалдары жөнүндө
“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Жалпак-Таш айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) материалын карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Жалпак-Таш айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыковго тапшырылсын.
Төрайым Г.Матиева