Өзгөн районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылдагы жыйынтыктары боюнча маанилүү коллегиялык жыйын өттү. Жыйынга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.Арстанкулов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
“Өзгөн районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылдагы жыйынтыктарын чыгаруу жана 2025-жылга карата милдеттер менен пландарды коюу” тууралуу. Жыл жыйынтыгы боюнча негизги маалыматтар баяндалгандан кийин, район жетекчиси Каныбек Апбасов 2025-жылга карата коюлган негизги милдеттер жана пландар боюнча маалымат берип, келечекке багытталган иш-аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи
ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Share This Article