Бүгүн, Өзгөн шаардык мэриясында Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун милдеттүүлүгү жана жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жолугушуу өттү. Ага Өзгөн райондук мамлекеттик админисирациясынын башчысы-акимдин орун басары Азамат Дуйшеев, Өзгөн районунун прокуратурасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик кызмат өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда прокуратура өкүлү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө жана так маалымат менен тапшыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 2024-жылы мыйзам бузуулар үчүн 84 мамлекеттик кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылып, 3000-5000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылган.
Ошондой эле, жер мыйзамдары боюнча жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жыйынтыктары талкууланып, мыйзам талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилди. Прокуратура бул багытта иш алып барат. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.