Бүгүн, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, тиешелүү кызматтар менен биргеликте Салам-Алик, Кара-Шоро, Мырза-Аке айыл аймактарынын жашоочулары менен жолугушту. Жыйында аталган аймактардагы 2024-жыл ичинде аткарылган жумуштар боюнча маалымат берилди.
Андан соң, жергиликтүү тургундар аталган аймактардагы ички жолдордун, таза суу муктаждыгын, социалдык обьекттерди жаңылоо маселелерин көтөрүштү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар бир жарандын суроосуна жооп берип, чечип берүү аракети көрүлөрүн билдирди. Район акими жооптуу жетекчилерге кайрылууларды чечүү боюнча жеринде тапшырмаларды берди.
Район акими Каныбек Апбасов: Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Биздин алдыбызда турган маселелерди чечүү үчүн бардык аракеттерибизди жумшап, биргелешип иш алып барууга даярбыз. Ар бир көйгөйгө жакындан карап, анын чечилишин ыкчам жана сапаттуу түрдө ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан тиешелүү иштер аткарылат. Ошондой эле, жарандардын кайрылуулары, тынчсыздануулар жана талаптар биздин ишти дагы да натыйжалуу кылат.