Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
2-сессиясынын
ТОКТОМУ
19.04.2024-ж № 2/7 Кара-Дыйкан айылы
Жазы айыл аймагынын административдик чек араларынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жазы айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Жазы айыл аймагынынадминистративдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
- Жазы айылдык кеңешинин төрагасына жана Жазы айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
- Бул токтомдкн көчүрмөсү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткеарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
2-сессиясынын
ТОКТОМУ
19.04.2024-ж № 2/8 Кара-Дыйкан айылы
Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө
Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобосу менен таанышып жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин(тиркелет).
- Токтомдо көрсөтүлгөн Жобого ылайык иш жүргүзүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылыштагы 2-сессиясынын № 2/8 токтому менен бекитилди
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
- Жалпы түшүндүрмө
- Бул Жобо Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
- “Ардактуу атуул” наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары – айылдык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнун жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жааматтары ээ болот.
- “ Ардактуу наам “ ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айылдык кеңеш кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт.
- “Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин документтери айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат.
- Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 9 адамга гана ыйгарылат.
II.Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 Жазы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, аймактын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Жазы айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;
2.3 Айылдык аймакка инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес адамдарына, чет элдик адамдарга;
- Аймактын “ Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
- Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгисин жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
- “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө, Жазы айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
- “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар,коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
. Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
. чогулушта 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
. коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
. өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
. мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота,орден,медаль,ардактуу наам ж.б);
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
. эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
. өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
“Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын аймакка, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
. өздүк баракча сүрөтү менен;
. эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
. пасортунун көчүрмөсү;
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
2-сессиясынын
ТОКТОМУ
19.04.2024-ж № 2/9 Кара-Дыйкан айылы
Жазы айылдык кеңешинин 2024-жылга Иш планын бекитүү жөнүндө 4-жылга карата иш-планы алымча кошумчасы менен бекитилсин
Жазы айылдык кеңешинин төрагасынын айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын 2023-жылга карата түзүлгөн иш пландар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Жазы айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планы алымча кошумчасы менен бекитилсин(тиркелет).
- Ушул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айылдык кеңешинин 19.04.2024-ж № 2/9 токтомуна тиркеме
Жазы айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы
№ | Каралуучу маселелердин мазмууну | Аткарууу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | 1.Жазы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2024-2026-жылдарга болжолдуу долбоорун кароо
2.Жазы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2024-жылга милдеттери 3.Айыл аймактагы ишканалардын(СПА,Жазы таза суу, Жазы тазалык, Жайыт комитети) 2023-жылда аткарган иштери |
1-квартал |
Айыл өкмөтү, ФЭБ
3. Мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы
|
2 |
1.Айыл чарба иштеринин 2022-2023-жылга аткарылышы, КБФ жерлери боюнча жер адисинин отчету жана жазгы талаа иштерине даярдык жөнүндө
2.Айыл аймакта спорт жана жаштарды сергек жашоого үйрөтүү боюнча 2023-жылы жүргүзүлгөн иштери
3.Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышы.
4.Аймактагы билим берүү мекемелеринде,окуучулардын билим деңгээли жана тартиби
5.Аймакта маданият иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер |
2-квартал |
1.Мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 2. Жаштар,спорт,маданият маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын
3.Регламент,депутаттык этика,мандат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнуктүрүү, жалпыга малымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
4.Регламент,депутаттык этика,мандат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга малымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
|
3 | 1. Айыл өкмөтүндө социалдык кызматкерлер тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнундө
2.2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата соц. обьекттердин даярдыгы. 3.Жазы аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы жана жүргүзүп жаткан иштери
|
3-квартал |
1.Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы
|
4 | 1. Жазы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык –экономикалык өнүгүүсү боюнча 9 айдын жыйынтыгы
2.Айыл аймактагы транспорттордун саны жана төлөмдөрү боюнча
3.Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы, жана депутаттардын сессияга катышуусу жөнүндө |
4-квартал |
1.Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
1.Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
Регламент,депутаттык этика,мандат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга малымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
|
Жазы айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы М.Акжолова
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
2-сессиясынын
ТОКТОМУ
19.04.2024-ж № 2/10 Кара-Дыйкан айылы
“Замзам -Булак-Зергер-Суу” муниципалдык ишканасын жоюу жөнүндө
Жазы айыл аймагынын Зергер айылынын тургуну Маматалиев Келдибайдын “Замзам-Булак-Зергер-Суу” муниципалдык ишканасын жоюу жөнүндө арызын карап жана талкуулап айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.”Замзам-Булак-Зергер -Суу” муниципалдык ишканасы ААРнын алкагында жоюлсун.
- Мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана
кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура,курулуш,транспорт жана
экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
2-сессиясынын
ТОКТОМУ
19.04.2024-ж № 2/11 Кара-Дыйкан айылы
Жээренчи айылынын Ак-Тилек -1 көчөсүн өзгөртүп Социалисттик эмгектин баатыры маркум
Ж.Мойдуновдун ысмын ыйгаруу жөнүндө
Жээренчи айылынын жашоочуларынын жыйынын АкТилек-1 көчөсүн өзгөртүп Социалистик эмгектин баатыры маркум Жумакадыр Мойдуновдун ысмын ыйгаруу боюнча протоколу менен таанышып жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Жээренчи айылынын Ак-Тилек-1 көчөсүн өзгөртүлүп Социалистик эмгектин баатыры маркум Жумакадыр Мойдуновдун ысмы ыйгарылсын.
- Көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди жана көчөнүн атын жаздырып илдирүү Мойдуновдордун үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,айыл чарбасы,архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
2-сессиясынын
ТОКТОМУ
19.04.2024-ж № 2/12 Кара-Дыйкан айылы
Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну Исраилова Айгүлдүн жашап турган үйүн башкы планга ылайык өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну Исраилова Айгүлдүн арызы менен таанышып жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Балтабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Жазы айыл аймагынын Кызыл-Дыйкан айылынын МТФ участкасынын башкы планын 21-кварталынын 23-участкасынын аянты 550,0м2 деп өзгөртүлсүн.
- Токтомдун аткарылышы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
2-сессиясынын
ТОКТОМУ
19.04.2024-ж № 2/13 Кара-Дыйкан айылы
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келишим менен алынган кызматкерлердин эмгек акы өлчөмүн бекитип берүү жана (мурунку Кызыл-Тоо жана Зергер) 2023-жылда иштелбей (үнөмдөлгөн) калган жана ашыкча аткарылган
кирешелердин эсебинен тузулгон 3411,9 мин сом акча каражатын 2024-жылга карата аткарыла турган иш чаралардын сметасына ылайык бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде алминстративтик-аймактык реформа жургузуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жонундо” №52 токтомуна ылайык штаттан тышкаркы келишимдин негизинде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин эмгек акыларынын өлчөмүн бекитуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 27-февралындагы №01-25/63 буйругу менен бекитилген усулдук колдомону жана Жазы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкууга алынып жана Жазы айыл аймагынын айыл окмотунун (мурунку Кызыл-Тоо жана Зергер) 2024-жылынын 1-январына крата жергиликтуу бюджеттин эсеп-счетундагы уномдолгон жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен тузулгон 3411,9 мин акча каражатын, 2024-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын сметасын алдын ала карап. Алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келишим менен алынган кызматкерлердин эмгек акысы 8 кызматкерге теңдештирилген гранттан, 3 кызматкерге жергиликтуу бюджеттен, 1 кызматкерге максаттуу гранттан тиркемеге ылайык төлөнүп берилсин (тиркеме тиркелет).
Токтомдун аткарылышы Жазы айыл аймагынын башчысы У.Джеенбаевге тапшырылсын.
- Жазы айыл өкмөтүнүн (мурунку Кызыл-Тоо жана Зергер) 2023-жылда иштелбей (үнөмдөлгөн) калган жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен бюджеттен (мурунку Кызыл Тоо айыл окмотунон-1176,6мин сом. Зергер айыл окмотунон 2235,3 мин сом ) жалпы 3411,9 мин сом, 2024-жылга карата аткарыла турган иш чаралардын негизинде жалпысынан төмөндөгүдөй беренелерге ылайык жумшалсын.
- Аппарат бөлүмүнүн 3112-беренесине-156,5 мин сом
- ЖКХ бөлүмүнүн 3111-беренесине-1685,3 мин сом
- ЖКХ бөлүмүнүн 2221-беренесине -100,0 мин сом
- Орто мектеп бөлүмүнүн 2215-беренесине- 40,0 мин сом
- Орто мектеп бөлүмүнүн 3112-беренесине -130,1 мин сом
- Токтомдун аткарылышы Жазы айыл аймагынын башчысы У.Джеенбаевге тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышы Жазы айыл аймагынын башчысы У.Джеенбаевге тапшырылсын.
- Орто мектеп бөлүмүнүн 2221-беренесине -1300,0 мин сом
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Айылдык кеңештин 19.04.2024-жылдагы
№2/13 токтомуна тиркеме
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келишим менен алынган кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмүнүн долбоору. Айылдык кеңештин сессиясында каралуучу суммалар. | |||||||
№ | Ф.И.О. | Ээлеген кызмат орду | Акча каражаты сарпталуучу булак | Эмгек акысы | соц.фонд | сумма | 10айга керектелүүчү сумма |
1 | Кедеев Чыныбек | Кызыл-Тоо, Донуз-Тоо, Ак-Кыя айыл башчысы(ВУС,салык, ЧС,ж-б) | Теңдештирүү грантынан | 28500 | 4917 | 33417 | 334170 |
2 | Мурзакматов Акылбек | Жер адис Кызыл-Тоо боюнча (ВУС,салык, ЧС,ж-б) | Теңдештирүү грантынан | 23800 | 4110 | 27910 | 279100 |
3 | Абдуллаев Мелис | Ничке -Сай айыл башчысы(ВУС,салык, ЧС,ж-б) | Теңдештирүү грантынан | 23800 | 4110 | 27910 | 279100 |
4 | Кадыров Маматисак | Жаңы айыл , Токтогул, Кайрат айыл башчысы(ВУС,салык, ЧС,ж-б) | Теңдештирүү грантынан | 23800 | 4110 | 27910 | 279100 |
5 | Каратаев Нурлан | Кутурган,Заргер айыл башчысы(ВУС,салык, ЧС,ж-б) | Теңдештирүү грантынан | 23800 | 4110 | 27910 | 279100 |
6 | Каракозуев Мамыржан | Жер адис Зергер боюнча, Аюу айылынын айыл башчысы (ВУС,салык, ЧС,ж-б) | Теңдештирүү грантынан | 28500 | 4917 | 33417 | 334170 |
7 | Чынгыз уулу Майрамбек | Жазы, Кызыл-Дыйкан Жээренчи айыл башчысы(ВУС,салык, ЧС,ж-б) | Теңдештирүү грантынан | 28500 | 4917 | 33417 | 334170 |
8 | Тайтокуров Санжарбек | ВУС инспектор Жазы айыл аймагы боюнча Кара-Дыйкан айылынын айыл башчысы (салык, ЧС,ж-б) | Теңдештирүү грантынан | 23800 | 4110 | 27910 | 279100 |
9 | Вакант | Айыл аймагы боюнча ирригация, жайыт, тазалык, таза суу, сугат суу боюнча | Жергиликтүү бюджет | 23800 | 4110 | 27910 | 279100 |
10 | Вакант | Жээренчи айыл башчысы (ВУС, салык, ЧС ж.б. ) | Жергиликтүү бюджет | 23800 | 4110 | 27910 | 279100 |
11 | Вакант | Айыл аймагы боюнча озгочо кырдаалдар жана (Вус, салык, ЧС ж.б. )боюнча | Жергиликтүү бюджет | 23800 | 4110 | 27910 | 279100 |
10 | Токторова Жанара | Жазы айыл аймагы боюнча статист-экономист. Инвестиция тартуу ж,б | Максаттуу грантынан | 22300 | 3800 | 26100 | 261000 |
Жергиликтуу бюджет | 6600 | 1138,5 | 7738,5 | 77385 | |||
Жалпы | 28900 | 4938,5 | 33838,5 | 338385 | |||
9 | Жолдошова Уулбу | Жазы айыл аймагы боюнча салыкчы ВУС ж-б | Жергиликтүү бюджет | 23800 | 4110 | 27910 | 279100 |
Жалпы жыйынтык | 328600,0 | 56679,5 | 385279,5 | 3852795 |
Башчы: Джеенбаев У.Р
Башчынын орун басары Кошмокова Н.С.
Бөлүм башчы: Токторбаева А.Э
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
2-сессиясынын
ТОКТОМУ
19.04.2024-ж № 2/14 Кара-Дыйкан айылы
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын
бекитүү жөнүндө
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылыштагы туруктуу комиссиялары боюнча сунуштарын карап, угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
- Шерматов Медербек
- Акматов Жапарали
- Исраилов Мирлан
- Абдурашитов Сүйүн
- Медербек уулу Максат
6.Келдибаев Бакыт
- Каратаев Исламали Аманалиевич
- Орозбаев Маматякуп Эрчибаевич
- Кадыров Маматысак Алтымышович
- Джилкинчиева Жазгуль Аликовна
11.Ашимова Турсунай
12.Арыкова Айгул
- Регламент,депутаттык этика,мандат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга малымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамы:
- Калматов Тажидин
- Апжапарова Гульзат
- Дикамбаева Бурулкан
- Абдылмамыт уулу Диярбек
- Байдолотова Марапат Шариповна
- Кадырова Феруза Алтымышовна
- Алибаева Канышай
- Ибраимов Бакыт
- Садыков Мухтар
- Мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:
- Касымалиев Турсунали
- Исаков Азамат
- Аллихан уулу Нурсултан
- Чотобаев Дамирбек
- Кайыев Сейтбек Сарыевич
- Осмонова Камилахан Аматова
- Терекбаева Суйумкан Шумкарова
- Кочкоров Сайдуллажан Ташбалтаевич
- Мамытов Калыс
- Бабыров Эркинбай
- Абдыразак уулу Жаныш
- Жаштар,спорт,маданият маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:
- Айдаров Нурбек
- Станбаев Уланбек
- Кулмаматова Гүлнара
- Абдырахманова Сайрагул Өзгөнбаевна
- Абдывали уулу Муралым
- Мусурманкулов Назгул Тойчуевна
- Тешебаева Рахима Буважановна
- Таникулова Адила Кадырбековна
- Курманбек уулу Аскат
- Базарбаева Рахат
- Социалдык маселелер,саламаттыкты сактоо,билим беруу,коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:
- Насирдинова Жазгүл
- Уметбаева Кумурахан
- Жакыпова Айнура
- Тургумбаева Сайрагүл
- Самидинов Жениш
- Жолдошева Айгул
7.Самирали уулу Аскат
- Муратов Исманалы
- Амиракула Элвира
- Калыев Улукбек
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3-сессиясынын
ТОКТОМУ
19.04.2024-ж № 2/15 Кара-Дыйкан айылы
2024-жылдын киреше бөлүмүнө
кошумча план киргизүү жөнүндө
Жазы айылдык кенешинин VII -чакырылышынын депутаттарынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясынын отуруму кун тартибинде киргизилген маселени карап талкуулап. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы жонундо Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчилигине алып Жазы айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Жазы айыл өкмөтүнүн бюджетине 2024-жылга карата киреше болугундогу бюджетке 200,0 мин сом жана атайын каражатына(ата энелер толому) 400,0 мин сом акча каражаты кошумча план киргизилсин.
- Кошумча киреше болугундогу бюджетке кошумча алынган 200 мин сом акча каражаты жайыттын 2215 беренесине, атайын каражаттан кошумча алынган 400,0 мин сом акча каражаты бала бакчанын атайын каражаттар болумунун 2218-беренесине отургузулсун.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3-сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/16 Кара-Дыйкан айылы
Аймактык шайлоо комиссиясынын
курамынын резервине талапкерди
бекитүү жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин(VII-чакырылыштагы)кезексиз 3- сессиясынын күн тартибине Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Толкунжанова Акбермет Толкунжановна талапкерлике бекитилсин.
2.Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Толкунжанова Акбермет Толкунжанованы талапкер катары сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3-сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/ 17 Кара-Дыйкан айылы
Жазы айыл аймагынын участкалык шайлоо
комиссияларынын курамынын резервине
талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин(VII-чакырылыштагы)кезексиз 3- сессиясынын күн тартибине Жазы айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Жазы айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын резервине талапкерлер биринчи тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
- Жазы айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын резервине талапкерлер биринчи тиркемеге Өзгөн райондук шайлоо комиссиясына сунушталсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3-сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/ 18 Кара-Дыйкан айылы
Жазы айылынын тургуну Ходжамова
Садокат Абдирахимовнага Жазы
айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”
наамын ыйгаруу жөнундө
Жазы айылдык Кеңешинин депутаттык этика мыйзамдуулук,укуктук тартипти чыңдоо,кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын Жазы айыл өкмөтүнүн Ходжамова Садокат Абдирахимовнага Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Жазы айыл аймагынын Аюу айылынын тургуну Ходжамова Садокат Абдирахимовнага 2024-жылдын 14-июльдагы каттуу жаандан кийинки селдин кесепетинен жабыр тарткан жарандарга жана жаш балдарды коопсуз жайга алып чыгууда көптөгөн жарандардын өмүрүн сактап калганга себепчи болуп патриоттуулугун көрсөткөндүгү үчүн Жазы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин депутаттык этика мыйзамдуулук,укуктук тартипти чыңдоо,кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3-сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/19 Кара-Дыйкан айылы
Жээренчи айылынын Ак-Тилек -2 көчөсүн өзгөртүп 40-жылдан ашык
медицина тармагында иштеген маркум Төрөбеков Ысабек Каиповичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Жээренчи айылынын жашоочуларынын жыйынын АкТилек-2 көчөсүн өзгөртүп 40-жылдан ашык медицина тармагында иштеген маркум Төрөбеков Ысабек Каиповичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Жээренчи айылынын Ак-Тилек-2 көчөсү өзгөртүлүп 40-жылдан ашык медицина тармагында иштеген маркум Төрөбеков Ысабек Каиповичтин ысмы ыйгарылсын.
- Көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди жана көчөнүн атын жаздырып илдирүү Төрөбековдун үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,айыл чарбасы,архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3-сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/20 Кара-Дыйкан айылы
Жээренчи айылынын Ак-Тилек -3 көчөсүн өзгөртүп милициянын майору
маркум Өмүрзаков Нурпазыл Канзылбековичтин ысмын ыйгаруу
жөнүндө
Жээренчи айылынын жашоочуларынын жыйынын АкТилек-3 көчөсүн өзгөртүп милициянын майору маркум Өмүрзаков Нурпазыл Канзылбековичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Жээренчи айылынын Ак-Тилек-3 көчөсү өзгөртүлүп милициянын майору
маркум Өмүрзаков Нурпазыл Канзылбековичтин ысмы ыйгарылсын.
- Көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди жана көчөнүн атын жаздырып илдирүү Өмүрзаковдун үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,айыл чарбасы,архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3-сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/21 Кара-Дыйкан айылы
Кара-Дыйкан айылынын Джерзинский көчөсүн өзгөртүп маркум Мамакаев
Нусуптун ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Дыйкан айылынын жашоочуларынын жыйынын Джерзинский көчөсүн өзгөртүп маркум Мамакаев Нусуптун ысмын ыйгаруу жөнүндө туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Кара-Дыйкан айылынын Джерзинкий көчөсү өзгөртүлүп маркум Мамакаев Нусуптун ысмы ыйгарылсын.
- Көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди жана көчөнүн атын жаздырып илдирүү Мамакаевдин үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,айыл чарбасы,архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3-сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/22 Кара-Дыйкан айылы
Кара-Дыйкан айылындагы балдар
ойноочу аянтчага эмгектин ардагери
маркум Исаков Турсунбайдын ысмын
ыйгаруу жөнүндө
Кара-Дыйкан айылындагы балдар ойноочу аянтчага эмгектин ардагери маркум Исаков Турсунбайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Кара-Дыйкан айылынындагы балдар ойноочу аянтчага эмгектин ардагери маркум Исаков Турсунбайдын ысмы ыйгарылсын.
- Балдар ойноочу аянтчанын жашылдандыруу иштерин жүргүзүп туруу жана көзөмөлгө алуу, эмеректерин жакшы абалда сактоо Исаков Азаматка милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,айыл чарбасы,архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/23 Кара-Дыйкан айылы
“Муниципалдык менчик объектилерин
пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби
жөнүндө” жобоосун кабыл алуу жана
тандалып алынган бизнес өнөктөштөргө
ижарага берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобонун 8-главасына ылайык, Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө типтүү жобосуна” ылайык Жазы айылдык аймагы боюнча “Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” жобосу кабыл алынсын (тиркеме №1)
- “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, айыл өкмөтүнүн башчысы Джеенбаев Улукбек Рахматиллаевич ушул токтомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктү Бизнес-өнөктөш Мамитов Сардорбек Абдукаримович тандалып алынган экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.
- Айыл өкмөтүнүн башчысы Джеенбаев Улукбек Рахматиллаевич белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө Келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин.
- Бизнес-өнөктөш Мамитов Сардорбек Абдукаримович :
– өткөрүп берүү-кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте
ижарага кабыл алсын;
– ижарага алынган мүлктүн максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары
кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттимекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айылдык
кеңешинин №3/23
токтомуна тиркеме
24.07.2024-ж
Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
- Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ушул Типтүү жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бектилген “Муниципалдык менчиктин объектилерин пайдаланууга жана ижара берүү тартиби жѳнүндѳ типтүү жобого” ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги объекттерди кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
- Муниципалдык менчиктин объекттери жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ушул Жобонун 8-бѳлүгүнүн жана 11-пункттун кошпогондо, ушул Жобонун жана өз ыйгарым укуктарынын талаптарына ылайык муниципалдык мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырат.
- Муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга укук берүүдөн түшкөн бардык кирешелер, комиссиялык төлөмдөрдү, юридикалык жыйымдарды же бүтүмдү аяктоо үчүн зарыл болгон башка чыгымдарды алып салуудан кийин жергиликтүү бюджетке түшөт. Муниципалдык мүлк пайдаланууга же ижарага берилген жак бүтүмдү мамлекеттик каттоо органында каттоого, ошондой эле ар кандай каттоого кеткен чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы, ушул Жобонун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.
2-глава. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр
- Ушул Жободо пайдаланылган түшүнүктөр:
ижара – ижарага берүүчү тарабынан муниципалдык менчиктеги объектти пайдалануу укугу менен ижарага алуучуга белгиленген акы алуу менен белгилүү бир мөөнөткө берүү;
ижарачы – ушул Жободо белгиленген тартипте муниципалдык менчиктеги объектке убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак;
ижарага берүүчү – муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө тиешелүү ыйгарым укуктар аларга берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле муниципалдык мекеме, муниципалдык ишкана;
аукцион – тооруктун түрү, мында эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;
аукционду алып баруучу – тоорукту аукцион формасында жүргүзгөн жана аукционду өткөрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөгөн жак;
арыз ээси – муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүү боюнча тоорукка катышуу үчүн өтүнмө берген жеке же юридикалык жак;
конкурс – тооруктун түрү, мында тооруктун предметине карата ижарага берүүчү белгилеген шарттарды мыкты аткарууну сунуш кылган адам жеңүүчү деп табылат;
муниципалдык менчиктеги объект – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик укугуна ээ болгон кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;
оперативдүү башкаруу – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык мекемеге анын уюштуруучусу койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн бекитилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы;
пайдалануу – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу болуп саналган муниципалдык ишканаларга, муниципалдык мекемелерге, коммерциялык эмес уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тоорук өткөрбөстөн акцияларына ээлик кылган акционердик коомдорго муниципалдык мүлк объекттерин берүүнүн формасы;
муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага түз берүү – жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) муниципалдык менчиктеги объекттерге карата ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү ыкмасы;
тоорук – муниципалдык менчикте турган объекттерге ижара укугун аукцион же конкурс түрүндө берүү ыкмасы;
катышуучу – тоорукка катышууга уруксат алган арыз ээси;
чарба жүргүзүү – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык ишканага ал үчүн белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде чарба (коммерциялык) иштерин жүргүзүү үчүн берилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы.
3-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүү
- 7. Муниципалдык мүлк муниципалдык ишканаларга жергиликтүү маанидеги маселелерди жана муниципалдык ишкананын экономикалык туруктуулугуна өбөлгө болуучу башка тапшырмаларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде чарба жүргүзүүгө берилет.
- 8. Муниципалдык ишканалар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу менен гана муниципалдык мүлктү субижарага өткөрүп бере алышат, күрөө катары көрсөтүп, башка операцияларды жүргүзө алышат.
- 9. Муниципалдык мүлк жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип, уюштуруучунун функцияларын аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде муниципалдык мекемелерге оперативдүү башкарууга берилет.
- 10. Муниципалдык мекемелер муниципалдык мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу менен гана субижарага өткөрүп бере алышат.
- 11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу катары иш алып барган коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү кеңештин чечими боюнча акцияларга ээ болгон акционердик коомдорго муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүүгө укуктуу.
- 12. Пайдаланууга берилген муниципалдык мүлктүн субижарасы үчүн акы жергиликтүү бюджетке түшөт.
4-Глава. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү
- Муниципалдык менчиктеги объектилерди ижарага берүү тооруктар өткөрүү аркылуу ишке ашырылат
- 14. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
- 15. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты муниципалдык менчикти ижарага берүү үчүн максималдуу бааны алуу жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу зарылдыгы болгон учурларда аукциондун негизинде тооруктар дайындалат.
16 Аукцион түрүндөгү тооруктар электрондук соода аянтчасында электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн. Тооруктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 токтому менен бекитилген Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
- 17. Тооруктарды өткөрүүнүн негизги максаты жергиликтүү жамааттын экономикалык же социалдык чөйрөдө өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналган учурларда конкурстун негизинде тооруктар өткөрүлөт.
- 18. Тооруктун бир түрүн колдонуу жөнүндө чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат.
5-глава. Тооруктарды уюштуруу боюнча жалпы жоболор
- Тооруктарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп бере алат:
— муниципалдык мүлктү ижарага берүү зарылдыгы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими,
— муниципалдык менчиктин айрым объекттерин ижарага берүү боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык коргоо программасынын талабы,
— муниципалдык мүлктү ижарага алууга жеке жана юридикалык жактардын арызы.
- 20. Тооруктарды өткөрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык менчиктеги объекттерге ижара укугун берүү боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзөт.
- 21. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киргизилет.
- 22. Комиссиянын курамы, анын төрагасы жана катчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен бекитилет.
- 23. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 адамдан кем болбойт.
- 24. Тооруктарды даярдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы:
— пландаштырылган тооруктар боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзөт,
— тоорукка катышууга талапкерлерден арыздарды кабыл алууну уюштурат,
— тооруктарды өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечет.
22.1 Комиссия:
— келип түшкөн өтүнмөлөргө ушул Жобонун талаптарына ылайык баа берет,
— тооруктун жыйынтыгын протокол түрүндө бекитет жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына чечим кабыл алуу үчүн жиберет,
— муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Жободо каралган компетенциясынын чегинде карайт.
23.1 Ижарага берүүчү тооруктарды өткөрүү үчүн төмөнкү документтерди даярдап, талапкерлерге берет:
— кыймылдуу же кыймылсыз мүлк объектисине үчүнчү жактардын укуктарынын жоктугу жөнүндө тастыктоочу маалымкатты;
— техникалык паспорттун көчүрмөсүн же объектинин техникалык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде техникалык коммуникациялар жөнүндө маалыматты;
— муниципалдык менчиктеги объекттин баалоочу же баланстык наркын;
— муниципалдык менчиктеги объекттер боюнча орточо айлык амортизациялык чегерүүлөрдүн эсебин;
— жергиликтүү салыктар (жер салыгы, мүлк салыгы) боюнча эсептерди;
— муниципалдык менчиктеги объекттин ижара акысынын баштапкы наркын.
24.1 Ижарага берүүчү арыз ээсинин талабы боюнча анын техникалык абалын текшерүү максатында ижара объектисине кирүүнү камсыз кылууга тийиш. Арыз ээсинин талабы боюнча ижарага берүүчү таанышып чыгуу үчүн объектке укук белгилөөчү жана башка документтерди берүүгө милдеттүү.
- Өткөрүлгөн тооруктар жөнүндө кулактандыруу маалымат такталарына, шаардын/айылдык аймактын, райондун сайтына, социалдык тармактарга жана башка маалымат каражаттарына тоорук башталганга чейин 30 күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
Кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
— объекттин аталышы жана анын жайгашкан жери,
— объекттин максаттуу багыты,
— тооруктарды өткөрүүнүн шарттары, күнү, орду,
— тооруктун баштапкы баасынын өлчөмү,
— арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган күнү,
— тооруктун катышуучуларына коюлган квалификациялык талаптар (конкурс өткөрүлгөн учурларда),
— тоорук маселелери боюнча кошумча маалымат алууга шарт түзгөн арыздарды кабыл алуучу жердин дареги.
- Талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча коштомо документтерди чапталган конвертке салып беришет.
- Талапкерлерди каттоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу кызматкери жүргүзөт. Кызматкер каттоо фактысы жөнүндө талапкерге кабарлоо менен атайын каттоо журналына киргизет (2-тиркеме).
- Тоорукка каттоодон өткөн жана белгиленген форма (3- тиркеме) боюнча арыз берген талапкерлер катыша алышат.
- Эгерде тоорукка катышкандардын саны экиден кем болбосо, тоорук өттү деп таанылат.
- Муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүүнүн баштапкы баасы объектиге байланышкан жер салыгынын, ошол объект үчүн мүлк салыгынын суммасынан кем болбоого тийиш.
- Муниципалдык менчиктеги объектти ижаралоонун баштапкы баасын мүлктү баалоо боюнча сертификацияланган адистин корутундусунун негизинде белгилөөгө жол берилет.
- Тоорук 2 этап менен өткөрүлөт.
- Биринчи этапта Комиссия өтүнмөлөрдү берилген документтердин толуктугу боюнча талаптардын сакталганына жараша баалайт.
- Экинчи этапка өтүнмөлөрү берилген документтердин толуктугу боюнча тооруктун талаптарына шайкеш келген талапкерлер киргизилет.
- Экинчи этапта төмөнкүлөргө баа берилет:
— аукцион үчүн – сунуш кылынган максималдуу баа боюнча,
— конкурс үчүн – коюлган максатка жетүү үчүн эң жакшы сунушталган шарттар боюнча.
- Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес кворуму болгондо жөнөкөй көпчүлүктүн добуштары менен кабыл алынат.
- Добуштар тең болгон учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
- Тооруктарды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия протоколго кол койот, бул протокол тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына жиберилет.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы Комиссиянын мүчөлөрү ушул Жобону бузгандыгынын фактысы ырасталган учурда гана Комиссиянын пикирине макул болбоого укуктуу.
- Комиссия же анын айрым мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен макул болбогон учурда тооруктун жыйынтыгы боюнча акыркы чечимди жергиликтүү кеңеш өзүнүн чечими менен кабыл алат.
- Арыздарды баалоону жүргүзүүдө техникалык мүмкүнчүлүк болгондо Комиссиянын жыйындарын онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.
6-глава. Аукцион түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
- Аукционду өткөрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы аукционду алып баруучуну дайындайт.
- Аукциондун “арымы” баштапкы ижара акынын 10 пайызына чейинки өлчөмүндө белгиленет.
- Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун “арымын” аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.
- Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.
- Аукционду алып баруучу аукциондун баштапкы баасын жарыялайт жана катышуучуларга бааны аукциондун белгиленген “арымынан” кем эмес өлчөмдө жогорулатуу сунушу менен кайрылат.
- Аукциондун катышуучусу өзүнүн билетин көтөрүп, лотту аталган баа боюнча сатып алууга макулдугун тастыктоо менен аукционду алып баруучуга кайрылат.
- Эгер аукционду алып баруучу кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы – жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
- Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш (4- тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.
- Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия аукциондун биринчи жеңүүчүсүнөн кийин экинчи жогорку бааны сунуштаган катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде рейтингде экинчи орунду ээлеген катышуучу аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
- Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижаралоо келишими түзүлөт.
- Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:
— бир катышуучу катышса, 50-пунктта каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса,
— баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу жогорку бааны сунуш кылбаса.
- Аукцион өткөн жок деп таанылган учурда кайрадан аукцион дайындалат.
- Эгер экинчи аукцион да өткөн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан өткөрүлгөн аукциондун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же тоорукту жокко чыгарууга укуктуу.
7-глава. Конкурс түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык менчиктин объекттерин максаттуу багытын жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү жамаатты социалдык коргоо программасынын талаптарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечимдерине жараша аныктайт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы максаттуу багыттын негизинде объектти пайдалануу боюнча конкурстук талапты иштеп чыгат, ал конкурска катышууну каалагандарга берилет.
- Арыз берүүчүлөрдөн конкурстук сунуштарды ачуу Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашырылат.
- Комиссия келип түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, конкурстун негизги шарттарын жарыялайт жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
- Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө Комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
- Конкурстун ар бир катышуучусуна конкурстук сунушун негиздеп берүү укугу берилет.
- Конкурстук сунуштарды 5-тиркемеде берилген критерийлердин негизинде Комиссиянын ар бир мүчөсү өз-өзүнчө баалап чыгат.
- Конкурстун жеңүүчүсү ар бир өтүнмө боюнча Комиссиянын мүчөлөрү койгон упайларды суммалоо жолу менен аныкталат.
- Конкурстун жыйынтыгы боюнча Конкурстун бардык катышуучуларынын упайларын жана конкурстун жеңүүчүсүнө берилген бааны көрсөтүү менен протокол түзүлөт. Протоколдун формасы 6-тиркемеде берилди.
- Конкурстун эки же андан көп катышуучулары алган упайлар тең болгон учурда эң жогорку ижара баасын сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп таанылат.
- Эгерде бул учурда кайра баалоо бир жеңүүчүнү аныктай албаса, анда чечим бирдей жогорку упай алган катышуучулардын ортосундагы чүчүкулактын негизинде кабыл алынат.
- Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде ижарага берүүчү менен конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижара келишими түзүлөт.
- Эгер конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия конкурстун биринчи жеңүүчүсүнөн кийин экинчи орунду ээлеген катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде экинчи орунду ээлеген катышуучу конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
- Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:
— бир катышуучу катышса,
-66-пунктта каралган учурда экинчи орунду ээлеген тооруктун катышуучусу конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса,
— эгерде Комиссиянын пикири боюнча бир дагы өтүнмө конкурс үчүн коюлган талаптарга жооп бербесе.
- Конкурс өтпөй калды деп таанылган учурда, кайрадан конкурс дайындалат.
- Эгер экинчи конкурс да өткөн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан өткөрүлгөн конкурстун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же конкурсту өткөрүүнү жокко чыгарууга укуктуу.
8-глава. Муниципалдык менчиктеги объекттерди түз берүү
- “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин жоболору муниципалдык менчиктеги объекттерди тооруктарды өткөрбөстөн түз берүү ыкмасын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
- Муниципалдык менчиктеги объекттерди тоорук өткөрбөстөн берүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңештин чечими менен кабыл алынат.
- Муниципалдык менчиктин объекттерин ижарага түз берүү төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:
— муниципалдык мүлктү пайдаланган ижарага алуучу мурда түзүлгөн ижара келишиминин бардык талаптарын сактап, ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ижара жөнүндө өтүнүч менен кайра кайрылса,
— объекттин максаттуу багыты маанилүү социалдык маселелерди чечүү менен байланыштуу болуп, мында шаардын/айылдык аймактын чегинде бул социалдык тапшырманы аткарууга жөндөмдүү башка уюмдар болбосо;
— муниципалдык менчик мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимин ишке ашыруунун алкагында жеке ишкердик өнөктөшкө жана/же долбоордук компанияга берилсе;
— муниципалдык менчик Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунуy «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында ири долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) жана Мырза-Аке айыл аймагынын 14.06.202-жылдагы макулдашууларынын алкагында белгиленген тартипте тандалган Бизнес-өнөктөшкө берилет.
— объектиге турмуштук оор кырдаалда турган адамдар: улгайган адамдар, жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү жана башка талапкер болсо;
— муниципалдык менчиктеги объект белгиленген тартипте эки жолу ачык тоорукка коюлуп, ижарага берилбесе.
— ижарага берилүүчү муниципалдык менчиктеги объектинин аянты 500 кв.м ден ашпаса;
73.1. 73-пункттун 4-пунктунда көрсөтүлгөн ижарачыларга түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык мүлктү ижарага берүү учурунда бир календардык жыл үчүн ижарага алынган мүлк үчүн төлөмдүн өлчөмү ижарага берүүчү тарабынан төмөндөгү жолдордун бири менен аныкталат:
-төмөнкү формула боюнча эсептөө боюнча: ири долбоордун өзүн актоо мөөнөтү/100* мүлктүн наркы/өзүн актоо мөөнөтү (ай менен);
-Ири долбоордун өзүн актоо мөөнөтүнүн ичинде 1 эсептөө көрсөткүчү менен тѳлѳнѳт, анда ижара акысынын суммасы төмөнкү формула менен эсептелип тѳлѳнѳт: өзүн актоо мөөнөтү/100* мүлктүн наркы/ өзүн актоо мөөнөтү (ай менен).
Муниципалдык менчиктеги объекттерди түз сүйлөшүүлөр жолу менен ижарага алууга талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына арыз беришет, мында өтүнмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
— арыз ээси жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери),
— муниципалдык менчиктеги объекттин жайгашкан жери жана аталышы,
— болжолдуу максаттуу багыты,
— муниципалдык мүлктү түз берүү үчүн негиздеме,
— жергиликтүү коомчулук ала турган пайда.
- 74. Комиссия арызды жана тиешелүү документтерди карап чыгат, андан кийин чечим кабыл алат, бул чечим протокол түрүндө таризделет.
- 75. Комиссиянын чечиминин протоколу муниципалдык менчиктеги объектти түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет.
- 76. Жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде жергиликтүү кеңештин токтому кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы менен ижарачынын ортосунда ижара келишими түзүлөт.
9-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга же ижарага берүүдө келишимдик мамилелердин өзгөчөлүктөрү
- 77. Муниципалдык мүлктү пайдалануу келишими ижарага берүүчү белгилеген мөөнөткө түзүлөт.
- Түз берүү жолу менен ижарага алынган муниципалдык мүлктү ижарага алуунун наркы комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык менчикти ижарага алуунун минималдуу наркы бул объект боюнча мүлк салыгынын суммасынан кем болбоого тийиш.
- Муниципалдык мүлктү ижарага берүү мөөнөтүн ижарага берүүчү белгилейт.
- Пайдалануу же ижаралоо келишиминин шарттарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен киргизилет.
- Ижара келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдан кечиктирбестен өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы жана ижарага берүүчү тараптар колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен ижаралоо келишимин ошол эле мөөнөткө узарта алышат.
- Ушул Жобонун 81-пунктуна ылайык ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу айрым бир шарттар менен түзүлөт, эгерде ижарачы:
1) ижара акысын, туумдарды, коммуналдык төлөмдөрдү, эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлк салыгын төлөө боюнча карызы болбосо (эгерде аларды төлөө милдети ижарачыга жүктөлсө);
2) ижара акысын өз убагында төлөбөгөндүгү форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыккан учурларды кошпогондо, ижарага алган мөөнөт ичинде ижара акысын бир нече жолу кечиктирбесе;
3) конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ижара келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарса.
- Ижарага берүүчүнүн кошумча макулдашуу түзүүдөн жүйөлүү баш тартуусу ижарачыга келишимди узартуу тууралуу сунушту алган учурдан тартып беш иш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жиберилүүгө тийиш.
- Ижара мөөнөтүн узартууда ижара акысы тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.
- Ижара келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
1) келишимди колдонуу мөөнөтү жана/же мындай ижара келишимин узартуу жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда;
2) тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ижара келишими бузулганда;
3) тараптардын биринин талабы боюнча сот ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузганда;
4) ижарачы – юридикалык жак жоюлганда;
5) жеке жак – ижарачы каза болгондо, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок деп табылганда;
6) ижарачы ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүүгө макул болбогондо.
- Ижарага берүүчү келишим шарттарын бузган ижарачыдан буларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде:
1) ижара объектисин же мүлктүн багытын ижара келишиминин шарттарын бузуу менен колдонуп жатса;
2) муниципалдык мүлктү ижарага берүүчүнүн макулдугусуз субижарага өткөрүп берсе;
3) ижара келишиминде белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин катары менен эки жолудан ашык ижара акысын төлөбөсө;
4) эксплуатациялоо процессинде ижара объектинин техникалык мүнөздөмөлөрү начарласа, же зыянга учураса, аларды жоюу үчүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү талап кылынса;
- Ижарачы төмөнкү учурларда ижарага берүүчүдөн келишимдик милдеттенмелерди аткарууну же кетирген кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга укуктуу:
1) ижарага берүүчү келишимдин шарттарына ылайык ижара объектисин пайдаланууга тоскоолдуктарды жаратса;
2) ижарага берилген муниципалдык мүлктүн кемчиликтери болсо, ижара келишимин түзүүдө айтылбаса жана келишим түзүүдө ижара объектисин карап чыгуу учурунда аныкталбай калса.
- Ижара келишимин токтотуу ижарачыны ижара акысын төлөө жана туумдар менен айыптарды төлөө зарылчылыгынан бошотпойт.
- Ижарачы ижара мөөнөтүнүн ичинде капиталдык ремонт жасаган учурда тараптардын макулдашуусу боюнча ремонт иштерине кеткен чыгымдар ижара акысы катары эсепке алынышы мүмкүн.
- Муниципалдык мүлктүн эскиришин калыбына келтирүү жана амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо боюнча тараптардын милдеттенмелерди аткаруусу боюнча талаптарды көрсөтүү ижара келишимин түзүүдө милдеттүү шарт болуп саналат.
- Ижарага берүүчү амортизациялык чегерүүлөрдү топтоо боюнча шарттардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылууга милдеттүү.
- Ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө шарттар ижара келишимине киргизилүүгө тийиш.
- Эгерде ижара келишиминде башкача каралбаса, ижара объектисин кабыл алуу-өткөрүп берүүгө даярдоо ижарага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.
- Келишим токтотулганда ижарачы ижара объектисин жакшы абалда ижарага берүүчүгө кайтарып берүүгө милдеттүү.
- Ижара келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык-укуктук, тартиптик же жазык жоопкерчилигине тартылышат.
- Күнөөлүү тарап экинчи тарапка келтирилген материалдык зыяндын жана ижара келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган бардык чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3 -сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/24 Кара-Дыйкан айылы
Жаңы мектеп куруу
үчүн жер участогун
бөлүп берүү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин Кара-Дыйкан айылындагы Т.Ташмаматов орто мектеби жана Жээренчи айылындагы Ж.Мойдунов орто мектептеринде көрсөтүлгөн нормадан окуучулар ашык болуп, окуучулар Өзгөн шаарындагы мектептерге барып окуп жаткандыктан эки айылга тең жакын орто жерге жаңы мектеп,бала бакча жана спорт аянтчасын курууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Дыйкан айылынын түндүк батыш тарабындагы КБФнын сугат айдоо жеринен №71 контурунан заманбап мектеп,бала бакча жана спорт аянтчасын куруу үчүн 3,0га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3 -сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/25 Кара-Дыйкан айылы
Доңуз-Тоо айылынан Кызыл-Тоо орто мектебине окуучуларды ташуучу автоунаа алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан Мерседес бенс спринтер автоунаасын алууга айыл аймагынын өздүк салымына кошуу үчүн, Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Доңуз-Тоо айылынан
8 чакырымды түзгөн №9 Кызыл-Тоо орто мектебине окуучуларды ташып барып
келүү үчүн мерседес бенс спринтер автоунаасын сатып алууга макулдук берилсин.
- Жергиликтүү бюджеттен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнгөн, бүгүнкү күндө мерседес бенс автоунаасынын жалпы наркы 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом болгондуктан калган акча каражатты Ош облустук өнүктүрүү фондунан 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3 -сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/26 Кара-Дыйкан айылы
Кара-Дыйкан айылында
курулуп жаткан тейлөө
борборунун имаратына
кошумча акча бөлүп
берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан Кара-Дыйкан айылында курулуп жаткан тейлөө борборунун имаратын бүтүрүүгө айыл аймагынын өздүк салымына кошуу үчүн, Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2023—жылы Жазы айыл аймагынын Кара- Дыйкан айылына, Элди тейлөө борборун куруу үчүн проект түзүлүп, мамлекеттик экспертизадан өиткөрүлүп, тендер жарыяланган. Тендерден ЖЧК “ЧИК-Строй” ишканасы утуп алган жана Жазы айыл өкмөтү менен №80 22.10.2023-жыл келишим түзүлгөн. Жергиликтүү бюджеттен 3849 000 (үч миллион сегиз жүз кырк тогуз миң) сом акча каражаты бөлүнгөн , Озгөн райондук өнүктүрүү фондунан 2 000 000(эки миллион )сом акча каражаты бөлүнүп бүгүнкү күндө иш жүрүп жатат. жалпы наркы 11877 378 (он бир миллион сегиз жүз жетимиш жети миң үч жүз сексен сегиз) сом болгондуктан жергиликтүү бюджеттен эконом акчадан 1028388 (бир миллион жыйырма сегиз миң үч жүз сексен сегиз сом карап жатабыз,жергиликтүү бюджетте акча каражаты жетишсиз болгондуктан, калган акча каражатты курулушту бүтүрүү үчүн, Ош облустук өнүктүрүү фондунан 5 000 000 (беш миллион) сом суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3 -сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/27 Кара-Дыйкан айылы
Укук бузулар жөнүндө
иштерди караган комиссиянын
курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомунун Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобого ылайык комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомунун Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобого ылайык төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин.
- Аскар уулу Н-Аймактык тескөөчү милициянын ага лейтенанты (макулдугу менен);
- М.Абдыкадыров-аймактык тескөөчү милициянын капитаны (макулдугу менен);
- А.Балтабаев-жер адис;
- Ж.Эшимбетов-вет адис;
- С.Тыныбекова-сатып алуулар боюнча адис;
- М.Чынгыз уулу-бух адис;
- Б.Молдошбаев-Жазы Нур ишканасынын жетекчиси;
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3-сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/28 Кара-Дыйкан айылы
“Жазы Нур” коммуналдык
муниципалдык ишканасынын
2024-жылга бюджетин
бекитүү жөнүндө
“Жазы Нур” коммуналдык ишканасынын 2024-жылга бюджети боюнча,жетекчиси Б.Молдошбаевдин маалыматын жана сунуштарын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- “Жазы Нур” коммуналдык ишканасынын бюджети 2024-жылга карата төмөндөгүдөй бекитилсин:
Жазы СПАнын кирешеси 1 784 000 сом
“Жазы Тазалык”ишканасынын кирешеси 2 600 000 сом
“Жазы Таза Суу” ишканасынын кирешеси 1 614 760 сом
Жалпы киреше: 5 998 760 сом
- Ай сайын төлөнүүчү шалы аянтынын суу акысынын тарифи 1 га 2000сомго,техникалык өсүмдүктөрүнүн жана там аркасынын суу акысынын тарифи 1 га 1000 сомдон бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
3-сессиясынын
ТОКТОМУ
24.07.2024-ж № 3/29 Кара-Дыйкан айылы
Жазы айыл өкмөтүнүн
2024-жылдын 6 айында
аткарган иштери жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин 2024-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жазы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айында аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарган иштери канаатандырарлык деп баалансын.
- Жазы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн иш планынын аткарылышы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
Төрага К.Камчибеков
ТОКТОМУ
27.08.2024-ж № 4/30 Кара-Дыйкан айылы
Жазы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы
жергиликтүү бюджетине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жазы айылдык кенешинин VII -чакырылышынын депутаттарынын кезектеги экинчи сессиясынын отуруму кун тартибинде киргизилген маселе боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы жонундо Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчилигине алып Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясын жана бөлүм башчынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- 2024-жыл ичинде Жазы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органы жонундо Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчилигине алып бюджеттен 4178,8 мин сом акча каражаты жана атайын каражат (ата-энелер төлөмү) 420,0 мин сом акча каражаттарынын беренелери башка беренелерге жылдырылсын.
- 2024-жыл ичинде айыл өкмөтүнүн ААРдин негизинде айрым кирешелердин түрлөрүнөн план жеткизе албай калгандыктан. 2024-жылдын 12-январындагы № 9 “Кыргыз Республикасынын 2024-2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнундө” мыйзамынын 6-беренсинин 1-бөлүгүнө корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко төлөмдөр) жана башка беренелерден 6 451,7 миң сом акча каражаты чыгашалар бөлүмүнөн кыскартылсын.
- 2024-жылдын 12-январындагы № 9 “Кыргыз Республикасынын 2024-2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнундө” мыйзамынын 6-беренсинин 1-бөлүгүнө корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко төлөмдөр ж.б.) ылайык АТРге байланыштуу штаттык санынын өзгөрүүсүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен бюджеттик мекемелерди бош орундардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу корголгон беренелерден (эмгек акы, социалдык фондко төлөмдөр ж.б ) 4947,2 мин сом акча каражаты беренелерден башка беренелерге жылдырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 11.03.2022-жылдагы №137 токтомуна ылайык дыйкан-фермерлер айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынан бошотулгандыгына байланыштуу юридикалык жер салыгынан 533,1 миң сом биринчи жарым жылдыктын жана 2-жарым жылдыкта келе турган 990,1 мин сом акча каражаты 2024-жылдын жыйынтыгы менен компенсация катары мамлекет тарабынан берилген 400,0 мин сомакча каражаты “Жазы Нур” МИ которулуп берилсин, калган акча каражаты кошумча сметага киргизилсин.
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүмүнө атайын каражаттар (ата-энелер төлөмүнө) 2874,3 мин сом, жайыт толомунон тушкон ижара акыга 150,0 мин сом, кыймылсыз мүлк салыгынан 200,0 мин сом, лицензия кармоодон тушкон толомдон 180,0мин сом акча каражаттарына кошумча план алынып кошумча сметага киргизилсин.
- Айыл өкмөттун имаратын капиталдык ремонттон откоруу учун республикалык бюджеттен максаттуу грантын эсебинен суралган 6902,7 мин сом акча каражаты, каржыланганда ЖКХ болумунун 3111 беренесине кошумча смета киргизилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
4-сессиясынын
ТОКТОМУ
27.08. 2024-жыл №4/31 Кара-Дыйкан айылы
Жазы айыл аймагынын
Жергиликтүү жамаатарынын
Типтүү уставын бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 12-декабрындагны №279-сандуу буйругуна ылайык жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жазы айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставы бекитилсин.
- Жазы айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставынын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жазы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин..
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Жазы айылдык кенешинин депутаттык этика, регламент, мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айылдык кеңешинин
2024-жылдагы 27-августундагы
№ 4/31 токтомуна тиркеме
Жазы айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын
Типтүү уставы
- Жалпы жоболор
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
- Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
- Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
- Корутунду жоболор
- Жалпы жоболор
- Жалпы жоболор
- Жазы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.
- Ушул Устав Жазы айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
- Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ – ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн, 15 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топ – айыл аймагында жашаган 11 ашык жарандардын жалпы кызыкчылыктарынан улам жамааттын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;
айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ – Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык айылдын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 11адамдан аз эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
(Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);
жергиликтүү жамааттын курултайы – жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;
жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу – бир көчөнүн, кварталдын же айылдын аймагында жашаган жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;
коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;
жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу.
- Айылдык аймактын территориясы
3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:
— Доңгуз-Тоо
— Кызыл-Тоо
— Ак-Кыя
-Жазы
-Кызыл-Дыйкан
-Кара-Дыйкан
-Жээренчи
-Жаңы-Айыл
-Токтогул
-Кайрат
-Ничке-Сай
-Кутурган
-Зергер
-Аюу
- Айылдык аймактын жергиликтүү жамааты
4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, Жазы айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
4.2. Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөн түз жана/же алар түзүшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык бирликтерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укугу бар.
4.4. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби айылдык кеңештин токтому менен белгиленет.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн
чыгуунун тартиби
5.1. Кыргыз Республикасынын жаранын Жазы айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык аймакта жашаган жери боюнча каттоодон өтүү фактысы саналат.
5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
5.2. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.
5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:
— ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
— аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
— каза болгондо;
-айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгү укуктарга ээ:
— жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин профессионалдык негизде (муниципалдык кызматта) ишке ашырууга;
— мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;
— жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгеүү топторду түзүүгө;
— инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууга;
— айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө;
— мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя маалыматтарды (кызматтык сырларды) кошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын карамагында турган маалыматтарды оозеки же жазуу түрүндө суратып алууга;
— жергиликтүү жамаатка, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана депутаттарга алардын бир жылдагы (же жарым жылдагы) аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтүүгө;
— жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
— маалыматтарды эркин алууга (жетүүгө) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иштөө убактысында муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;
— айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин , муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;
— айылдык чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, айылдык кеңештин ачык сессияларына жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйналыштарына, жетекчилеринин макулдугу боюнча айыл өкмөтүнүн, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына, жыйындарына катышууга, ал жерде өз пикирин ээн-эркин билдирүүгө жана жергиликтүү маанидеги маслелелер боюнча сунуш киргизүүгө;
— жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;
— жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чарараларга, марафондорго) катышууга;
— микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) кеңештери жана комитеттери түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген формаларында түзүүгө;
— жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;
— жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу, бюджеттик параметрлер, белгилүү бир каржылык мезгилге карата артыкчылыктар жана чечимдер жөнүндө түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);
— ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга;
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;
— жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;
— жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;
— этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;
— этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;
— жаратылыш айлана-чөйрөгө, осүмдүктөргө жана жаныбарларга аяр мамиле жасоого;
— муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;
— калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардыкөветеринардык жоболорду сактоого;
— мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жжөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;
— калктуу конуштун ичинде санитардык жоболорду сактоого жана таштандыларды атайын көрсөтүлгөн жерлерге чыгарууга (мусорный ящиктерге);
— калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;
— таза сууну, суугат сууну колдонуу эрежелерин сактоого.
(Этникалык, географиялык, салттык жана башка өзгөчөлүктөрүнө ылайык жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери КР мыйзамдарына каршы келбеген шартта жергиликтүү жамааттын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярына ылайык толукталышы мүмкүн).
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана түз катышуусу менен ишке ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү катышуусу айылдык кеңеш аркылуу жүзөгө ашырылат.
7.4. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түз катышуусу төмөндөгүдөй формада жүзөгө ашырылат:
— коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маслелелерин жана жергиликтүү маанидеги маслелелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле коомдук угууларда талкуулоо;
— жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор;
— ченем чыгаруу демилгелерин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүүгө катышуу.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1. Жазы айылдык аймактын (айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан жүзөгө ашырат.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттин жана анын органдарынын алдында, өз иштеринин натыйжалары боюнча-жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик алып барат.
8.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ушул Уставга ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирген аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний каршылашууну пропагандалоого жана тутандырууга укугу жок.
- Айылдык кенеш
9.1. Жазы айылдык кенеши – мыйзамда белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
9.2. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
9.3. Айылдык кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук формасынын негизи болуп анын сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары саналат. Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүнүн тартиби жана алардын мезгилдүүлүгү айылдык кеңештин регламентинде белгиленилет.
9.4. Айылдык кеңештин сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңештин регламентине ылайык сессияларга, жыйындарга катышууга укугу бар. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тийиштүү болсо, айылдык кеңештин сессиясы жабык өтөт.
9.5. Айылдык кеңеш сессиянын: жыйындын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга киришине шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү,
9.6. Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланыш түзүүгө, аларды айылдык кеңештин иши жана шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышы тууралуу байма-бай маалымдап турууга милдеттүү. Депутат өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, айылдык кеңештин дептутатынын ыйгарым укутарын аткарууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырууга милдеттүү.
9.7. Жергиликтүү кеңештин депутаты мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иши жана айылдык кеңештин иштери тууралуу шайлоочулардын алдында отчет берүүгө милдеттүү.
9.8. Депутаттын отчету шайлоочулардын талабы боюнча кайсы учурда гана болбосун өткөрүлүүгө тийиш.
9.9. Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын жыйналыштарында же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн башка жыйындарында (чогулуштарында) өткөрүлөт. Депутат өз отчетун өткөрүүнүн убактысын жана ордун жергиликтүү кеңешке жана жергиликтүү жамаатка маалымдайт.
9.10. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамааттын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт жана аларды отчет үчүн керектүү болгон маалымат берүүчү материладар менен өз учурунда камсыз кылат.
9.11. Шайлоочулардын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
9.12. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
9.13. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби, айылдык кеңештин, анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын ишин уюштуруунун тартиби, депутаттын ыйгарым укуктары жана статусу, депутаттын шайлоочулар менен иштөө тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгенилет.
- Айыл өкмөтү
10.1. Айылдык аймакта аткаруу бийилигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.
10.2. Жазы айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруунун тартиби, айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен белгиленилет.
10.3. Өз иши боюнча айыл өкмөтү айылдык кеңешке, ал эми өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча — тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
10.4. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, айылдык кеңештин сессияларын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүүгө, ошондой эле шайлоочулардын алдында отчетторун берүүдө көмөк көрсөтөт.
10.5. Айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана аппаратынын кызматкерлери өзүнүн иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдырына ылайык жүзөгө ашырышат, муниципалдык кызматчылар болуп саналышат жана акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө тийиш эмес. Муниципалдык кызматкер жетекчи менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө укуктуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүүгө жол берилбейт.
- Жергиликтүү маанидеги маселелер
11.1 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет жана төмөндөгү иш аракеттерди аткарат.
1.Калкты ичүүчү таза суу менен толук жабдуу, анын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу, жалпы колдонуудагы суу калонкаларын иштетин камсыз кылуу, жалпы колдонуудагы суу калонкаларын иштешин камсыз кылуу жана аларды колдонуу тартибин иштеп чыгуу, ичүүчү сууну туура колдонуу, акысын төлөө, тарифтерин бекитүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аткарылган жумуштар боюнча маалыматты ачыктоо; Айыл ичинде муниципалдык жолдору 2)айыл ичинде муниципалдык жолдору ондоо- түздө,кеңейтүү жана канааттандырарлык деңгээлде иштешин камсыз кылуу;
3)айыл ичинде жана жалпы пайдалануудагы жерлерге ,көчөлөрө бер уунү уюштуруу;
4)көрүстөндөрдү тейлөө аларды көрктөндүрүүнү жана ырасым кызматтарынан көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
5)айылдардын ичиндеги жалпы пайдалануудагы жерлерди (көчөлөрдү,парктарды,аянттарды ж.б.)көрктөндүрүү жана жашылдандырууну камсыз кылуу,
6)айыл ичиндеги парктарды,спорттук курулмаларды ,балдар ойноочу аянттарды жана дем алуу жайларын куруу,оңдоо-түздөө иштерин жүргүзүү жана алардын канааттандырарлык деңгээлде иштешин камсыз кылуу;
7) белгиленген убакыттарда жалпы пайдалануудагы жерлерди ,парктарды спорт аянтчаларын,көчөлөрдү,тротуарларды, арыктарды жарандардын катышуусу менен тазалоону уюштуруу;
8)турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону,ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну (утилизацияны)уюштуруу ,тыю салынган жерлерге таштанды чыгарган жарандарга тийиштүү администравдик жаза чара колдонуу; 9)айыл ичинде жер пайдалануу эрежелерин белгилөө,генералдык пландарды иштеп чыгуу жана архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
11)жергиликтүү маанидеги китепканалардын, ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
12)элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү ,бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
13)балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу,(балдар жана жаштарды маданият, кол өнөрчүлүк,билимин жогорулатуу ж.б. тармагында өнүктүрүү боюнча тийиштуу кружокторду уюштуруу);
14)дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
15) өзгөчө кырдаалрдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү,жарандык коргоо боюнча тийиштүү иш-аракеттердин белгиленген убакыттарда жүргүзүү
16)калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу ;
17)үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;
18)айыл ичиндеги муниципалдык менчикке зыян келтирген,коомдук тартипти бузган ж.б. мыйзам талаптарын бузган жарандарга Айыл өкмөтүнүн же тийиштуу мамлекеттик органдар тарабынан жоопко тартуу боюнча тийиштүү жаза чараларын көрүү иш аракети н жүргүзүү;
19)жарандар менен мал багуучулардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү(ишкердик кызмыт көрсөтүү келишимин түзүү боюнча укуктук жардам көрсөтуү ,элдин малын багууну тартипке салуу боюнча тийиштүү жоболорду иштеп чыгуу ж.б.);
20)айыл ичин суугат суу менен камсыз кылуу,ирригацияларды орнотуу,ондоп-түздөө,тазалоо иштерин жүргүзүү,суугат сууну пайдалануу эрежелерин жана кезектешүү графиктерин иштеп чыгуу;
21)айыл ичинде жана башка айылдар ортосундагы маданий иш-чараларды уюштуруу;
22)элдин бала-бакча ,билим берүү,спорт жана маданият имараттарына жеткиликтүүлүк муктаждыгын аныктоо менен алардын муктаждыгын жоюу боюнча иш-аракеттерин жүргүзүү;
23)жарандарга салыктын түрлөрүн жана башка төлөнүүчү алымдар боюнча өз убактысында төлөө боюнча түшүндүүрүү иш-аракеттерин жүргүзүү;
24)айылдарды өнүктүрүү боюнча,жергиликтүү жамааттын аныкталган көйгөйлөрүн чечүү боюнча:аймактын социалдык-экономикалык жактан Онүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча тийиштүү биргелешкен иш пландарды иштеп чыгып аткарылышын камсыз кылуу;
25)социалдык коргоого муктаж болгон жергиликтүү жааматка(ден –соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар , карылар,согуштун ардагерлери,аз камсыз болгон жарандар,ж.б. социалдык коргоо боюнча жергиликтүү программанын негизинде жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша калкты социалдык коргоо боюнча кызмат көрсөтүү ишаракеттерин жүргүзүү;
26)Айыл өмөтүнүн алдында атайын административдик укук бузуулар боюнча комиссиянын ишин жүргүзүүнү жана анын компетенциясына кирген маселелер боюнча административдик жаза чара колдонуу иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүзөгө ашыруу;
27)Жаш өспүрүмдөрдүн жана жаштар арасында кылмыштылууктун алдын алуу максатында тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш-аракеттерин жүргүзүү;
Эскертүү: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 18-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелер биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
- Жергиликтүү жамааттын курултайы
12.1. Жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланган курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо» белгиленген тартипте айыл аймагында жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары — курултай) чакырылат.
12.2 Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:
— жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аркеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары – СЭӨП, БАП ж.б.);
— жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;
— жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;
— коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
— өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.
12.3. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусу менен айылдык кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери айылдык кеңеш жактыргандан кийин айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
12.4. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша айылдык кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат.
Эгерде айыл аймагы бирден ашык калктуу пунктан турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы ар бир айылдын калкынын пропорционалдык санынын өкүлчүлүгүн эске алууга зарыл.
12.5. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси айылдык кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.
12.6. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.
12.7. Курултайды чакырууну уюштуруунун, курултайга делегаттарды шайлоонун тартиби, ошондой эле жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» Жободо белгиленет.
- Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
13.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
13.2. Жазы айыл аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөсү жергиликтүү ченем чыгаруу демилге укугуна ээ.
13.3. Ченем чыгаруу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.
13.4. Элдик ченем чыгаруу демилгени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
13.5. Ченем чыгаруу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген айылдык кенештин токтомунун долбоорлору айылдык кеӊешке киргизилиши мүмкүн эмес.
- Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын (токтомдордун) долбоорлорун демилгелөө тартиби
14.1. Айылдык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы _____ адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүшөт. Айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат (Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
14.2. Демилгелүү топ айылдык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны айылдык кеңешке киргизүү үчүн кол топтоо, аны айылдык кеңеш караган учурда жергиликтүү жамааттын кызыкчылгын коргоо үчүн түзүлөт.
14.3. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
— айылдык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу;
— токтомдун долбоорун айылдык кеңешке киргизүү демилгесин колдоого кол топтоо;
— элдик демилгени ишке ашыруу боюнча мыйзамдуу жолдор жана каражаттар аркылуу маалыматтарда жайылтуу;
— жыйналыштарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле жарандардан кол топтоо учурунда айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү тууралуу сунуш үчүн үгүт иштерин жүргүзүү;
— мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди аткаруу.
14.4. Демилелүү топ өзүнүн ичинен ачык добуш берүү менен мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен демилгелүү топтун координаторун шайлоого укуктуу. Координаторду шайлоо тууралуу демилгелүү топтун чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ага демилгелүү топтун мүчөлөрү кол коет.
14.5. Демилгелүү топтун координатору төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
— демилгелүү топтун кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоп чыгууга;
— демилгелүү топтун ишин координациялоого;
— токтомдун долбоорун иштеп чыгууга катышууга, кол топтоого жана токтомдун долбоорун киргизүүнү колдоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүүгө, мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди жасоого.
14.6. Демилгелүү топтун чечими анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
14.7. Кол топтоо демилгелүү топ түзүлгөндөн кийин жана ченемдик укуктук актынын долбоору негиздемеси менен даярдалгандан кийин башталат.
14.8. Ченемдик укуктук актынын долбоору демилгелүү топ тарабынан айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда, курултайларда), дайындуу коомдук жерлердеги же жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарнактарда жалпыга маалымдалышы мүмкүн.
14.9. Кол топтоо укугу демилгелүү топтун мүчөлөрүнө тандык болот. Жарандардын колун топтоого багытталган иш-чараларын даярдоого жана өткөрүүгө багытталган чыгымдар жергиликтүү жамааттын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Кол топтоону жүргүзгөн демилгелүү топтун мүчөсү айылдык кеңештин кароосуна сунуш кылынган токтомдун долбоорунун текстин тааныштыруу үчүн жарандарга берүүгө милдеттүү.
14.10. Жарандардын колун топтоо жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жерлери боюнча, ошондой эле башка жерледе жүргүзүлүшү мүкүн.
14.11. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү токтомдун долбоорун колдоо иретинде бир гана жолу кол коюуга, ошондой эле демилгечи тобуна арызын берүү аркылуу айылдык кеңешке кол коюу барагын өткөргөнгө чейин өзүнүн колун чакыртып алууга укуктуу.
14.12. Демилгелүү топ жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин бар экендигин тастыктаган кол топтоо бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун айылдык кеңешке киргизет.
14.13. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгелүү топ токтомдун долбоорун демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен айылдык кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен айылдык кеңештин төрагасына кайрылат.
14.14. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тирелет:
— токтомдун долбоорун айылдык кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгелүү топтун жыйналышынын протоколу;
— токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версияы;
— маалымкат-негиздеме;
— айылдык кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
— төмөндөгү маалыматтар камтылган кол коюу барагы: жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, айылдык кеңешке демилгелүү топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу.
14.15. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген айылдык кеңештин токтомунун долбоору айылдык кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана айылдык кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын жыйынында жана сессиясында кароо демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
14.16. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы айылдык кеңеш тарабынан каралууга жатат.
14.17. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, айылдык кенешке токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
- Айылдык чогулуштар
15.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, айылдык кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен айылдык чогулуш өткөрүлөт, ал боюнча сунуштар кабыл алынат.
15.2. Чогулуштарды даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ачык айкын ушул Уставда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
15.3. Айылдык чогулушта талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттардан түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген айылдык чогулуштун катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.
15.4. Айылдык чогулуштарды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат..
- Айылдык чогулуштарда каралуучу маселелер
Айылдык чогулуштарда төмөндөгү маселелер каралат:
— жергилктүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;
— айыл аймагын өнүктүрүүнүн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.), жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;
— айылдын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;
— айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтуроо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;
— жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;
— ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;
— турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү;
— аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;
— жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
— айыл башчысынын кызмат ордуна талпкерлерди кароо;
— айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;
— айыл аймагынын территорияларынын чектеринде айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборду белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;
— жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
- Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү
17.1. Айылдык чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгелүү топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка жараша пайда болгон маселелерге ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, ушул Уставда белгиленген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо аркылуу чакырылат.
17.2. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же анын төрагасы тарабынанбелгилеген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
- Айылдык чогулуштарды өткөрүү демилгеси
18.1. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн демилгечилери катары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгелүү топтор), айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш боло алышат.
18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык чогулушту өткөрүү боюнча саны ___адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.
(Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет).
18.3. Эгерде демилгелүү топ, айылдык кеңештин депутаттары айылдык чогулушту өткөрүүнүн демилгечиси катары чыккан учурда, анда жогоруда көрсөтүлгөн субъекттер айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына өздөрүнүн кайрылуусунда белгиленген жергиликтүү маанидеги маселе (маселелер) боюнча айылдык чогулуш өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүшөт.
18.4. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы айылдык чогулушту өткөрүү демилгесин көтөрсө, айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим, тийиштүүлүгүнө жараша, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
- Айылдык чогулушту өткөрүү демилгеси менен кайрылуу
19.1. Айылдык чогулушту өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
— айылдык чогулушту өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;
— иш-чаранга катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын, айылдык аймактын);
— иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;
— кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди);
— демилгелүү топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган жерлери.
19.2. Кайрылуу айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.
19.3. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айылдык кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык чогулушту өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
19.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы төмөнкү учурларда айылдык чогулушту өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу:
— ушул Уставдын 19.1.-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;
— аларды башка мыйзамдуу жолдор менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди чогулуштарда талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;
— эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жана ушул Уставга карама-каршы келгенде.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын айылдык чогулушту өткөрүүнү четке кагуу тууралуу чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
- Айылдык чогулушту уюштуруунун тартиби
20.1. Айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр каралат:
— иш-чараны өткөрүүнүн орду, датасы жана мөөнөттөрү;
— айылдык чогулушка киргизилип жаткан маселелердин аттары жана (же) документтердин аталыштары (айыл өкмөтүнүн чечими, айылдык кеңештин токтому);
— талкууланып жаткан маселелер боюнча кызыкдар адамдардан ой пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуунун тартиби.
20.2. Айылдык чогулушка жергиликтүү жамааттын ой пикирин эсепке алуу, угуу, талкуулоо жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштамаларды жыйноо үчүн күн тартибине бир эле убакта бир нече маселе киргизилиши мүмкүн.
20.3. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүүгө карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө:
— чогулуш өткөргөнгө чейин 5 күн калгандан кечиктирбестен, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, почта кабарландырууларын, короолой (батирлер боюнча) кыдырып чыгууну, кулактандырууларды жана башка мүмкүн болгон каражаттарды пайдалануу менен айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларын: демилгечи, чогулушка киргизилген маселе, иш-чараны өткөрүүнүн тартиби, орду, датасы жана убактысы тууралуу кабарландырууну уюштурат;
— айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларына жана бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, катышуу ниетин билдиришкен жеке жана юридикалык жактардын эркин жетимдүүлүгүн камсыз кылат;
— зарыл болгон учурда кызыкдар болгон мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелердин жана ишканалардан жазуу жүзүндө чогулушка киргизилип жаткан маселе боюнча зарыл маалымат (маалыматтар, материалдар жана документтер суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, уюштуруучуга берилет) суратып алат;
— зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткарыш үчүн эксперттерди жана адистерди тартат;
— иш-чараны өткөргөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин түзөт (иш-чарада чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген адамдар бул тууралуу күн мурунтан кабарландырылат);
— чогулуштун катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат;
— чогулушта кароо үчүн сунушталган чечимдердин долбоорлорун даярдайт;
— иш-чараны даярдоодо жана уюштурууда демилгечилер менен өз ара аракеттенишет.
- Айылдык чогулушту өткөрүүнүн тартиби
21.1. Чогулушту алып баруу үчүн төрагасы жана катчысы, зарыл болгон учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы шайланат. Күн тартиби катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
21.2. Төрагалык кылуучу иш-чараны алып барат жана жумуш процессинде күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун тартибин көзөмөлдөйт.
21.3. Иш-чара төрагалык кылуучунун (же алып баруучунун) кыскача сөзү менен башталат, ал өзүн жана катчыны тааныштырат, талкуулануучу маселенин маңызы, анын маанилүүлүгү жана иш-чараны алып баруунун тартиби (иш-чаранын регламенти жөнүндө) кабарландырат.
21.4. Кайрылуунун негизинде даярдалган, чогулушта каралып жаткан маселелерди чечүү анын компетенциясына кирген баяндамачынын маалыматы угулат.
21.5. Чыгып сүйлөөлөр аяктагандан кийин, чогулушта белгиленген маселелерди чечүү компетенциясына кирген баяндамачыга, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге иш-чаранын катышуучулары тарабынан оозеки да, жазуу жүзүндө дагы суроолор берилиши мүмкүн.
21.6. Чыгып сүйлөө үчүн сөз бардык каалаган катышуучуларга, суроолордун жазуу түрүндө түшкөн тартибине же болбосо кол көтөрүүсүнө ылайык берилет.
21.7. Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселелердин мүнөзү менен аныкталат. Төрагалык кылуучу танапис жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
21.8. Чогулуштун катчысы протокол жүргүзөт, анда иш-чаранын өткөн датасы жана убактысы, катышып жаткан жарандардын жалпы саны жана чакырылган адамдардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сөйлөөлөрдүн мазмууну, чыгып сүйлөгөндөр жөнүндө маалыматтар, ошондой эле суроо бергендер жөнүндө маалыматтар, кабыл алынган чечим жана сунуштамалар көрсөтүлөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коёт. Чогулуштун, коомдук угуунун чечими жана\же сунуштамалары ачык добуш берүү менен, катышып отругандардын санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
21.9. Чогулуштун протоколунда милдеттүү тартипте, ар бир маселе боюнча иш-чаранын катышуучуларынын алар тарабынан талкуунун жүрүшүндө айтылган позициялары чагылдырылышы керек.
21.10. Иш-чаранын протоколу, чогулушта кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары бир айлык мөөнөттө калкка (иш-чаранын катышуучуларына) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, же коомчулук үчүн жеткиликтүү жерлерде маалыматтарды жайгаштыруу менен чечимдерди жана сунуштамаларды аткаруу боюнча кабыл алынган же көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
21.11. Эгерде ага тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын _____ пайызы катышса, же айылдык чогулушка чакырылгандардын _____ пайызы катышса, айылдык чогулуш укук ченемдүү болуп эсептелет. (Айылдык чогулуштун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айылдын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).
21.12. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларынын, же айылдык чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, анда көрсөтүлгөн иш-чаралар катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.
- Коомдук угуулар
22.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, алардын катышуучуларынан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу жана оптималдуу, таразаланган чечимдерди аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.
22.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттандырылуусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
22.3. Коомдук угуулар жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн, аларды чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туура чечимдерди кабыл алуулары үчүн жергиликтүү жамааттын ой пикирлери өзгөчө маанилүү болуп саналат.
22.4. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:
— жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
— өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);
— муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);
— ичүүчү жана суугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү;
— жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер.
22.5. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга биргана маселени алып чыгуу сунушталат.
22.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө:
— жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелер жыл сайын өткөрүлөт;
— өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоо (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);
— муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө,мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учуру пайда болгондо жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, суугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
22.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
22.8. Коомдук угуулар, эгерде ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын ____ кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айылдын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).
- Коомдук угууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
23.1. Белгилүү маселе боюнча коомдук угууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин айыл өкмөтү төмөнкү ырааттуулукта аракеттерди көрүүсү зарыл:
Коомдук угууга чейин 3-4 жума калганда өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун аныктоо зарыл.
Коомдук угууга чейин 2 жума калганда талкуулоонун предмети боло турган сунуштун жана документтин долбоору (мисалы: бюджеттин кыскача сыпаттамасы же сатууга сунуш кылынган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеси жана анын негиздемеси, же ичүүчү суу же сугат суусун берүү кызматына сунушталган тарифтердин өлчөмү ж б.) даярдалат.
Коомдук угууга чейин 1-2 жума калганда:
— коомдук угууга алып чыгып жаткан документтердин долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат;
— коомдук угууга чакыруу барактарын иштеп чыгуу жана жана даярдоо жүргүзүлөт;
— калкка, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, жарандык топторго, өкмөттүк эмес уюмдарга чакыруу барактарын жана документтин долбоорлорун таратуу;
— маалыматты илүү жана башка мүмкүн болгон каражаттар менен жалпыга жарыялоо;
— документтин долбоорун алуу жайын маалымдоо менен, коомдук угуу жөнүндө пресс-релиз чыгаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо ;
— коомдук угууну даярдоо жана өткөрүү боюнча айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлерин окутууну (нускама берүүнү) жүргүзүү;
— коомдук угуунун максаттарын, датасын, убактысын жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен калкты талкууланып жаткан маселе менен тааныштыруу үчүн айылдардын жалпыга жетимдүү жайларында кулактандырууларды жайгаштыруу;
— жамааттын негизги чечүүчү адамдарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн аппаратынын бөлүмдөрүнө, зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жеке кабарлоо;
— коомдук угуунун алып баруучусун жана катчысын (өкүлчүлүктүү же аткаруу органынан) тандоо;
— зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан угууга киргизилген маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суратып алуу (маалыматтар, материалдар жана документтер уюштуруучуга суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен берилет);
— зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткаруу үчүн эксперттер жана адистер тартылат.
Коомдук угууга чейин 1 жума калганда:
— өткөрүлүүчү орунду даярдоо (катышуучулар үчүн орундар, алып баруучу жана катчы үчүн үстөл, жарык берүү, жылытуу, үн күчөткүчтөр ж.б.);\
— көрсөтмө материалдарды даярдоо: плакаттар, доскалар, слайддар ж.б.;
— чыгып сүйлөөчүлөрдү дайындоо, күн тартибин даярдоо, коомдук угуу учурунда таратуу үчүн материалдардын кошумча көчүрмөлөрүн даярдоо;
— коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоо жана таратуу.
Коомдук угууга чейин 3 күн калганда:
— катышуучуларды каттоо баракчасын даярдоо;
— коомдук угуунун протоколунун формасын даярдоо;
— сунуштар/ой-пикирлер/сунуштамалар/суроолор үчүн бланктарды даярдоо.
Коомдук угууга чейин 1 күн калганда:
— орун жайдын жана жабдуулардын даярдыгын көзөмөлгө алуу;
— катышуучулардын, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин жана күн тартибин тактоо;
— катышуучуларга таратуу үчүн кошумча материалдардын даярдыгын көзөмөлгө алуу ж.б.
Коомдук угууну өткөрүү күнү катышуучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоо жүргүзөт, протоколду жүргүзөт жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат.
23.2. Айыл өкмөтү коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде анын натыйжасын жалпылайт жана жол-жоболоштурат, калк арасында коомдук угуунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды таратат. Ошол эле учурда айыл өкмөтү оозеки билдирүүнү, маалымат тактайларына жайгаштыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти жана башка ыкмалар менен жааматка карата колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды таратуунун ар түрдү ыкмаларын пайдаланат.
- Жергиликтүү жамаатын жергиликтүү маанидеги маселелерди
чечүүгө катышуусу
- Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жолу менен катышуусу
24.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтуу жамааты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.
24.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу жамаатын муктаждыктарын биргелешип иликтөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
24.3. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын элдин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу жана демилгечил топтор жана башка жумушчу топтор аркылуу айылдык аймактын айылынын (айылдарынын) жашоочуларынын ой-пикирлеринин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен аларды чечүү боюнча биргелешкен иш процесси.
24.4. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө үчүн айыл өкмөтү демилге көтөрүү менен айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте төмөнкү иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат:
— маалыматтарды жыйноо жана айылдагы кырдаалды иликтөө;
— жамааттын көйгөйлөрүн аныктоо;
— жамааттын көйгөйлөрүн тандоо: көйгөйлөрдүн себеби эмне болуп саналат жана алардын кесепеттери;
— биринчи кезекте чечилүүгө жаткан артыкчылыктуу маселелерди аныктоо;
— артыкчылыктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо;
— артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча демилгечил топторду түзүү;
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) иштеп чыгуу ;
— айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) талкуулоо;
— жергиликтүү бюджетте өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) чагылдыруу;
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) ишке ашыруу;
— ишке ашырылып жаткан өнүктүрүү программаларына жана пландарына (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
— айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) ишке ашыруу боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө отчет.
24.5. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
— жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
— мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
— айылдык кеңештин депутаттары;
— айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери.
- Айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтор
25.1. Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоодо, жамааттын муктаждыктарын биргеликте иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде ар кайсы тармактар боюнча демилгелүү топторду түзөт, ошондой эле аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аларды аткаруу боюнча жооптууларды белгилөө менен өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) иштеп чыгышат.
25.2. Демилгелүү топтордун курамына төмөнкүлөр кирет:
— айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;
— айылдык кеңештин депутаттары;
— жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;
— мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү.
25.3. Демилгелүү топтордун курамы төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
— гендердик теңдемди сактоо;
— айылдык аймактын ар бир айылынын өкүлчүлүгүнүн болуусун;
— демилгелүү топ тарабынан тандалган артыкчылыктуу маселени чечүүдө тажрыйбанын болуусу;
— жамааттын артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн кайтарымсыз негизде иштөөгө каалоосунун болуусу;
— демилгелүү топтордун иштерине ийгиликтүү катышуу үчүн каалоосун жана шыктуулугун билдиргендиги.
25.4. Демилгелүү топтун отуруму ачык жыйналыш формасында жүргүзүлөт.
25.5. Демилгелүү топтун мүчөлөрү, өз катарынан ачык добуш берүү менен, алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен демилгелүү топтун жетекчисин шайлашат. Демилгелүү топтун жетекчисин шайлоо тууралуу чечим протокол менен жол-жоболонот, ага демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Демилгелүү топтун чечимдери ага тиешелүү бардык маселелер боюнча алардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен кабыл алынат.
25.6. Демилгелүү топтун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
— мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда демилгелүү топтун кызыкчылыктарын жактоого;
— демилгелүү топтун жумушун координациялоого;
— демилгелүү топтун жыйналышын өткөрүүгө;
— демилгелүү топтун атынан документтерге кол коюуга ж.б..
25.7. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) иштеп чыгууга катышууга;
— окууларга, жыйналыштарга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык аймактын территориясында иштеп жаткан башка уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жамааттын артыкчылыктуу маселелерине тиешеси бар маселелери боюнча отурумдарына катышууга;
— тандалган көйгөйлөрдү чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;
— жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын демилгелүү топ тарабынан тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топтун жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымдоого;
— жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштелип чыгылган долбоорлордун презентациясын өткөрүүгө жана коргоого;
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүүгө;
— айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда жергиликтүү жамааттын алдында иштердин натыйжалары боюнча отчет берүүгө;
— зарыл болгондо мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөөгө.
- Жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтордун курамдарын жана өнүктүрүү программаларын жана пландарын бекитүү
26.1. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжасында табылган жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү жамааттын жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жумушчу жолугушууларды уюштурат, анда төмөнкү маселелер каралат:
— артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бет ачаарлары жана аларды чечүүнүн жолдору;
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) иштеп чыгуу;
— артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча демилгелүү топтордун санын жана алардын курамын алдын ала бекитүү;
— каралып жаткан маселелерди талкуулоо, алар боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
— жалпы талкуулоо үчүн айылдык чогулушка (жыйналышка) өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) алып чыгуунун тартибин талкуулоо;
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо;
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) ишке ашыруусуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
— жергиликтүү жамаатка алардын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга баа берүү жана мониторинг жүргүзүү.
26.2. Айыл өкмөтү жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча айылдык чогулушка, коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:
— жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);
— тандалып алынган багыттар боюнча демилгелүү топтордун санын;
— жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
26.3. Демилгелүү топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамаат менен макулдашылат, андан кийин айыл өкмөт башчысынын чечими менен бекитилет.
26.4. Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтүү жамаат менен айылдык чогулушта, коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен айылдык кенеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат айыл өкмөтүнүн маалыматтык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.
26.5. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республкасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык айылдык кенеш тарабынан бекитилет.
26.6. Айыл өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
- Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
27.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айылдык аймактын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.
27.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
— айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
— жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
— этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
27.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн айылдык кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Айылдык кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.
27.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына айылдык кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо мүнөздөгү жагдайларга карабастан кирүүгө укуктуу. Топтун курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
27.5. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө укуктуу:
— айыл өкмөтүнүн жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттерин;
— тийиштүү аймактын жергиликтүү жамаатынын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча кызмат көрсөткөн коомдук уюмдардын жана бирикмелердин (суу колдонуучулар ассоциацияларын (АВП), таза-суу колдонуучулардын айылдык бирикмеси (СОППВ ж.б.) иш-аракеттерин;
— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);
— жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашырылуусун;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностор аралык маселелер боюнча иш аракеттерин.
27.6. Аталган милдеттерди аткаруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ:
— жумуштун планын (графигин) бекитет;
— сурамжылоолорду (анкеттөөнү) жүргүзөт;
— жерине баруу менен, ишке ашырылган долбоордон көрсөтүлүүчү кызматтарды жана/же пайда алуучулар менен түздөн-түз маектерди жүргүзөт;
— документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмесин) талдоону жүзөгө ашырат;
-тиешелүү иш-чараларга (тендер, сатып алуу, демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу) катышат;
— демилгелердин/долбоорлордун/программалардын өз убагында бүткөрүлүшүн жана/же көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу үчүн сунуштамаларды берет;
— демилгелерди/долбоорлорду/программаларды аткаруунун жүрүшүндө, кызматтарды көрсөтүүлөрдө табылган көйгөйлөр, ошондой эле өзүнүн аткарган жумуштарынын натыйжалары жөнүндө айыл өкмөтүн, айылдык кеңешти жана жергиликтүү жамаатты өз убагында кабарландырат;
— пландарды ишке ашыруу боюнча, кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртуу боюнча, долбоордун аткарылышынын журүшүнө түзөтүү киргизүү боюнча сунуштарды берет.
27.7. Айыл өкмөтү ушул Уставдын 27.1.-27.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.
27.8. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн айылдык чогулуштарга, коомдук угууларга, курултайларга киргизилиши мүмкүн.
- Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
28.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнү өз иштерин координациялоо үчүн өз ара жардамдашуу, жашоо-турмуш тиричиликтик, социалдык, экономикалык жана маданий милдеттерди биргелешип чечүү өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максаттарында жашаган жери боюнча аймактык коомдук өз алдынча башкарууну уюштурууга укуктуу.
28.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кичи-райондордун комитеттери, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттер, жамааттар (коомдоштук) кеңештери жана комитеттери формасында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда жүзөгө ашырылат.
28.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан белгиленет.
28.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар айылдык кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
- Муниципалдык менчик
29.1. Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги;
29.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
29.3. Муниципалдык менчик өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акчалай каражаттарын, баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлктүк укуктарды камтыйт.
29.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башкы органдардын алып коюусуна жол берилбейт.
29.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.
Реестрде төмөнкүдөй негизги маалыматтар:
— объектти сыпаттап жазуу;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик объекттерине карата укуктарды ырастаган документтер;
— объекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеси;
— объекттердин бааланган наркы;
— мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин өзгөчөлүктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалымат камтылууга тийиш.
29.6. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.
29.7. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары тарабынан белгиленет жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
- Жергиликтүү бюджет жана аны бекитүү тартиби
30.1. Жергиликтүү бюджет – айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү, аткарууну жана контролдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат. Жергиликтүү бюджет айылдык кеңештин чечими менен бекитилет. Жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.
30.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгымдардан турат:
— жергиликтүү бюджеттин кирешелери – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүнө келип түшкөн акчалай каражаттар, алар жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн; республикалык деңгээлде бөлүштүрүүчү салыктардан жана кирешелерден; трансферттерден, ыктыярдуу төгүмдөрдөн турат. Жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн алынган жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджеттке алууга жатпайт;
— жергиликтүү бюджеттин чыгымдары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана иш-милдеттерин финансылык камсыз кылууга багытталган акча каражаттары.
30.3. Айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы мамлекеттик салык кызматтарынан, айыл өкмөтүнөн жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, өзүнүн отурумдарына бул органдардын жетекчилерин чакырууга жана угууга укуктуу. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
30.4. Айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоорун алдын ала кароону өткөрөт жана айыл өкмөтүнүн отчетун угат, бюджеттин долбоору боюнча өз корутундусун, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту айылдык кеңештин сессиясына берет.
30.5. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун кароо ачык жана жалпы эл алдында жүргүзүлөт. Бюджеттин долбоору боюнча, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар милдеттүү түрдө өткөрүлөт, бекитилген методикага ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн жана жеткиликтүү формада жарандык бюджет түзүлөт.
30.6. Айылдык кеңеш сессияда жергиликтүү бюджеттин адепки жана такталган долбоорун карайт жана бекитет же болбосо жергиликтүү жамааттын жана бардык кызыктар тараптардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгууга жөнөтөт, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт, бекитет же болбосо аны четке кагат.
30.7. Айылдык кеңештин тиешелүү жылга бюджетти бекитүү тууралуу токтому, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн отчету жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
- Корутунду жоболор
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары
31.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
— алкыш жарыялоо;
— баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
— грамоталар менен сыйлоо;
— “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу;
— жамааттын Ардак тактасына илүү;
— жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;
— “Айылдын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
— “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.
31.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт:
— жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси айылдын жашоочуларынын чогулушуна, аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин депутаттарына, айылдык кеңештин төрагасына таандык;
— алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;
— Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Айылдын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
31.3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн айыл кеңешинин чечими менен берилет. Айылдык кеңеш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.
- Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
32.1. Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
32.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары ушул Уставдын талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
- Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана
өзгөртүүнүн тартиби
33.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору айылөкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
33.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
— айылдык кеңештин төрагасы;
— айыл өкмөтүнүн башчысы;
— айылдык кеңештин депутаттары;
— айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;
— жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);
— коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ,КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).
(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).
33.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же айылдык кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана айылдык чогулуштарга же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.
33.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле айылдык чогулуштун катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
33.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин айылдык кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.
33.6. Айылдык кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.
33.7. Кабыл алынган Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен аларды айылдык чогулуштарда же курултайда жүргүзүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
33.8. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес айылдык кеңештин депутаттарынын тобунун сунушу боюнча жүргүзүлөт.
33.9. Жергиликтүү жамааттын Уставы айылдык кеңештин Уставын бекитүү жөнүндө токтому тийиштүү расмий булактарда жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын тексттин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
4-сессиясынын
ТОКТОМУ
27.08.2024-ж № 4/32 Кара-Дыйкан айылы
Кара-Дыйкан айылындагы ашкананын
багытын намазканага өзгөртүү жөнүндө
Жазы айыл аймагынын башчысы У.Жеенбаевдин Кара-Дыйкан айылындагы Т.Ташмаматов орто мектебинин күн чыгыш тарабында жайгашкан мурдагы “Яссы” совхозунун ашканасыныын багытын намазкана деп өзгөртүү боюнча Кара-Дыйкан айылынын Ж.Самидин,Айтбай уулу Чырмашбай,М.Зулпукаров,Ж.Мамакаев көчөлөрүнүн тургундарынын арыздарын канаатандырып ашкананын багытын намазканага өзгөртүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы ЛА Т
1.Квара-Дыйкан айылындагы Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинин күн чыгыш тарабында жайгашкан мурдагы “Яссы” совхозунун ашканасынын багыты намзкана деп өзгөртулсун.
2.Тиешелүү докуметтерди даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
4-сессиясынын
ТОКТОМУ
27.08.2024-ж № 4/33 Кара-Дыйкан айылы
Кызыл-Дыйкан айылынын №1
кварталындагы көчөнүн долбооруна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жазы айыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин Жазы айыл аймагындагы Кызыл-Дыйкан айылынын №1 кварталындагы көчөнүн тургундарынын көчөнүн долооруна өзгөртүү киргизүү жөнундөт арыздарын эске алып көчөнүн долбооруна өзгөртүү киргзүү сунушун угуп жана талкуулап жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Жазы айыл аймагындагы Кызыл-Дыйкан айылындагы №1 кварталындагы көчөсүнүн долбооруна өзгөртүү киргизилсин.
- Тиешелүү докуметтерди даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
4-сессиясынын
ТОКТОМУ
27.08.2024-ж № 4/34 Кара-Дыйкан айылы
Доңуз-Тоо айылындагы К.Курманбеков
атындагы башталгыч класс мектебин
капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өздүк салым
берүү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын К.Курманбеков атындагы башталгыч класс мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маалымтын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Доңуз-Тоо айылындагы К.Курманбеков атындагы башталгыч класс мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 671 251( алты жүз жетимиш бир миң эки жүз элүү бир)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
4-сессиясынын
ТОКТОМУ
27.08.2024-ж № 4/35 Кара-Дыйкан айылы
Жээренчи айылында жайгашкан
Т.Рыспаева атындагы бала бакчасынын
жылытуу системасын капиталдык
оңдоодон өткөрүү үчун акча каражатын
бөлүп берүү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын Жээренчи айылында жайгашкан Т.Рыспаева атындагы бала бакчасынын жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маалымтын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жээренчи айылындагы Т.Рыспаева атындагы бала бакчасынын жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 790 000(жети жүз токсон миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага К.Камчибеков
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги
4-сессиясынын
ТОКТОМУ
27.08.2024-ж № 4/36 Кара-Дыйкан айылы
Кара -Дыйкан айылында жайгашкан
Ш.Абдуллаева бала бакчасынын имаратын
капиталдык оңдоодон өткөрүү үчун акча
каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын Кара-Дыйкан айылында жайгашкан Ш.Абдуллаева атындагы бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маалымтын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кара-Дыйкан айылындагы Ш.Абдуллаева атындагы бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 577 876(беш жүз жетимиш жети миң сегиз жүз жетимиш алты) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага К.Камчибеков