Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 7 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын жана алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Пусурманкулов Бакытбеке милдеттендирилсин.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык
кеңешинин VII- чакырылышындагы
кезектеги I — сессиясынын 2024-жылдын
2-апрелиндеги № 7 токтомуна тиркеме
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024- жылга карата түзүлгөн иш -планы.
Каралуучу маселе Аткаруу мөөнөтү Аткарууга жооптуулар
1 Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2024- жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү I-квартал Айылдык кеңештин төрагасы, орун басары.
2 Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларын түзүү жана мүчөлөрүн бекитүү I I-квартал Төрага, орун басар.
3 Айыл өкмөттүн 2024-жылга иш планын бекитүү I I -квартал Айыл өкмөтү
4 КБФ-нун жерлерине аренда акыларды бекитүү I I -квартал Туруктуу комиссия
5 Элдин малын баккан малчыларга баккан акысын жана мал салыгын белгилөө I I -квартал
Айыл өкмөттүн
Жайыт комитети
6 Айыл өкмөттүн жер адисинин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыктары I I -квартал Туруктуу комиссия
7 Элден түшкөн арыздарды кароо
II-квартал Туруктуу комиссия
8 Айыл өкмөттүн өз ара, эшик алды аренда акысы, жайыт салыгы, айдоого, чөп ормого, ашыкча кашаага салыгын бекитүү. II-квартал Туруктуу комиссия.
Жайыт комитети.
9 Салыктардын аткарылышы. КБФ-нун жерлери боюнча салыктардын жыйналышы III- квартал Айыл өкмөт, туруктуу комиссия
10 Айыл аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушу.
III — квартал Айыл өкмөт, туруктуу комиссия
11 Мектептердеги 2023-2024- окуу жылындагы окуу тарбия иштери жөнүндө III- квартал Туруктуу комиссия
12 ҮБДТ, ФАП, байланыш бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө III- квартал Туруктуу комиссия
13 Кышка карата даярдык III- квартал
Айыл башчылар, башкы эсепчи
14 Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө IV- квартал Айыл өкмөт башчысы, орун басар
15 Айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын өз айылдарында аткарган иштеринин жыйынтыктары IV- квартал, Айыл өкмөт
16 Милициянын участкалык инспектор менен жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иштери жөнүндө IV- квартал Туруктуу комиссия
17 Кезексиз сессиялар
I- IV- кварталдар Айыл өкмөт башчысы
Айылдык кеңештин төрагасы
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 8 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы.
2.Өнөр-жай курулуш, транспорт, байланыш инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиясы.
3.Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясы.
4.Мыйзамдуулук, этика, мандат, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы.
5.Айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясы.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 9 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүнүн талапкерлерин угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамына.
1.Шаимкулова Чынаркан — төрайымы
2.Жамалов Жумабай
3.Гүрөңов Марат
4.Чолпонкулова Сейликан
5.Дүйшеев Азамат
6.Абдуллаева Райкан
7.Күрөңов Алтынбек
8.Акмат уулуу Эрмек
2.Өнөр-жай курулуш, транспорт, байланыш инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиянын курамына.
1.Таир уулу Бактыбек — төрагасы
2.Кангелдиев Бектур
3.Кожоева Назгүл
4.Айтали уулу Орозбек
5.Өмөрбекова Мастура
3.Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясы.
1.Абакирова Зулпуя- төрайымы
2.Мамытова Алтынай
3.Шаимкулова Айгүл
4.Абжапарова Рахат
5.Байназаров Салмоорбек
6.Калжанова Гулайым
4.Мыйзамдуулук, этика,мандат,адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын курамына.
1.Ысакова Гулнара- төрайымы
2.Адышов Зулумбек
3.Эстебес уулу Бакыт
4.Мусаева Турдайым
5.Койчубаева Дамира
6.Абсатар уулу Мааданбек
5.Айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясиянын курамына.
1.Мисираилов Замирбек — төрага
2.Раимбек уулу Тагайбек
3.Жолдошев Кошойбек
4.Зулпукаров Замир
5.Авазов Жаанбай
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 10 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо жана чөп ормо жерлердин айдап, оорусу боюнча жеке менчик техникасы бар атуулдарга кызмат акысынын бааларын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги элдик жыйындын чечиминин негизинде жогорудагы маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Айыл өкмөтүнүн аймагында 1 сотых жерди айдоого 40 (кырк) сомдон маласына 20 (жыйырма) сомдон, чөп ормо 1 сотых жерге 25 (жыйыма беш) сомдон, маласына 15 (он беш) сомдон, пресс подборщикке 20 (жыйырма) сомдон, чөп ормо 1 сотых жадкага 40 (кырк) сомдон бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн жер адиси Дарбагаев Мухаммедке милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак- жай куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 11 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнун ижарага берилүүчү жерлеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтү мекемесинин КБФнун жерлерине ижара акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ижарага берилүүчү КБФнун жерлери юридикалык төлөмдөрүнөн жана соцфондунан сырткары 1 га жер (айдоо, чөп ормо) Чоң-Кыяга чейин 1500 (бир миң беш жүз) сом, Чоң-Кыядан жогорку участкаларга 1 га жерге (айдоо, чөп ормо) 1000 (миң) сомдон ижара акысы чегерилсин.
2.Эгер 3 гектардан көп болсо, Чоң-Кыяга чейин 1 гектарына 5000 (беш миң) сом, Чоң-Кыядан жогору 1 гектарына 2000 (эки) миң сомдон бекитилсин.
3.Чаңгет КБФнун жерлерине 1 гектарына 1000 (миң) сомдон ижара акысы чегерилсин.
4. Эгер 3 гектардан көп болсо, 1 гектарына 2000 (эки) миң сомдон бекитилсин.
5.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Дарбагаев Мухамметке милдеттендирилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак- жай куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 12 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал — жандыктарга чегерилген жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал- жандыктарга чегерилген жайыт акысын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Элдин малын багуучулар 1 баш кой-эчкиге 130 (бир жүз отуз) сомдон, 1 баш кара-малга 600 (алты жүз) сомдон, 1 баш жылкыга 800 (сегиз жүз) сомдон кызмат акысы чегерилсин.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 1 баш кой-эчкиге 25 (жыйырма беш) сомдон, 1 баш кара-малга 100 (жүз) сомдон, 1 баш жылкыга 100 (жүз) сомдон жайыт салыгы бекитилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 13 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы эгилген эгинге жана чөп орокторго малдын тебелеп-тепсеп зыян келтирүүсүн жөнгө салуу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго малдын тебелеп- тепсеп зыян келтирүүсүн жөнгө салуу жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго төмөндөгүдөй айып салуу жагы бекитилсин.
Эгинге түшкөн бир баш кой-эчки үчүн.
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө
Эгинге түшкөн бир баш жылкы үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө
Эгинге түшкөн бир баш кара мал үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө
Чоп ороко түшкөн бир баш кой-эчки үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктоо
Чоп ороко түшкөн бир баш жылкы үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктоо
Чоп ороко түшкөн бир баш кара мал үчүн
-Биринчи эскертүү
-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо
-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктасын.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл башчыларга жана айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 14 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсүн жана жайлоодон кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсүн жана жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Айыл аймагындагы мал баккандар 2024-жылдын 1-апрелинен 10-апрелге чейин жогорку жайытка көчүп кетишсин.
Чаңгет 1-апрелинен 10-апрелге чейин жогорку жайытка көчүп кетишсин.
2.Мал баккандар 2024-жылдын 1- сентябрь айынан кийин жайлоодон көчүп келүү жагы мал баккандарга милдеттендирилсин.
Чаңгет 1-сентябрга чейин.
3.Малчылар дан эгиндеринен, чөп орокторунан 5 чакырым алыстыкта отурушсун.
4.Токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Чолпонбаевге милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак- жай куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 15 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал-жандыктарды киргизбөө жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал-жандыктарды киргизбөө жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал жандыктар киргизилбесин. Кара-мал, жылкыга 2000 (эки миң) сом, кой-эчкиге 500 (беш жүз) сомдон айып пул салынсын.
Чаңгет чоң жайлоого: Ак-Таш, Кулданбес, Талды-Суу жайлоосуна чыгарылсын.
2.Киргизилген мал жандыктар ээсине кайтарылсын.
3.Ушул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
4.Сырттан малды киргизбөө боюнча иш аракеттерге айыл аймагынын участкалык милициясы тартылсын.
5.Айыл аймагына сырттан мал киргизилген учурда жайыт комитетинин төрагасы жоопко тартылары эскертилсин.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 16 Жийде айылы
Корс-Этти айылынын тургуну Шаимкулова Чынаркандын арызын канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги Корс-Этти айылынын тургуну Шаимкулова Чынаркандын арызын канааттандыруу жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Корс-Этти айылынын тургуну Шаимкулова Чынаркандын арызынын негизинде Арзыкулов Ысман көчөсүнүн тургуну Шаимкулова Чынаркандын үйүнө “Санам апа” бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2.Жеке турак-жайы бала-бакча багытына өзгөртүлүп берилсин.
3.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бала-бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджеттен бөлүштүрүү жагы Өзгөн райондук каржы бөлүмүнөн суралсын жана Ийри-Суу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 17 Жийде айылы
Корс-Этти айылынын тургуну Апилов Жеңишбектин арызын канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I — сессиясы күн тартибиндеги Корс-Этти айылынын тургуну Апилов Жеңишбектин арызын канааттандыруу жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Корс-Этти айылынын тургуну Апилов Жеңишбектин ашыкча кашаасына 0,20 га бак-дарак эгип көрктөндүрүү үчүн жер көрсөтүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине сунушталсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак- жай куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев К. А
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын
Т О К Т О М У
2-апрель 2024-жыл № 18 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын күн тартибиндеги эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Айыл өкмөтүнүн ашыкча кашаага болгон салыгы 1 сотых жерге 15 (он беш) сомдон, эшик алды 10 (он) сомдон, өз ара 100 (жүз) сом болуп бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн салыкчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз II-сессиясынын
Т О К Т О М У
8-апрель 2024-жыл № 19 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз II- сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтү мекемесинин “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.“Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы төмөнкү атуулдарга берилсин.
Жолдошев Кошойбек Салайдинович — айылдык кеңешинин депутаты.
Ысакова Гулнара Зулпукаровна — айылдык кеңешинин депутаты.
Оморбекова Мастуракан Турдубаевна- айылдык кеңешинин депутаты.
Абдыразакова Гульшат Абдалимовна- айылдык кеңештин жооптуу катчысы.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Пусурманкулов Бакытбек Зайирович тапшырылсын.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз III — сессиясынын
Т О К Т О М У
№ 20
19-апрель 2024-жыл Жийде айылы
Административдик аймактык бирдиктердин чек арасын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ийри-Суу жана Чаңгет айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап жана талкуулап төмөнкүдөй, токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2.Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз III — сессиясынын
Т О К Т О М У
№ 21
19-апрель 2024-жыл Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жол тазалоочу атайын техника
сатып алуу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши ( VII- чакырылышынын ) кезексиз III- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жол тазалоочу атайын техника ( грейдер ) сатып алуу жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунуш каты жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жол тазалоочу атайын техника сатып алуу жөнүндө сунушу колдоого алынып, макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчы Б. Мамадалиевке тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шаимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз III- сессиясынын
Т О К Т О М У
№ 22
19- апрель, 2024-жыл Жийде айылы
Келишимдик ( контрактык) негизинде жумушка кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7- февралындагы № 52 Токтому менен бекитилген Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө жобонун 17- пункутун жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү максатында 6 ( алты ) штатка келишимдин негизинде жумуш орундары аныкталсын.
2.Эмгек акысы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 151- беренесине ылайык жашоо минимунун өлчөмүнөн аз эмес 25000 ( жыйырма беш мин ) сомдон төлөнүп берилсин.
3.Мезгили келгенде мыйзам талаптарынын негизинде штатка жана токтомго өзгөртүүлөр киргизүү жагы эске алынсын.
4.Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Икрамовго милдеттендирилсин.
5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шаимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айылдык кеңешинин
19- апрель 2024- жылдагы
№ 22 токтомуна тиркеме
Келишимдик ( контрактык) негизинде жумушка кабыл алынган кызматкерлер
1. Айтиев Улукбек Адылбекович – айыл башчы
2. Кубатов Толкунбек Таирович – айыл башчы
3. Айдарбек уулу Бектур – айыл башчы
4. Сыргабаев Нурмамат Усенович – ВУС инспектор
5. Топчуев Батырали Абдыкадырович — Ирригация таза суу, тазалык айлана чөйрөнү коргоо
маселелери боюнча кызмат
6. Чолпонбаев Карыпбай Токоевич – Жыйыт комитетинин төрагасы
Түзгөн Г. Абдыразакова
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз IV- сессиясынын
ТОКТОМУ
17-май 2024-жыл № 23 Жийде айылы
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишимин түзүү жөнүндө”
Ийри-Суу айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишимин түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 7446 катын талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1. Ийри-Суу айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын санарипти өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаменти менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик айрым укуктарды өткөрүп берүү келишимин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Караевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянына жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз IV- сессиясынын
Т О К Т О М У
17-май 2024-жыл № 24 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VII- чакырылышынын ) кезексиз IV- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу” наамы Уркунбаева Майсара, Сыдыков Рахманали, Гүрөңов Маратка ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук, этика, маданият адам укугун коргоо , комдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ысакова Гулнарга жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз IV- сессиясынын
Т О К Т О М У
17-май 2024-жыл № 24 /1 Жийде айылы
Мухамбет уулу Исламдын арызын канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VII- чакырылышынын ) кезексиз IV- сессиясынын күн тартибиндеги Жангакты айылынын тургуну Мухамбет уулу Исламдын арызын карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Жангакты айылынын тургуну Мухамбет уулу Исламга атасынын кашаасынын ичинен үй салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жайыт, жеке менчик турак жай куруу, жер участокторун бөлүү, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мисиралиев Замирга тапшырылсын.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз IV- сессиясынын
Т О К Т О М У
17-май 2024-жыл № 25 Жийде айылы
Ыраазычылык кат берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VII- чакырылышынын ) кезексиз IV — сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын жарандарына “ Ыраазычылык кат берүү ” жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Ыраазычылык каты” менен Абдуллаев Улукбек, Өтөнбаев Жакшылык, Жолдошов Азамат, Маматов Таирбектер сыйлансын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук, этика, маданият адам укугун коргоо , коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ысакова Гулнарга жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз IV- сессиясынын
Т О К Т О М У
17-май 2024-жыл № 25/1 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчик жерлердин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин( VII- чакырылышынын ) кезексиз IV — сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчик жерлердин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жоопту катчы Б. Мамадалиевдин сунушун карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчик жерлердин ижара акысы пайдаланучулар үчүн комерсиялык багытта 50 ( элүү) сомдон, өндүрүштүк багытта 30 ( отуз) сомдон бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер маселелри боюнча жетектөөчү адисине тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин(VII- чакырылышынын) кезексиз V-сессиясынын
Т О К Т О М У
23- май 2024-жыл № 26 Жийде айылы
«Угольная Компания » жоопкерчилиги чектелген коомунун Кульданбес көмүр кенинин Түндүк -Чыгыш участкасынан көмүр казып алуу боюнча маселесин кароо жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттары «Угольная Компания » жоопкерчилиги чектелген коомунун Кульданбес көмүр кенинин Түндүк -Чыгыш участкасынан көмүр казып алуу боюнча жазган 08.05.2024-ж. №10 сандуу арызынын жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик Комитети тарабынан берилген 5710 СЕ номерлуу лицензиясын карап, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.«Угольная Компания» жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик Комитети тарабынан берилген 5710 СЕ номерлуу лицензиясынын негизинде Ийри-Суу айылдык аймагынын Кульданбес көмүр кенинин Түндүк — Чыгыш участкасынан жалпысы 38,60 га жер аянтын 2036 жылга чейин пайдаланууга макулдук берилсин, анын ичинен 13,13 га жер аянтын көмүр казып алуу үчүн, ал эми 25,47 га жер аянтын калдыктарды төгүү, өндүрүш аянтчасы үчүн жана көмүр карьеринин инфраструктуранын объектилерин куруу үчүн.
2.Ушул жогорудагы 38,60 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын 15 декабрь 2017 жылкы № 810 токтомунун негизинде бекителген жобого ылайык «Угольная Компания » жоокерчилиги чектелген коомуна жерди башка категорияга которулбастан (трансформацияланбастан) берилсин.
3.Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ нун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирге милдеттендирилсин.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз V-сессиясынын
Т О К Т О М У
23- май 2024-жыл № 27 Жийде айылы
«Угольная Компания » жоопкерчилиги чектелген коому айыл аймагынын айыл өкмөтүнө акча каражатын которуп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VII- чакырылышынын ) кезексиз V- сессиясынын күн тартибиндеги«Угольная Компания » жоопкерчилиги чектелген коому айыл аймагынын айыл өкмөтүнө акча каражатын которуп берүү жөнүндө маселени карап, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айылдык аймагынын Кульданбес көмүр кенинин Түндүк — Чыгыш участкасынан жалпысы 38,60 га жер аянтын 2036 жылга чейин пайдаланууга макулдук берилгендиктен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебине жылына 15 000 000 ( он беш миллиондон) 20 000 000 чейин ( жыйырма миллионго ) чейин акча каражатын которуу жагы милдеттендирилсин.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шаимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз V-сессиясынын
Т О К Т О М У
23- май 2024-жыл № 28 Жийде айылы
Ийри- Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттинин 2024- жылдын 4- айдын жыйынтыгы менен 227,6 мин сом акча каражатына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз V- сессиясынын күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри- Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттинин 2024- жылдын 4- айдын жыйынтыгы менен 227,6 мин сом акча каражатын тиешелүү беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүмдөрүнүн беренелерине 227,6 мин сом, акча каражаты жылдырылсын.
3.Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шаимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз V-сессиясынын
Т О К Т О М У
23- май 2024-жыл № 29 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VII- чакырылышынын ) кезексиз V- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу” наамы Молдобаева Сайкал, Сариева Монусхан, Гүрөнов Максатка ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук, этика, маданият адам укугун коргоо , коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ысакова Гулнарга жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII- чакырылышынын) кезексиз V-сессиясынын
Т О К Т О М У
23- май 2024-жыл № 30 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө муниципалдык менчик ачуу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VII- чакырылышынын ) кезексиз V- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат,
1.Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу, экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө, сугат суу менен камсыздоо, жайыттарды башкаруу жана пайдаланууга берүү, муниципалдык жана мамлекеттик буйрутмаларды аткаруу, жеке жана юридикалык жактарга акы алуу менен кызмат көрсөтүү боюнча бириктирилген Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ нун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирге милдеттендирилсин.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз VI- сессиясынын
Т О К Т О М У
29- май 2024- жыл № 31 Жийде айылы
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Өстүрүү участкасынан 126,07 га жер аянтынан көмүр казууга макулдук берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VII чакырылышынын ) кезексиз VI сессиясынын күн тартибиндеги “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Өстүрүү участкасынан 126,07 га жер аянтынан көмүр казууга макулдук берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1. ”Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Өстүрүү участкасынан 126,07 га жер аянтынан көмүр казууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ийри-Суу айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз VI -сессиясынын
Т О К Т О М У
29- май 2024- жыл № 32 Жийде айылы
Шайимкулова Чынаркандын арызын канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VII- чакырылышынын ) кезексиз VI- сессиясынын күн тартибиндеги Корс-Этти айылынын тургуну Шайимкулова Чынаркандын арызы боюнча маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат,
1.Корс-Этти айылынын башкы планында магазиндин орду деп көрсөтүлгөн жерди 1999- жылы турак жай курууга бөлүп берген квартал № 1 участок № 11 жалпы аянты 1500 чарчы метр бөлүнүп архитектуралык иш кагаздары даярдалган турак жай курууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ нун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирге милдеттендирилсин.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз VI -сессиясынын
Т О К Т О М У
29- май 2024- жыл № 33 Жийде айылы
Маматкулова Гүлгаакынын арызын канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VII- чакырылышынын ) кезексиз VI- сессиясынын күн тартибиндеги Жийде айылынын тургуну Маматкулова Гүлгаакынын арызы боюнча маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Жийде айылынын тургуну Маматкулова Гүлгаакынын идентификациялык код 5-06-08-1001-0474 номерлүү жеке менчик турак жайынан 0,08 га жердин аянтынын ичинен 0,01 га жер аянты соода- сатык багытына өзгөртүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ нун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирге милдеттендирилсин.
Төрага Кыргызбаев А
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз VI -сессиясынын
Т О К Т О М У
29- май 2024- жыл № 34 Жийде айылы
Камбаралиев Алтынбектин арызын канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VII- чакырылышынын ) кезексиз VI- сессиясынын күн тартибиндеги Кыргызстан айылынын тургуну Камбаралиев Алтынбектин арызы боюнча маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат,
1.Кыргызстан айылынын тургуну Камбаралиев Алтынбектин менчиктештирип алган идентификациялык код 5-06-08-1006-0049 скаладдын ээлеген 2730 м 2 жер тилкесинин багыты турак жай багытына өзгөртүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ нун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирге милдеттендирилсин.
Төрага Кыргызбаев А
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз VI- сессиясынын
Т О К Т О М У
29- май 2024- жыл № 35 Жийде айылы
Табалдыев Адылбек Маткеримовичтин арызын канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин( VII- чакырылышынын ) кезексиз VI- сессиясынын күн тартибиндеги Чангет айылынын тургуну Табалдыев Адылбек Маткеримовичтин арызы боюнча маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Чангет айылынын тургуну Табалдыев Адылбек Маткеримовичтин идентификациялык код 5-06-08-1009-0268 номерлүү жеке менчик турак жайынан 0,27 га жердин аянтынын ичинен 20 кв м жер аянты соода- сатык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ нун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирге милдеттендирилсин.
Төрага Кыргызбаев А. К
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз VI — сессиясынын
Т О К Т О М У
29- май 2024- жыл № 36 Жийде айылы
Кылым паркын уюштуруу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Караевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин №270 Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жүз жылдыгына арналган “Кылым паркын” түзүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин №270 Жарлыгына ылайык Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылында 7 га учаскасына Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жүз жылдыгына карата “Кылым паркын” түзүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул түзүлгөн паркты жандандыруу тактап айтканда ар түрдүү бак дарактардын көчөттөрүн тигүү жана айланасын тосуп көрктөндүрүү иштерин аткаруу жагы Ийри-Суу айыл өкмөтунун башчысы С. Караевке жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча жетектөөчү адиси М.Дарбагаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ нун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирге милдеттендирилсин.
Төрага Кыргызбаев А. К