Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХII кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-апрели № 114 Куршаб айылы
Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык санын жана штаттан тышкары келишим негизинде кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарынын жана КР Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги пилоттук режимде дминистративдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө ПЖ № 370 сандуу Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомуна ылайык Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык санын жана штаттан тышкары келишим негизинде кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акыларын бекитүү боюнча КР Министрлер Кабинетине караштууМамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 27-февралындагы №01-2563 буйругу менен бекитилген усулдук колдомосун жетекчиликке алып Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХII кезексиз отуруму алдын ала талкуулап карап чыгып, Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Куршаб айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык саны 11 (он бир)
муниципалдык кызматкер жана 4 (төрт) техникалык кызматкерге бекитилсин.
- Куршаб айыл өкмөтүнө штаттан тышкары келишимдин негизинде кабыл алынган 6
кызматкердин 1 айлык эмгек акысы 25000сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Ушул токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин бюджет,
финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Б.Э. Жумаев
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХII кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-апрели № 115 Куршаб айылы
Куршаб айыл өкмөтүнүн карамагында «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө.
КР Министрлер Кабинетинин Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө №52 токтомуна ылайык Куршаб айыл аймагындагы мамлекеттик жайыт жерлеринин инфраструктурасын пайладалануу, күтүү жана сууну эксплатациялоо, күтүү жана сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга келишимдик шарттарда бөлүштүрүү боюнча иштерди жүргүзүү, айыл аймагын тазалоо жана жашылдандыруу максатында Куршаб айыл өкмөтүнүн карамагында муниципалдык ишканасын түзүү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- КР Министрлер Кабинетинин Пилоттук режимде административдик-аймактык
реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө №52 токтомуна ылайык Куршаб айыл аймагында жайыт жерлерин, ирригациялык системаларын, таза сууну, айыл аймагын жашылдандыруу жана тазалыкты башкаруу үчүн “Куршаб тазалык” муниципалдык ишканасы “Куршаб өнүгүү” муниципалдык ишканасы болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- АТР алкагында «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын уставын иштеп
чыгуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүү, түзүмүн жана штаттык санын бекитүү, зарыл уюштуруу-укуктук ченемдерди иштеп чыгуу жана керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук, тартипти
чыңдоо, Регламент, этика жана Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Б.Э. Жумаев
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-май № 116 Куршаб айылы
Куршаб айылдык кеңешинин 1995-жылдын 18-декабрындагы №99 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 25-апрель 2024-жылдагы №01-66/98 сандуу катынын жана Куршаб айыл өкмөтүнүн Куршаб айылдык кеңешине жолдонгон 13-май 2024-жыл №339 өтүнүч катынын негизинде Куршаб айылдык кеңешинин эл депутаттарынын 18.12.1995-жылдагы №99 чечимин жокко чыгаруу маселесин Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Куршаб айылдык кеңешинин эл депутаттарынын 18.12.1995-жылдагы №99
“Афган жеринде кызмат өтөп келген жаштар уюмунун жетекчиси Калбаев Анарбай Нуркамиловичке М.Орозбаев көчөсүндө жайгашкан жаңы байланыш бөлүмүнүн чыгыш жагынан жалпы аянты 0,08га жер ажыратылып, аксакалдар чайканасын ачууга уруксат берилсин” деп кабыл алынган чечими мыйзамсыз болгондуктан жокко чыгарылсын.
- Ушул токтомдун мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жана тиешелүү органдарга
кайрылуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук,укук, тартипти
чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Б.Э. Жумаев
|
|
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-май № 117 Куршаб айылы
Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-берене 5-пунктуна жана КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомун КР Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 Жарлыгынын, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтом менен жана ага тиркелген убактылуу жобонун негизинде Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү маселсесин Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставы
мыйзам талаптарына ылайык алымча кошумчасын эске алуу менен бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
- Ушул токтомдун мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жана тиешелүү органдарга
кайрылуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук,укук, тартипти
чыңдоо, регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Б.Э. Жумаев
Куршаб айыл өкмөтүнүн
«Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставы
Жалпы жобо
1.1. Муниципиалдык ишкананын уюштуруучу документи болуп ушул Устав саналат. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштеп чыгарылган, муниципалдык ишканасынын юридикалык статусун, анын жалпы жобосун, структурасын жана ишкананын башкаруу тартибин, негизги максаттарын, функцияларын, укук-милдеттерин, жоопкерчилигин, башка уюмдар менен байланышын, кайра түзүү жана жоюлуу тартибин, жалпы ишмердүүлүгүн аныктайт.
1.2. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасы өз алдынча эсеби бар, чарбалык муниципалдык ишкана болуп саналат. Негизги милдеттери жайыт маселесин кароо, сугат жерлерди сугат суу менен камсыздоо, калкты таза суу менен камсыздоо айлана – чөйрөнү коргоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү санитардык жактан тазалоого жалпы тазалык маселесин карайт. Ишкананын аталышы: мамлекеттик тилде – «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасы. Расмий тилде аталышы – Муниципальное предприятие «Куршаб өнүгүү»
1.3. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормативдик — укуктук актыларынын негизинде жана белгиленген тартипте каттоодон өткөн Уставына ылайык иш алып барат.
1.4. Муниципалдык ишкана мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап, юридикалык жак болуп саналат, анын иш жүргүзүүгө, өзүнүн эсептик балансы жана башка банк мекемелеринде эсебин ачууга укугу бар, мамлекеттик тилде жана расмий тилде аталган мөөрү, штампы, эмблемасы, өзүнүн бланкасы жана башка атрибуттарга ээ болот.Ишкана өз ишмердүүлүгүнчарбалык эсеп менен жүргүзгөн коммерциалык уюм болуп саналат.
1.5. Муниципалдык ишкананы түзүүчүсү болуп Куршаб айыл өкмөтү саналат.
1.6. Куршаб айыл өкмөтү «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын милдеттерине жоопкерчиликтүү эмес, ошондой эле муниципалдык ишкана Куршаб айыл өкмөтүнүн милдеттерине жооп бербейт.
1.7. Чарбалык субьектилер жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасы, Уставда көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштерди алып барууга укуктуу.
1.8. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынин структураларынын түзүлүшү же жоюлушу Кыргыз Республикасынын белгиленген тартиптеги мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.
1.9. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана негизги аткарылуучу милдеттерине жараша профсоюздук уюм түзүлүүшү мүмкүн.
1.10. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы, А. Камчыбеков көчөсү — 179.
- Муниципалдык ишкананын максаты жана иштери.
2.1. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасы өз ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык иш-аракеттерди аткарат:
1) калкты ичүүчү таза суу менен толук жабдуу, анын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу, ичүүчү сууну туура колдонуу, акысын чогултуу, тарифтерин бекитүү боюнча түшундүрүү иштерин жүргүзүү;
2) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
3) айыл ичиндеги муниципалдык жолдорду ондоо-түздөө, кеңейтүү жана канааттандырарлык деңгээлде иштешин камсыз кылуу;
4) айыл ичинде жана жалпы пайдалануудагы жерлерге, көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу;
5) айылдардын ичиндеги жалпы пайдалануудагы жерлерди (көчөлөрдү, парктарды, аянттарды ж.б.) көрктөндүрүү жана жашылдандырууну камсыз кылуу;
6) белгиленген убакыттарда жалпы пайдалануудагы жерлерди, парктарды, спорт аянтчаларын, көчөлөрдү, тротуарларды, арыктарды жарандардын катышуусу менен тазалоо;
7) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну (утилизацияны) уюштуруу, таштанды төгүүчү жайларды ирээтке келтирүү, тыюу салынган жерлерге таштанды чыгарган жарандарга тийиштүү административдик жаза чара колдонуу жана таштандыларды чогултууга бекитилген тариф боюнча төлөмдөрдү чогултуу;
8) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана жөнгө салуу;
9) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
10) айыл ичин жана талаадагы айдоо жерлерди суугат суу менен камсыз кылуу, ирригацияларды орнотуу, ондоп-түздөө, тазалоо иштерин жүргүзүү, сугат сууну пайдалануу эрежелерин жана кезектешүү графиктерин иштеп чыгуу жана төлөмдөрүн чогултуу;
11) жайыт маселелери боюнча иш алып баруу, бодо жана мал жандыктарына бекитилген тарифтер менен чогултууларды уюштуруу;
- Муниципалдык ишкананын милдети жана укуктары
3.1. Муниципалдык ишкана өзүнун милдеттерин ишке ашырууда, муниципалдык ишкана кайсыл укуктук органдын карамагында баш ийүүсү менен, өзүнүн милдетин ишке ашырууга укуктуу:
— Белгиленген тартипте эсебин өндүрүп чыгаруусу, ошону менен бирге башка юридикалык жана физикалык жактардан атайын эсептерди ачып алууга;
-Сотто доочу жана жооптуу болууга;
— Муниципалдык мекеменин функцияларынын милдеттеринин негизинде жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзүүгө;
— Муниципалдык мекеменин иштерин аткарууга жарандарды тартуу, эмгек келишими жана башка жарандык укуктук келишимдердин негизинде ишке алууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормасынын негизинде (колькуляция) өзүнчө иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө;
— Муниципалдык ишкананын керектелүүчү иштерине ылайык, юридикалык жактардан атайын авто унааларды, күйүүчү майларды алууга;
3.2. Муниципалдык мекеменин иши жана эс алуу режими, социалдык камсыздоосу, социалдык коргоосу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын негизинде туураланып жүргүзүлөт.
3.3. Муниципалдык мекеме төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
-Мекеменин ичиндеги бекитилген сметанын негизинде, курулуш, капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерине реконструкция жүргүзүүгө;
-Бардык кызматкерлердин коопсуздугуна, бардык шарттарды түзүп, белгиленген тартипте алардын ден-соолугуна жана эмгектенүүсүнө тосколдуктарын жоопкерчилигине алууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген келишимдин негизинде өзүнүн милдеттерин аткарууга;
— Муниципалдык мекеменин кызматкерлерин социалдык жактан колдоо көрсөтүү.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү органдарга отчет, белгиленген тартипте салыктарды төлөөгө, эсептерди өз убагында өткөрүү.
Муниципалдык мекеменин кызматкерлери, кызмат учурунда болгон иштерди, мамлекеттик кызматтык сырларды чыгарбай жашырууга милдеттүү.
- Муниципалдык ишкананынмүлкү жана каржы булагы.
4.1. Муниципалдык мекеменин материалдык-техникалык базасын, аларга бекитилип берилген иш жүргүзүлүүчү чарбасы, негизги өндүрүүчү фондусунун айлануу каражаты, материалдык баалулугу жана каржы булактары түзөт.
4.2. Муниципалдык ишкана, максат кылган иштерди, берилген таршырмаларды аткарууга мүлктү колдонууга укуктуу.
4.3. Муниципалдык ишкана, чарбалык иштерди жүргүзүүгө түзүүчү бекитип берген мүлктөргө кожоюндук кылууга укуктуу.
4.4. Муниципалдык ишкананын негизги каражаттарын, жабдыктар, орнотуулар, аппаратура, унаа, акча каражаттары ж.б. мүлктөрдү түзөт.
4.5. Муниципалдык мекеменин каржы базасынын жайлуулугу башка эсептик булактардан да түзүлөт.
4.6. Муниципалдык ишкананын өздүк фондусу, айландыруучу каражаттары жана мүлктөрү, Куршаб айыл өкмөтүнүн чечими менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген жагдайда, соттун чечими менен гана алууга жол берилет.
- Муниципалдык ишкананы башкаруу
5.1. Муниципалдык ишкананын башкы органы болуп түзүүчү(уюштуруучу) саналат.
-Түзүүчүнүн компетенциясына муниципалдык ишкананы түзүү боюнча суроолор, Уставга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана анын түзүлүшү же жоюлушу жана кайра түзүлүшү боюнча маселелер кирет.
5.2. Муниципалдык ишкананын күндөлүк ишин, ишкананын жетекчиси (мүдүрү) жетектейт.
5.3. Муниципалдык ишкананын жетекчисин Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине жана мыйзамдарына ылайык дайындалат жана бошотулат.
Муниципалдык ишканасынын жетекчилик орунга жумушка алуу үчүн төмөнкүдөй талаптар коюлат:
-Кыргыз Республикасынын жараны болуш керек.
-Жогорку билими
-Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иш тажыйбасы кошумча артыкчылыкка ээ.
5.4. Муниципалдык ишканын жетекчиси ишеним кагазы жок эле, муниципалдык ишкананын атынан келишимдерди түзүүгө, анын ичинен эмгек келишимин, ишеним каттарды берүүгө, банктарда эсебин ачууга, каражаттарды бөлүштүрүүгө, бекитилген мыйзамдардын негизинде буйрук берип, буюрууга, кызматкерлерди ишке алууга жана материалдык колдоо көргөзүү укугуна ээ.
5.5. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери, адистери кызматка алуусу жана иштен бошотулушу жетекчи аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
5.6. Муниципалдык ишкананын түзүмү жана штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса Куршаб айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.
5.7. Муниципалдык ишкананын жеке жана юридикалык жактардан бардык чарбалык иш чөйрөсүндө иштер келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
5.8. Муниципалдык ишкананын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кадр маселелерин чечүүгө, тартипти, эмгек төлөмдөрүнүн формасын жана ыкмасын уюштурууга, төлөнүүчү айлык акыга кошумча төлөмдү түзөт, сыйлоолорду аныктайт, иш күнүнүн жана жуманын улануусун, эмгек өргүүсүн жана эс алуу күндөрүн тартип боюнча берүүгө укуктуу.
5.9. Муниципалдык ишкананын каржы жана материалдык активдери коммуналдык ишкананын түзүүчүсүнүн муниципалдык мүлкү болуп саналат.
5.10 Уюштуруучунун макулдугу менен ишкананын түзүмү жана штаттык ырастамасы ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет, эгерде мыйзамда башкача каралбаса.
- Муниципалдык ишкананын кызматкерлери
6.1 Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин эмгектик укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, ушул Устав, ички ченемдик укуктук актылар жана эмгек келишими (контракты) менен аныкталат.
6.2 Муниципалдык ишкананын мүлкүнө ишкананын кызматкерлери тарабынан зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана эмгек келишиминде көргөзүлгөн тартиптерге ылайык жоопкерчиликти тартат.
6.3 Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин иш милдеттери жетекчи тарабынан бекитилет.
- Муниципалдык ишкананын эсеби жана отчету
7.1. Муниципалдык ишканада түзүүчү тарабынан иштелип чыккан Куршаб айыл өкмөтү бекитип берген иш планынын негизинде иш жүргүзүлөт.
7.2. Муниципалдык ишкана аткарган иштеринин жыйынтыктарын бухгалтердик эсеби менен жүргүзөт жана статистикалык отчетун Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарынын негизинде тапшырат.
— Керектелүүчү оперативдик башкарууга жана жетектөөгө коммуналдык ишкананын түзүлүүсүнүн чарбалык чөйрөдөгү аткарган иштерин жыйынтыктайт жана маалымдайт.
— Норма жана нормативдик сметанын негизинде каражат колдонулган мүлктөрдүн жүрүүсүнө, эмгек жана каржы ресурстарынын чыгышын текшерүүнү камсыз кылат.
— Чарба ичиндеги каржы иштери боюнча туура эмес учурларды тезинен өз убагында чечүүгө, билдирүүгө милдеттүү.
7.3. Муниципалдык ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү текшерүүчү органдары аркылуу ишке ашырылат.
- Муниципалдык ишкананы кайрадан түзүү жана жоюу
8.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын негизинде коммуналдык ишкананы кайрадан түзүүсү жана жоюсу түзүүчүнүн чечими менен, ошондой эле кокустук учурларда соттун чечими менен жүргүзүлөт.
8.2. Мекеменин жоюлусуна комиссия курамы активдерин баалап, дебитор, кредиторлор менен эсептешип, жоюлуучу балансын түзүп, ишкананын Түзүүчүнүн кароосуна жиберет.
8.3. Муниципалдык ишкана жоюлуп кеткен учурда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
8.4. Муниципалдык ишкананын түзүлүүсү же жоюлушу юридикалык жактан мамлекеттик реестрга катталгандан кийин гана түзүлдү же жоюлду деп эсептелинет.
8.5. Муниципалдык ишкана жоюлгандан кийин, анын тиешелүү жана тиешесиз мүлкү, укуктары жана милдеттери келип чыгуучу юридикалык жакка же түзүүчүгө биригүүгө өткөрүлүп берилүүчү актынын негизинде бөлгүч балансына ылайык берилет.
- Жыйынтыктоочу жобо
9.1. Муниципалдык ишкананын ушул Уставында көрсөтүлбөгөн маселелер Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын негизинде жөнгө салынат.
9.2. Ушул Уставдын чегиндеги Муниципалдык ишкананын башчысы ыйгарым укугуна ылайык, чыгарылган буйруктар жана башка нормативдик укуктук актылары ушул Уставга майда карама — каршылыктар келип чыкса, ал учурда Устав юридикалык күчкө ээ болот.
Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы: | Келдибаев С.А. |
|
|
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-май № 118 Куршаб айылы
«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык, Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезексиз ХХIII отуруму талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин баалап талкуулап, карап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы төмөнкү инсандарга ыйгарылсын:
- Баймурзаев Абдыкалил — Юдина Валентина Андреевна
- Аязова Апиза — Токторбаева Жыргал
- Каримова Айчүрөк Абдувалиевна — Сатыбалдыев Асан
- Матураимова Калбү Божоевна — Кожомкулова Жамбу
- Мамадалиева Замиракан — Жапарканова Урият
- Бусурманкулов Аттокур — Абдраев Имангазы
- Кайназарова Бурулкан
- Токтомду Куршаб айылдык rеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун
№ 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук,
укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Б. Э. Жумаев
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-май № 119 Куршаб айылы
“Бакы” айыл чарба кооперативин уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-июнундагы “Кооперативдер жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Куршаб айылдык кеңешинин Айыл чарба, суу чарба,мелорация,экология,ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы “Бакы” айыл чарба кооперативин уюштуруу жөнүндөгү маселесин алдын ала карап чыгып, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун күн тартибинде талкууланып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагында “Бакы” айыл чарба кооперативин уюштурууга
макулдук берилсин.
- Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин
Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Э.Жумаев |
|
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-май № 120 Куршаб айылы
“Өзгөн” өнүктүрүү фондунун акча каражаттын бөлүштүрүү жөнүндө
Куршаб айылынын Мамыт Орозбаев көчөсүнө 200метр асфальт басууга “Өзгөн” өнүктүрүү фондунун бөлүнгөн акча каражаттын жана Куршаб айыл өкмөтүнөн өздук салым катары акча каражатын бөлүү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отуруму карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Куршаб айылынын Мамыт Орозбаев көчөсүнө 200метр асфальт басууга “Өзгөн”
өнүктүрүү фондунун бөлүнгөн 2000,0 миң сом акча каражатты жана Куршаб айыл өкмөтүнөн 452,1 миң сом акча каражатын өздук салым катары бөлүп берилсин.
- Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин
бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Э.Жумаев |
|
|
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-май № 121 Куршаб айылы
Куршаб айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө
«Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Куршаб айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына түзөтүү (корректировка) материалдарын Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы
тарабынан даярдалган Куршаб айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары бекитилсин.
- Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
Төрага: Жумаев Б.Э
|
|
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-май № 122 Куршаб айылы
Таза суу комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Куршаб айылынын тургундарынын таза суу ЕБРР проектиси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлгө алуу боюнча маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Таза Суу ЕБРР проектиси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлгө алуу боюнча
төмөнкүдөй комиссия курамы түзүлсүн: Жумаев Б, Шермаматов К, Эрматова Г, Бекатов Ш, Каратаева А, Сабытбек уулу Б, Бакыев Улук, Бегматова Айсалкын, Матисаев Таалай.
- Комиссиянын максаты төлөмдөрдү топтолушу жана чыгымдалышы, техникаларды
инвертизация, техникаларды кандай багытта иштетилиши, кызмат орундарынын иштеши тууралу жыйынтык чыгарсын.
- Токтомду аткаруу жагы комиссия курамына жүктөлсүн.
- Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Э.Жумаев |
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-май № 123 Куршаб айылы
Эрдик айылына барчуу негизги жол жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу Эрдик айылына барчуу негизги жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөзүп берүү жөнүндөгү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу Эрдик айылына кирүүчү негизги 7 километр
жол Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.
- Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу аталган жолду өткөрүп берүү жагы Куршаб
айыл өкмөтүнүн башчысы С. Келдибаевге милдеттендирилсин.
- Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына
жүктөлсүн.
Төрага | Б.Э.Жумаев |
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIV кезектүү отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 06-сентябрь № 124 Куршаб айылы
«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык, Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектүү ХХIV отуруму талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин баалап талкуулап, карап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Шагым айылынын 1955-жылы 10-декабрь күнү туулган Джолборсов Кадырбекке
Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
- Шагым айылынын 1958-жылы 28-февраль күнү туулган Алыкулов Примбердиге
Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
- Токтомду Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун
№ 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук,
укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Б. Э. Жумаев
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIV кезектүү отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 06-сентябрь № 125 Куршаб айылы
Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө.
Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Куршаб айылынын А. Камчыбеков көчөсүндө жайгашкан иден. код
№5-06-11-1001-4655 калктуу конуш багытындагы жалпысы 700,0 чарчы метр Рахматилла уулу Талантбектин менчигинде турган жер тилкесинин 100,0 чарчы метрин Калкты тейлөө, соода сатык багытына өзгөртүүгө жана мыйзам талаптарына ылайык курулуш курууга макулдук берилсин.
- Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы Куршаб айыл
өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай,
курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Э Жумаев |
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIV кезектүү отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 06-сентябрь № 126 Куршаб айылы
Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө.
Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Куршаб айылынын Гафуржанов көчөсүндө жайгашкан иден. код №5-06-11-1001
4057 сандуу Нурматов Таласбекке тиешелүү 1700 чарчы метр жер тилкесинин жана иден. код 5-06-11-1001-4056 сандуу Каратаев Сейтбекке тиешелүү 1600 чарчы метр, жалпысы 3300 чарчы метр курулуш цех багытындагы жер тилкесин жеке турак жай багытына өзгөртүүгө жана курулуш курууга макулдук берилсин.
- Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы Куршаб айыл
өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш,
жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Э Жумаев |
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIV кезектүү отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 06-сентябрь № 127 Куршаб айылы
Сунушталган долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга карата бекитилген социалдык-экономикалык планын аткарууга алуу үчүн Өзгөн райондук жана Ош облустук өнүктүрүү фонддорунун дем берүүчү гранттарына долбоорлорду сунуштоого макулдук берүү жөнүндөгү маселесин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Өзгөн өнүктүрүү фондуна сунуштоого төмөнкү тармактарга макулдук берилсин:
-К. Бекмурзаев көчөсүн эки ярустуу жарыктандырууга
-М.Орозбаев көчөсүнүн 300м аралыгын асфальтоого
-А. Камчыбеков көчөсүнө тротуар (вело жол) курууга
— К.Эрматов, А. Таңгатаров, Токтогул жана айыл өкмөтүнүн имаратын жылытуу системасын оңдоого
-С. Жээнчороев көчөсүнө электр мамычаларын алмаштырууга
-Алтын-Ачкыч, Наристе балдар бакчасынын сертификатына
— Кызыл-Колот айылындагы көчөнү асфальттоого
- Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоого төмөнкү тармактарга макулдук берилсин:
- И. Шамшиев көчөсүн асфальттоого
- Маданият үйү театр стул алууга
- Чынар эс алуу багын реконтсрукциялоо долбооруна
- Кыш заводго оборудования алууга
- Таиров көчөсүн асфальттого
- Дем берүүчү гранд аркылуу ишке ашыруу үчүн төмөнкү тармактарды сунуштоого макулдук берилсин:
— Токтогул мектебинин балдар бакчасынын курулуш имараттын реконструкциялоо
— Т. Алапаков көчөсүн асфальттоо
— К. Эрматов ажаатканасын салууга
— Ленин №5 ажаатканасын салууга
— Токтогул мектебинин жанындагы спорт комплекстин курулушуна
- Токтомду аткарууга алуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин финансы, бюджет,
экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | Б.Э Жумаев |
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХIV кезектүү отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 06-сентябрь № 127-2 Куршаб айылы
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын тогуз айлыгына кошумча план алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 16.05.2016-жылдагы №59 мыйзамынын 109-беренеси 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренеси 3- пунктуна ылайык Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын тогуз айлыгына кошумча план алуу жөнүндөгү маселени Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата подоход
салыгынан 1100,0 сом кыскартылсын жана төмөнкү салыктардан кошумча план алуу
сметасы бекитилсин: Айыл чарба эмес салыктан-600,0 сом, Аренда акы ФПСтен- 1000,0 сом аренда калктуу пунктан – 100,0 сом.
- Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын тогуз айлыгына карата кошумча алынган 1700,0 сом акча каражаты төмөндөгү чыгашалар боюнча жумшалсын:
— Социалдык бөлүмгө 2721-статьяга 200,0 сом
— Айыл чарбага 2215-статьяга 500,0 сом
— Орто мектептерге 2221-статьяга 1000,0 сом
- Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын атайын каражаттар эсебинен ата-энелер төлөмүнө кошумча 800,0сом план алынсын. Чыгашасы : 1.Тамак ашка 2218-статьяга 600,0сом. 2. Башка чыгымдарга 2215 статьяга 200,0сом жумшалсын.
- Куршаб айыл өкмөтүнүн №3 уведомлениесинин негизинде акча каражаттары көрсөтүлгөн багыттар боюнча жылдырылып жумшалсын.
- Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин
бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Жумаев Б. Э.