КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-январы № 10 Жылалды айылы
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү үчүн, финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия тарабынан алдын ала каралган маселени карап, ФЭБ башчы У. Бакировдун баяндамасын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 56 407 600 (элүү алты миң төрт жүз жети миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин ( 1-тиркеме тиркелет).
- Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына подоход салыгынан 30%, 5 454 540 (беш милион төрт жүз элүү төрт миң беш жүз кырк) сом чегерилери, транспорт салыгынан 1 648 400 (бир милион алты жүз кырк сегиз миң төрт жүз) сом , юридикалык жер салыгынан 1 908 200 (бир милион тогуз жүз сегиз миң эки жүз) сом, жалпысынан максаттуу гранттын эсебинен 3 556 600 (үч миллион беш жүз элүү алты миң алты жүз) сом айыл өкмөттүн бюджетине чегерилери белгиленсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатары белгиленсин.
- 2025-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы 100 пайыз өлчөмүндө;
б) ыктыярдуу патент негизинде салыктан, милдеттүү патентөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз үлчөмүндө;
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтын, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине – 50 пайыз өлчөмүндө;
г) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
- Мыйзам менен каралган укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорлатуу айыл өкмөтү тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин көбөйтүүсү 2016-жылдын 30-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзам менен бекитилген 2025-2026-жылдарга теүдештирүү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбастыгы белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 564076 (беш жүз алтымыш төрт миң жетимиш алты) сом өлчөмүндө белгиленсин.
- Даталуу күндөргө жана кесиптик майрамдарга акча каражаттары 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Айыл өкмөткө 2025-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, милдетүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) комуналдык кызматтар (электр энергиясынан тышкары, көмү, суу) боюнча жүзөгө ашыруусу сунушталсын.
- Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөтү жоопкерчилик тартылаары белгиленсин.
- Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюуу салынсын.
- Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
Төрт-Көл айылдык кеңешинин
2025-жылдын 20-январындагы |
||||
№ 10 токтомуна
1-тиркеме
|
||||
2025-жылга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин бекитилиши боюнча | ||||
Киреше бөлүгү | ||||
К № | Кирешелердин түрлөрүү | Сумма | Эскертүү | |
1 | Подоход салыгы | 18181,8 | ||
2 | Патенттик негизде салык | 896,0 | ||
3 | 2-топтогу кыймылсыз мүлк салык | 387,1 | ||
4 | Юрд. жактардын транспорт салыгы | 40,0 | ||
5 | Физ. жактардын транспорт салыгы | 1608,4 | ||
6 | Физ. жер салыгы | 480,3 | ||
7 | Юрд. жер салыгы | 1908,2 | ||
8 | Айыл чарба багытында эмес жер салыгы | 2087,0 | ||
9 | Сатыктан алынуучу салык | |||
10 | Лицензия үчүн салык | 40,0 | ||
11 | Калктуу конуштарда жер үчүн ижара акы | 180,0 | ||
12 | Жайыттын ижара акысы | 599,8 | ||
13 | КБФнын ижара акысы | 3109,5 | ||
14 | Таштанды чыгаруу | 100,0 | ||
15 | Мамлекеттик пошлина | |||
16 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр | 7982,7 | ||
Жыйынтыгы | 37600,8 | |||
17 | Теңдештирүүчү грант | 18806,6 | ||
Жыйынтыгы | 56407,4 | |||
Чыгаша бөлүгү | ||||
К № | Бөлүмдөрдүн аталышы | Сумма | Эскертүү | |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 13106,9 | ||
2 | Айылдык кеңеш | 1832,4 | ||
3 | Айыл чарбасы | 5200,0 | ||
4 | Жайыт комитети | 599,8 | ||
5 | Турак жай коому | 17482,6 | ||
6 | Китепкана | 728,7 | ||
7 | Айылдык маданият үйү | 3190,0 | ||
8 | Билимберүү | 4181,1 | ||
9 | Балдар бакчасы | 9585,8 | ||
10 | Социалдык коргоо | 500,0 | ||
Жыйынтыгы | 56407,4 | |||
Төрт-Көл айылдык кеңешинин
2025-жылдын 20-январындагы |
||||||||||||
№ 10 токтомуна
2-тиркеме |
||||||||||||
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга жактырылган | ||||||||||||
болжолдуу сметасынын долбоору боюнча киреше бөлүүгү | ||||||||||||
К № | Кирешелердин түрлөрү | 2026-жыл | 2027-жыл | |||||||||
1 | Подоход салыгы | 20309,0 | 22990,0 | |||||||||
2 | Патенттик негизде салык | 896,0 | 896,0 | |||||||||
3 | 2-топтогу кыймылсыз мүлк салык | 387,1 | 387,1 | |||||||||
4 | Юрд. жактардын транспорт салыгы | 40,0 | 40,0 | |||||||||
5 | Физ. жактардын транспорт салыгы | 1608,4 | 1608,4 | |||||||||
6 | Физ. жер салыгы | 480,3 | 480,3 | |||||||||
7 | Юрд. жер салыгы | 1908,2 | 1908,2 | |||||||||
8 | Айыл чарба багытында эмес жер салыгы | 2087,0 | 2087,0 | |||||||||
9 | Сатыктан алынуучу салык | |||||||||||
10 | Лицензия үчүн салык | 40,0 | 40,0 | |||||||||
11 | Калктуу конуштарда жер үчүн ижара акы | 180,2 | 180,2 | |||||||||
12 | Жайыттын ижара акысы | 599,8 | 599,8 | |||||||||
13 | КБФнын ижара акысы | 3109,5 | 3109,5 | |||||||||
14 | Таштанды чыгаруу | 100,0 | 100,0 | |||||||||
15 | Мамлекеттик пошлина | |||||||||||
16 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр | 7982,7 | 7982,7 | |||||||||
Жыйынтыгы | 39728,2 | 42409,2 | ||||||||||
17 | Теңдештирүүчү грант | 18806,6 | 18806,6 | |||||||||
Жыйынтыгы | 58534,8 | 61215,8 | ||||||||||
Чыгаша бөлүгү | ||||||||||||
К № | Бөлүмдөрдүн аталышы | 2026-жыл | 2027-жыл | |||||||||
1 | Мамлекеттик башкаруу | 13106,9 | 13706,9 | |||||||||
2 | Айылдык кеёеш | 1832,4 | 1832,4 | |||||||||
3 | Айыл чарбасы | 5527,4 | 6108,5 | |||||||||
4 | Жайыт комитети | 599,8 | 599,8 | |||||||||
5 | Турак жай коому | 18482,6 | 19482,6 | |||||||||
6 | Китепкана | 728,7 | 728,7 | |||||||||
7 | Айылдык маданият үйү | 3190,0 | 3190,0 | |||||||||
8 | Билимберүү | 4781,1 | 5281,1 | |||||||||
9 | Балдар бакчасы | 9785,8 | 9785,8 | |||||||||
Социалдык коргоо | 500,0 | 500,0 | ||||||||||
Жыйынтыгы | 58534,8 | 61215,8 | ||||||||||
Төрт-Көл айылдык кеңешинин
2025-жылдын 20-январындагы |
||||||||||||
№ 10 токтомуна
3-тиркеме |
||||||||||||
2025-жылга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин даталуу күндөргө | ||||||||||||
бекитилген чыгаша бөлүгү | ||||||||||||
№ | Аталышы | сом | ||||||||||
1 | Оганчылар | 60000 | ||||||||||
2 | Карыялар күнү | 50000 | ||||||||||
3 | 8-март Аялдардын эл аралык күнү | 100000 | ||||||||||
4 | Нооруз майрамы | 100000 | ||||||||||
5 | 09-май Жеңиш күнү | 20000 | ||||||||||
6 | Энелер майрамы | 130000 | ||||||||||
8 | медиктер күнү | 20000 | ||||||||||
9 | 31-августь Эгемендүүлүк күнү | 50000 | ||||||||||
10 | Баткен согушунун ардагерлерине | 50000 | ||||||||||
11 | Мугалимдер күнүнө | 50000 | ||||||||||
12 | Спорттук оюндарга | 50000 | ||||||||||
13 | Милиция күнү | 20000 | ||||||||||
Баардыгы | 700000 | |||||||||||
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-январы №11 Жылалды айылы
Мамлекеттик менчикте турган “Улуу Жибек Жолу” дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Прогресс айылында базар куруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024_жылдын 25-декабрындагы № 790 токтомуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Прогресс айылында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган “Улуу Жибек Жолу” дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин, анын ичинде:
— аянты 8,86 гектар жер участогу ( идентификациялык коду 5-06-06-1005-0892);
— аянты 5 гектар жер участогу ( идентификациялык коду 5-06-06-1012-0269);
— турак эмес курулуштары жана башка объектери менен аянты 826,68 м2 жер участогу.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 790 токтомун аткаруу боюнча иш-чараларды алып баруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-январы № 12 Жылалды айылы
Прогресс айылынын тургуну Сатыбалдиева Адөөлөткан Нурмаматовнанын менчигиндеги жер тилкесинин пайдалануу багытын, турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Прогресс айылынын тургуну Сатыбалдиева Адөөлөткан Нурмаматовнанын жеке менчигиндеги мончо багытындагы жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-06-1005-838, пайдалануу багытын турак жай багытына пайдаланууга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Прогресс айылынын тургуну Сатыбалдиева Адөөлөткан Нурмаматовнанын менчигиндеги мончо багытындагы 1177 м2 жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-06-1005-838, пайдалануу багытын турак жай багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
- Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-январы № 13 Жылалды айылы
Төрт-Көл айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Төрт-Көл айылдык кеңеши “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төрт-Көл айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Көчкөнбаева Жумагүл Уристамбековна менен Көчкөнбаева Кызжибек Жалиловнанын талапкерлиги жактырылсын.
- Жактырылган талапкерлердин документтери Борбордук Шайлоо зж Комиссиясына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-январы № 14 Жылалды айылы
Бостон айылынын жаңы конушундагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Бостон айылынын жаңы конушундагы тургундардын көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү 2024-жылдын 23-декабрындагы элдик жыйындын протоколун жана ага тиркелген баяндамаларын, Семетеев Акылбектин берген арызын карап, талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бостон айылынын жаңы конушундагы көчөгө Семетеев Исраилдин аты ыйгарылсын.
- Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, ысым ыйгарылган көчөнү каттоого алуу жагы.
- Семетеев Исраилдин урпактарына көчөнү абатоо боюнча иш-чараларга мүмкүнчүлүктөрүнө карап демөөрчүлүк көрсөтүү жагы сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-январы № 15 Жылалды айылы
Логистикалык борбор куруу үчүн жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Логистикалык борбор куруу үчүн, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 8-майындагы № 01-9/748 маалыматын карап, башкы адис Д. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жылалды айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин № 572 контурундагы 5,3 гектар сугат айдоо жер тилкесинен, 0,77 гектар сугат айдоо жер тилкесине Логистикалык борбор куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар боюнча, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-январы № 16 Жылалды айылы
“Жылалды” МИ 2025-жылга бюджетин бектитүү жөнүндө
“Жылалды” МИ башчысы А. Пирматовдун 2025-жылга карата бюджети жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Жылалды” МИ 2025-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 7850000 (жети миллион сегиз жүз элүү миң) сом өлчөмүндө бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
- “Жылалды” МИ башчысы А. Пирматовго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар боюнча, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-январындагы № 16 токтомуна
1-тиркеме
Төрт-Көл айыл аймагынын “Жылалды” муниципалдык ишкансынын 2025-жылга карата бюджети
№ | Киреше булагы | Сумма, сом |
1 | Сугат суу СПА | 1667200 |
2 | Жайыт | 1100000 |
3 | Ичүүчү таза суу | 3337200 |
4 | Таштанды ташып чыгаруу | 1745600 |
Баардыгы: | 7850000 |
№ | Чыгымдардын аталышы | Штаттык бирдик | Иштин айы | Эмгек акы 1 айына, сом | Айына | Жылына,сом |
1 | Жетекчинин эмгек акысы | 1 | 12 | 35000 | 35000 | 420000 |
2 | Иш кагаздарды жүргүзүүчү | 1 | 12 | 28000 | 28000 | 336000 |
3 | Бухгалтердин эмгек акысы | 1 | 12 | 25000 | 25000 | 300000 |
4 | Эмгек акы мураб | 2 | 12 | 12000 | 24000 | 288000 |
5 | Жайыт | 2 | 12 | 9000 | 18000 | 216000 |
6 | Эмгек акы таза суу кароол | 6 | 12 | 12000 | 72000 | 864000 |
7 | Эмгек акы каражат чогултууга | 9 | 12 | 12000 | 108000 | 1296000 |
8 | Эмгек акы тазалык | 5 | 12 | 15000 | 75000 | 900000 |
9 | Эмгек акы баардыгы | 4620000 | ||||
10 | Соц. фонд 17,25 % | 796900 | ||||
11 | ГСМ | 795600 | ||||
12 | Анын ичинен: АИ-92, 300 х 12=3600х65 | 234000 | ||||
13 | Дизел күйүүчү майы 400х12=4800х72 | 345600 | ||||
14 | Канал тазалоо 150х120=3000х72 | 216000 | ||||
15 | Ремонт | 503000 | ||||
16 | Автоунаа чыгымы | 234000 | ||||
17 | Запчасть | 50000 | ||||
18 | Түрдүү чыгымдар | 270100 | ||||
19 | Өзгөн суу чарба башкармалыгына берилүүчү каражат | 580000 | ||||
Баардыгы: | 7850000 |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
202 5-жылдын 20-январы № 17 Жылалды айылы
Төрт-Көл айыл аймагындагы артыкчылыктуу долбоорлор жөнүндө
Макаренко айылында күрүч таңгактоочу ишкана куруу долбоорун карап, башкы адис Д. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп, Төрт-Көл айыл аймагындагы артыкчылыктуу долбоорду талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Макаренко айылында күрүч таңгактоочу ишкана куруу долбоору, Төрт-Көл айыл аймагындагы артыкчылыктуу долбоор деп бекитилсин.
- Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин ЖКХ бөлүгүнүн 3111 беренесинен 2000000 (эки миллион) сом күрүч таңгактоочу ишкана курууга бөлүнүп берилгендиги белгиленсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-январы № 18 Жылалды айылы
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүдө жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссиянын курамы бекитилсин:
1) Ө. Эсенбаев – комиссиянын төрагасы, Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
2) Р. Маматова – комиссиянын катчысы, Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы-орун басары
Мүчөлөрү:
3) А. Жолдошов — Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
4) Б. Убукеев — Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
5) Т. Болотов – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
6) З. Оморбеков – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
7) К. Сыргаев – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
8) Т. Анарбаев – Макаренко айылынын айыл башчысы
9) Б. Акматов – Кыймыл айылынын айыл башчысы
10) М. Абдрахманов – Красный-Маяк, Кальта, Бото-Мойнок, айылдарынын айыл башчысы
11) Д. Сулайманов – Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси
12) А. Джумабаев – Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн юристи
13) РАӨБнын өкүлү
- Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-январы № 19 Жылалды айылы
Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү Жобого ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү жобого ылайык дбщлжерге укукту берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссиянын курамы бекитилсин:
1) Б. Убукеев — Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
2) Мамажан уулу Жаныбек – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
3) К. Абдраимов – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
4) Сапарбай уулу Нурсултан – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
5) Ж. Абдымаликов – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
6) Т. Анарбаев – Макаренко айылынын айыл башчысы
7) Б. Акматов – Кыймыл айылынын айыл башчысы
8) С. Боржуева — Прогресс айылынын айыл башчысы
9) М. Абдрахманов – Красный-Маяк, Кальта, Бото-Мойнок, айылдарынын айыл башчысы
10) Д. Сулайманов – Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси
11) А. Джумабаев – Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн юристи
12) “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Өзгөн филиалынын өкүлү
13) Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын өкүлү
- Комиссиянын курамына типтүү жобого ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев