Райондук жарандык коргонуу кызматтарынын жана мекеме-уюмдардын катышуусунда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү облустук денгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты – калк арасында табигый кырсыктардан коргонуу боюнча билимди жайылтуу жана куткаруу кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү болду.
Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Айтибаев, райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Шакир Мамадалиев , КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Э.Мусаев жана башка расмий өкүлдөр катышты. Салтанатта гимн жаңырып, андан кийин маданий жана практикалык көрсөтүүлөр болду. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскерлери куралдуу көрсөтүүлөрдү аткарышып, өрт өчүрүүчүлөр кырсык учурундагы куткаруу ыкмаларын көргөзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн «Жаш куткаруучу» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйлыктарга ээ болушуп, атайын техника жана жабдуулардын көргөзмөсү болуп, райондук жарандык коргонуу кызматтары жөө жүрүштөн өтүштү