Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов район аймактарындагы узак мөөнөткө ижарага берилген имараттарды кайтаруу тапшырмасын берген. Ага ылайык, ижарачылар менен келишим жокко чыгарылып, имараттарды максаттуу пайдалануу колго алынган.
Тагыраагы Баш-Дөбө айыл аймагындагы бул имаратты муниципалдык мейманкана үчүн капиталдык оңдоп-түзөө мерчемделген. Анын алкагында айыл өкмөт башчы долбоор даярдап, курулуш иштерин баштоо алдында турат.