Укук бузуулардын алдын алуу боюнча Өзгөн районунда координациялык кеңешме өттү. Ага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Максатбек Ибраимов, Ош ОИИБнын башчысы, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмүнүн өкүлү, Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, тиешелүү кызматтар катышты.
Кеңешмеде жаш өспүрүмдөр арасында укук, бузууларды, чыр-чатактарга жол бербөө жана алдын алуу маселелери каралды. Өспүрүмдөр үчүн түнкү текшерүү сунушталды. Жыйында Өзгөн районунун прокуратурасынын акыркы учурдагы мектеп окуучулар арасында болуп жаткан окуяларга жол бербөө боюнча сунуштамасы айтылды. Бул жаатта тыгыз иш алып баруу мерчемделди.