Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө ылайык кадрлардын резервине кирүү үчүн кенже кызмат ордуна
Кадрлар ички резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек :
— Кыргыз Республикасынын жараны болуусу зарыл;
— Жаш курагы 18 жаштан жаш болбоосу зарыл;
— Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык болуусу зарыл;
Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонундо” Мыйзамын;
Ал эми айыл өкмөттүн ар бир административдик муниципалдык кызмат орундары боюнча тийиштүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү зарыл.
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн санариптештирүү жана IT технология боюнча жана мал чарбачылыгы боюнча адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
(К-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик (ветеринария, айыл чарба жана айыл чарба илимдери багытындагы);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажысына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “ Ветеринария жөнүндө”Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Айыл-чарбасы өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө Мыйзамы;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
- билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү
Талап кылынуучу документтер:
Жеке арыз
Кадрларды эсепке алуу баракчасы — 1 даана
4х6 өлчөмүндөгү сүрөт – 2 даана
эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
паспорттун көчүрмөсү
резюме
дипломдун көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
өмүр баян
Талапкерлер тиешелүү документтерди Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жарыя гезитке чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде тапшырууңуздар зарыл.
Документтер жарыя чыккандан баштап 10 жумуш күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Дареги: Өзгөн району Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү А. Эсеналиева көчөсү № 12 Байланыш телефону:
( 0778) 090100
Башчы А. Жолдошов
Аткаруучу Р. Маматова
Тел: 0778090100