Бүгүн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев колдоосу менен Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл өкмөтүнүн алыскы Доңуз-Тоо айылына мектеп окуучулары үчүн Mercedes-Benz Spinter унаасы тапшырылды.
Кичи автобусту район жетекчиси Каныбек Апасов айыл элине тапшырып, жаңы унаа эми Доңуз-Тоо айылынан Кызыл-Тоо айылына чейин 11 чакырым жол жүрүп, мектепке каттап окуган жалпы 50 окуучуну ташый турганын белгиледи.
Бул саамалыкка жергиликтүү тургундар ыраазы болушуп, облус жетекчисине жана район башчысына ырахматын айтып батасын беришти.
Белгилей кетсек, жаңы кичи автобусту сатып алууга Ош облустук өнүктүрүү фондунан 1,5 млн сом жана райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн сом бөлүнгөн.