Салам-Алик айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 38 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 6 айындагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматына ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 6 айындагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча аткарылган иштери жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматы эске алынсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 39 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы Кудук участкасындагы жолдун астынан көмүр сактоочу жайга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90-жана 92-беренелерин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы Кудук участкасындагы жолдун астынан көмүр сактоочу жайга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө “ОсОО” Эшмурат Ата ишканасынын жетекчиси Жеңишбек уулу Кыялбектин Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымына жазган арызынын негизинде 2024-жылдын 15-июлундагы жазган арызын карап, талкуулап Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- “ОсОО” Эшмурат Ата көмүр ишканасына Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кудук участкасындагы жолдун астынан жеңил конструкциядагы курулуш курууга жана көмүр сактоочу жай үчүн убактылуу 1,0 (бир) га жер аянтын келишимдин негизинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жогорудагылардын негизинде Кудук участкасынын 1(бир) га жер аянтына көмүр сактоочу жерге уруксат берүү менен бирге төмөнкү шарттарды аткарууну милдеттендирет:
- Долбоордун (проектин) негизинде экологиялык, суу жана жаратылыш коопсуздугун сактоо менен иш жүргүзүлсүн.
- Уруксат берилген жер аянтына тиешелүү кызматтардан корутунду алып, иш алынып барылсын.
- Жер салыктарын өз убагында төлөө, келишимдин негизинде соц.пакеттерди жана башка төлөмдөрдү төлөп туруу милдеттендирилсин.
- Иштерди жүргүзүү убагында тиешелүү техникалык жана экологиялык эрежелери так сакталсын.
- Айыл аймагында өтүлүүчү коомдук иштерге активдүү катышуу жана көмөк көрсөтүү иштерин алып баруу жүктөлсүн.
- Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.М.Калмурзаев
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 40 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтундөгү Салам-Алик таза суу муниципалдык ишканасы өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын берген маалыматына ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтундөгү Салам-Алик таза суу муниципалдык ишканасы өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотууга макулдук берилсин.
2.Салам-Алик таза суу ишканасынын ишмердүүлүгун токтотуудагы иш чаралардын аткарылышын аткаруу жагы Салам-Алик таза суу ишкананын жетекчиси Чыпаев Сыргабайга жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин социалдык тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 41 Салам-Алик айылы
Кызыл-Байрак айылынын тургуну Эгембердиев Алмазбектин жеке менчик турак жай участкасынын максаттык багытын өзгөртүп, мечит куруу үчүн 0,08га жер аянтына макулдук берүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Эгембердиев Алмазбек Маматжановичтин жеке менчик турак- жай участкасынын максаттык багытын өзгөртүп, мечит куруу үчүн 0,08га жер аянтына макулдук берүүгө 2024-жылдын 12-апрелиндеги жазган арызын карап жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Байрак айылынын тургуну Эгембердиев Алмазбекке “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген жеке турак жай багытындагы идент. коду № 5-06-09-1001-0315 сандуу номериндеги турак-жай үйүнүн 800м.кв. жер аянтына мечит куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3.Бул токтомдон келип чыккан иш аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча боюнча башкы адиси Н.Сулаймановко тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 42 Салам-Алик айылы
Бала бакчалар үчүн ата-энелерден ата-энелик салымын 2024-жылдын август айынан тартып тарифтик суммасын бекитүү жөнүндө
Бала бакчалар үчүн ата-энелерден ата-энелик салымын 2024-жылдын август айынан тартып тарифтик суммасын бекитүү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Салам-Алик аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бала бакчалардын тамак ашына каржылануучу акча каражаты токтолгондугуна байланыштуу ата-энелерден алынуучу балдардын салымы 1200 (бир миң эки жүз) сомго ата энелердин макулдугу менен бекитилсин.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик аймагынын айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 43 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Алиман Ажы Эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жаңы ачылгандыгы үчүн керектелүүчү инвентарь алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Алиман Ажы Эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жаңы ачылгандыгы үчүн инвентарь алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Алиман Ажы Эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жаңы ачылгандыгы үчүн инвентарь алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысына тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 44 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 6 айындагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Нуралиевдин маалыматына ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 6 айындагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча аткарылган иштери жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматы эске алынсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 45 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча 2024-жылдын 6 айындагы аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилкитүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси Б.Термечиковдун маалыматына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2024-жылдын 6 айындагы салык жана салыктык эмес жыйымдар боюнча аткарылган иштери жөнүндө Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Б.Термечиковдун маалыматы эске алынсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 46 Салам-Алик айылы
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында объектилерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби боюнча тандалып алынган бизнес өнөктөштөргө ижарага берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчикти пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобосуна” ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобосу аткарууга алынсын.
- Салам-Алик айылдык кеңештин 2024-жыл 24-июлдагы № 48-токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобонун 8-главасына ылайык, “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыров Сүйүнтбек ушул токтомго ылайык, муниципалдык мүлктү тандалып алынган Бизнес-өнөктөштөр Рысбаев Чынарбек Осмоновичке “Карчабек айылында сүт жана кымыз топтоп сатуучу ишкана куруу жана жабдууларын сатып алуу” жана Кожобаев Мирбек Апыевичке “Салам-Алик айылындагы мөмө-жемиш кургатуучу цехти куруу жана жабдууларын сатып алуу” экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.
- Айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыров Сүйүйүнтбек белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө Келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин.
4. Бизнес-өнөктөштөр Рысбаев Чынарбек жана Кожобаев Мирбек
– өткөрүп берүү-кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын;
– ижарага алынган мүлктүн максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
-Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 47 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн №62 Ак-Терек орто жалпы билим берүүчү мектебине Саитов Исраилдин ысымын ыйгаруу жөнүндо.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, №62-Ак-Терек орто жалпы билим берүүчү мектебинин пед кеңешмесинин 2024-жылдын 15-январындагы №3 протоколунун жана Ак-Терек айылынын жалпы элдик чогулушунун 2024-жылдын 2-февралындагы № 1-протоколуна ылайык Ак-Терек айылынын айыл башчысы Кыпчакбаев Төрөбектин маалыматын угуп , Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1Ак-Терек айылындагы №62 Ак-Терек жалпы билим берүүчү мектебине Ак-Терек айылынын атуулу, маркум Саитов Исраилдин ысымы ыйгарылып, “№62 Саитов Исраил атындагы орто жалпы билим берүүчү мектеп” деп атоого макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 48 Салам-Алик айылы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнөн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинен өткөн калдык акча каражаттарын Салам- Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошуп кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-1017-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүүгүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнөн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен өткөн 2177,3 (эки миллион бир жүз жетимиш жети миң үч жүз) сомго атайын каражат эсебинен 672,0 сом киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошулуп бекитилсин.
2.Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300,0 (үч жүз миң) сом өтүү менен жергиликтүү бюджетине өткөрүлүп алынсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 49 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Карчабек айылынын жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде Карчабек айылындагы жаңы курулуп жаткан мектепке Кушубаков Таалайбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Карчабек айылынын жалпы элдик жыйындын 2024-жылдын 6-июлдагы № 1-протоколуна ылайык Карчабек айылынын айыл башчысы Мурзакматов Эсенбектин маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Карчабек айылындагы жаңы курулуп жаткан жалпы билим берүүчү мектебине Карчабек айылынын тургуну Кушубаков Таалайбектин ысымы ыйгарылып, “Кушубаков Таалайбек атындагы орто жалпы билим берүүчү мектеп” деп атоого макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 50 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айылынын тургуну Каримова Каникейдин жеке менчик турак- жай участкасынын максаттык багытын өзгөртүп, элдер эс алуучу жай үчүн 0,08га жер аянтына макулдук берүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айылынын тургуну Каримова Каникейдин жеке менчик турак-жай участкасындагы 0,08га жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, элдер эс алуучу жай үчүн макулдук берүүгө 2024-жылдын 20-июлдагы жазган арызын карап жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылынын тургуну Каримова Каникейдин “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан 2011-жылы 18-март айынын № 2011/4118-сандуу каттоосу менен берилген жеке турак жай багытындагы идент. коду № 5-06-16-1001-0397 номериндеги турак-жай үйүн 800м.кв. жер аянтынын багытын элдер эс алуучу жайга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3.Бул токтомдон келип чыккан иш аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча боюнча башкы адиси Н.Сулаймановко тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 51 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жана атайын каражат эсебине кошумча план кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү үчүн Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө подоход салыгына 1200,0миң сом лицензия кармагандыгы үчүн жыйымдан 600,0миң сом, транспорт салыктан 200,0миң сомго кошумча план кабыл алынсын.
2.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн ЖКХ бөлүкчөсүнүн 3112статьясына 433,0 миң сомго каралып бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 52 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жана атайын каражат эсебине кошумча план кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү үчүн Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11 мартындагы №137 токтомуна ылайык дыйкан фермерлерди айыл чарба жерлеринин пайдалануу үчүн жер салыгынан бошотулгандыгына байланыштуу, мамлекет тарабынан жергиликтүү бюджетти толуктоо максатында юридикалык жер салыгынан 108,8(бир жүз сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин соц. защита бөлүкчөсүнүн 2721 статьясына ылайык бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кенешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 33-сессиясынын
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июлу № 53 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тиешелүү сметасында бала бакчаларга тамак аш сатып алуу 2024-жылдын 1-августуна карата токтогондугуна байланыштуу 3чү жана 4чү кварталда каралган акча каражаттарынын статьяларына өзгөртүү жөнүндө
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тиешелүү сметасында бала бакчаларга тамак аш сатып алуу 2024-жылдын 1-августуна карата токтогондугуна байланыштуу 3чү жана 4чү кварталда каралган акча каражаттарындагы 2218 статьясынан, ЖКХ бөлүкчөсүнүн 2222 статьясынан, жайыт бөлүкчөсүнүн 2215 статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тиешелүү сметасында бала бакчаларга тамак аш сатып алуу 2024-жылдын 1-августуна карата токтогондугуна байланыштуу 3чү жана 4чү кварталда каралган акча каражаттарындагы 2218 статьясынан, ЖКХ бөлүкчөсүнүн 2222 статьясынан, жайыт бөлүкчөсүнүн 2215 статьяларына ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.М.Калмурзаева