Кароол айыл өкмөтү административдик-муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине талапкерлерди киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим же атайын орто кесиптик билим (автоматташтыруу жана башкаруу, Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар адистиктери боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Гуманитардык тармактарында);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажысына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
- билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
айыл аймагында иштин бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иштөө;
“Санарип аймак”, ЭДБ (электрондук документ башкаруу);
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү
Талап кылынуучу документтер.
-өздүк арыз,өздүк баракча, 4*6 өлчөмдөгү 2 даана сүрөт,эмгек китепчесинин, дипломунун көчүрмөлөрү(нотариус аркалуу тастыкталган), паспортунун көчүрмөсү,резюме,өмүр баян(соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү менен),электрондук почта.
Талапкерлер тиешелүү документтерин Кароол айыл өкмөтүнө жарыя гезитке чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндөн ичинде тапшыруулары зарыл.
Дареги: Кароол айылы,Кулбай көчөсү№26
Байланыш үчүн телефону:(0775) 55 01 55, (0551) 12 12 27.