Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары болуп Ибраимов Максат Тургунбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Максатбек Ибраимов 2024-жылдын 25-сентябрынан тарта кызматына киришти. Ал социалдык бөлүмдү көзөмөлдөйт.
М.Ибраимов 1981-жылы 27-ноябрда туулган. 1999-2004-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын юриспруденция адистиги боюнча билим алган