Эскилиги жеткен Өзгөн шаарынын борбордук аянтында жайгашкан Айкөл Манас эстелиги жаңыланат. Курулушуна жергиликтүү бюджеттен 2,1 млн сом, облустук өнүктүрүү фондунан 3,0 млн сом, райондук өнүктүрүү фондунан каржыланууда.
Ошону менен бирге узак мөөнөткө ижарага берилген парк кайтарылып, заманбап сейил бакка айланат. Ал үчүн облустук өнүктүрүү фондунан 5 млн сом, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 5 млн сом, калган каражат шаардык бюджеттен каржыланат. Максаты бай тарыхты кучагына камтыган калаа тургундарына шарттарды жакшыртуу болуп саналат.
Район акими Каныбек Апбасовдун демилгеси менен Өзгөн шаарындагы инфра түзүм жакшырууда. Тагыраагы, борбордук аянттагы эскилиги жеткен эстелик, Манас көчөсүндөгү эс алуу багы жаңыланат. Аталган жумуштардын долбоорун шаар мэри Каримов Залкар даярдоодо. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин каржылык колдоосу менен ишке ашууда.