Бүгүн, Өзгөн шаарынын борбордук аянтында Манастын айкели ачылды. Салтанаттуу иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Жогорку кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, КР эл артисти Жолболду Алыбаев, Район акими Каныбек Апбасов, ардагерлер, белгилүү манасчылар, төкмө акындар, жергиликтүү тургундар катышты.
Саамалыктын жүрүшүндө алгач Өзгөн райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин “Манас” эпосунан даярдаган сахналык көрүнүшү тартууланып, андан кийин коноктордун куттуктоо сөздөрү айтылды.
Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан Айкөл Манастын эстелигин жана анын жайгашкан жерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери өткөн жылы башталып, ошол эле жылы аяктаган. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн 185 миң сом бөлүнгөн.
Ал эми айкелди медтен жасоо үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 100 миң 823 сом каржыланып, жумуш толук аткарылып бүткөн. Белгилей кетсек, Манастын эстелигинин бийиктиги 3 м, 65 см, туурасы 1 м, 60 см.